Ош шаарын аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын корук аймактарында жайгашкан курулуштар, жер тилкелерин тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Тийиштүү мамлекеттик органдардан түзүлгөн комиссия дарыянын жээгиндеги жер тилкелерин аныктап, анализдеп сунуш беришет. Буга чейин Ош шаарында болуп өткөн сел кырсыгынан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ак-Буура суусунун боюна салынган мыйзамсыз курулуштар, көпүрөлөр, эс алуучу жайлар тазалана турганын айткан. Ал мыйзамсыз курулушка уруксат берген кызматкерлер жоопко тартыларын эскерткен.