"Эркин-Тоо"

АК ЭМГЕКТЕН БААР ТАПКАН ИНСАН

Ак халатчан дарыгерлер ар бирибиз үчүн – ден соолук сакчысы жана мээрмандыктын үлгүсү. Дарыгерлер ар дайым жакшылыкка жол ачып, оору-сыркоодон сакаюуга шарт түзүп, өмүрдү ажалдан арачалап келишет. Ден соолук – бул чоң бакыт. Ошол бакытты көп жылдарга сактап калууга мээрман дарыгерлер көмөктөшүп, өмүрлөр уланууда. Адам баласынын жашоо турмушунда ден соолуктан өткөн байлык жок. Учурда ден соолук улуттардын, мамлекеттин келечегинин жана коопсуздугунун олуттуу маселесине айланууда. Ардактуу кесиптин ээлери болгон ак халатчандарга чоң жоопкерчилик артылып, бүтүндөй улуттун саламаттыгын сактоо милдети жүктөлгөн. Бул багытта медицина илимдеринин доктору, профессор республикабызга эле эмес, эл аралык деңгээлдеги белгилүү бет-жаак хирургу, РФнын табигый илимдер академиясынын академиги, РФнын инженердик академиясынын, КРнын УИАнын мүчөкорреспонденти Абдыракман Ешиев чоң жоопкерчиликтүү иштерди аткарып келе жатат. КР Саламаттыкты сактоонун отличниги, кыргыз медицинасынын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Абдыракман Молдалиевич бүткүл дүйнөлүк стоматологиялык федерациянын (FDI) академиги. Кыргызстандын стоматологдор ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү. Ош облустар аралык бириккен клиникалык оорукананын бет-жаак хирургия бөлүмүнүн башчысы, КРнын Улуттук илимдер академиясынын Тоо физиологиясы жана медицина институтунун Клиникалык лабораториясынын башчысы. Ош мамлекеттик университетинин Хирургиялык стоматология кафедрасынын профессору, Ош облусунун бет-жаак боюнча башкы хирургу, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин диссертациялык кеңешинин мүчөсү.

Абдыракман агабыз үзүрлүү эмгек жолун 1985-жылы Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан бетжаак хирургия бөлүмүндө врачординатор кесибин аркалап баштаган. Жаш дарыгер жогорку билимин өнүктүрүп, алдыга койгон арымдуу максаттарын жана иштиктүү пландарын кубаттуу энергия жана күчтүү энтузиазм менен жүзөгө ашыра баштайт. Мезгил агымы менен Абдыракман Ешиев бет-жаак хирургиясы боюнча өзүнүн илимий мектебин түзүп, ал бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу болуп эсептелген жана КРнын Улуттук илимдер академиясынын Тоо физиологиясы жана медицина институтунун Окумуштуулар кеңешинде бекитилген 17 илимий иштин жетекчиси (төрт изденүүчү медицина илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болушкан, үчөө алдын ала коргоодон өтүп, коргоо алдында турат), 373 илимий макаланын (Scopus-2, РИНЦ-82, Хирша-8), 4 монографиянын, 6 окууметодикалык колдонмонун, 8 методикалык көрсөтмөнүн, 24 ойлоп табуунун, 30дан ашуун рационалдык сунуштардын патенттүү автору, 35 илимий макаласы чет өлкөлүк журналдарга англис тилинде чыккан (анын 23үнө шилтеме жасалган). Ошондой эле 43 илимий макаласы россиялык журналдарда жарыяланган.

Жан дүйнөсүндө көрөгөчтүк, жөнөкөйлүк, айкөлдүк деги эле идеалдуу инсанга мүнөздүү мыкты сапаттардын бардыгы бар Абдыракман Молдалиевич Ош шаарындагы Ош облустар аралык бириккен клиникалык оорукананын базасында Эл аралык деңгээлдеги Ортодонтия борборун ачкан жана анда азыр жаактарды калыбына келтирүү боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги иштер жасалууда. Ал өзүнүн 37 жылдык клиникалык жана кафедралык ишмердүүлүгүндө бет-жаак хирургиясы боюнча 30 миңден ашык түрдүү татаалдыктагы операцияларды жасоо менен миңдеген адистерге кесиптик билим жана тарбия берип келет.

Атак-даңкка умтулбаган жөнөкөй мүнөзү, материалдык байлыкка каниет-топук кылган тоодой бийик, көлдөй терең адам, бөлөктөрдүн улуулугун көрө билген профессор Абдыракман Ешиевдин демилгеси менен 2003, 2005, 2007-жылдарда Кыргызстандын түштүгүндө кайрымдуулук операциялары уюштурулган. Анда түштүк кореялык профессор Пектин катышуусунда баш-сөөк илдети менен ар түрдүү дарттар менен жабыркаган 650 бейтапка операция жасалган, 180 бейтапка консультация берилген.

Адамдын өмүрү сууга окшош, суу булактан башталат. Башы таптаза, аны бойлоп өзөнгө жетсе кир боло баштайт. Асылзада адам өмүр жолунда кирдетпей, аны андан ары акактай-романтикалуу таза түрүндө жашап өтүп, дагы булактай кайталангыс рухий байлыктын канатына канат кошуп, аны өөрчүтө билгендер болот. Бул кайталангыс сапаттар Абдыракман мырзанын канына сиңип, ал 2008-2010-жылдарда Түштүк Кореянын илим изилдөө Ассоциациясынын жана Сеул шаарындагы Улуттук университеттин стоматологиялык Госпиталынын профессору Бенг Му Со менен биргеликте бет-жаак (таңдай, эрин) бөлүгүндөгү тубаса жырыктар менен жабыркаган 130 бейтапка кайрымдуулук операциясын жасашкан.

Эл оозуна илинип, сый-урматка татып келаткан Абдыракман Ешиев 2005-2009-жылдарда даниялык “Save The Childreen” (Спасите детей – Баланы коргойлу) кайрымдуулук фонду менен активдүү кызматташып, анын натыйжасында үстүңкү эрини жана таңдайы тешик болгон жүздөгөн балдарга кайрымдуулук жардамын көрсөтүшкөн.

Карапайым калкына үмүт байлатып, жарыгын чачкан Абдыракман мырза 2015-жылы бет-жаак бөлүгү боюнча тубаса дартка чалдыккан бейтаптарга түркиялык пластикалык хирургдар менен биргеликте кайрымдуулук операцияларын жасашкан.

Ал эми 2012-жылы AWD Германия фонду менен кызматташып, жалпы суммасы 130 миң еврого барабар болгон каражатка Ош областтар аралык бириккен ооруканасына керектүү хирургиялык шаймандар жана башка жабдуулар алып келинген.

Дагы да белгилей берсек 2014-жылы швейцариялык “Zuversichtfur Kinder» (Балдар үчүн ишеним) фонду менен кызматташуусунун натыйжасында Ош облустар аралык бириккен ооруканасынан 3 бөлмө 983 980 сомго заманбап деңгээлде ремонттон өткөрүлүп, 33 532 швейцариялык франкка стоматологиялык жабдуулар, 180 000 еврого ортодонтияга керектелүүчү каражаттар алынган. Ал эми 2016-жылы болсо 3 500 000 сомдук ортопантотомографиялык рентген аппаратурасы алынган.

Жалпысынан А.Ешиевдин түздөн-түз аракетинин негизинде Ош облустар аралык бириккен ооруканага 55 млн 500 миң сомдук инвестиция тартылган.

Мындан тышкары, Абдыракман Ешиевдин тынымсыз аракетинин натыйжасында Бар-Илан университетинин (Израиль) профессору Зеев Залевский менен кызматташуусунун негизинде КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн Медициналык көйгөйлөр институтунун директору Р.М.Тойчиев менен келишим түзүлүп, жыйынтыгында бул институтка 54 000 доллар каражатка Эксперименталдык лаборатория түзүлгөн.

Кыргыз медицинасына чоң салымын кошуп келаткан Абдыракман Молдалиевичтин күн тынымын билбеген, түн уйкусун алган зор эмгегинин акыбети кайтып, саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Баткен согушунда бир нече жарандардын жана аскерлердин баш сөөгүнө, кекиртегине кадалган окту чеберчилик менен алгандыгы (1999, 2021) үчүн КРнын Коргоо министринин Ардак грамотасынын ээси болгон.

Канчалык түйшүк тартып эмгектенсең анын акыбети кайтпай койбойт эмеспи. Ешиев Абдыракман Молдалиевич медицина илиминин бүгүнкү күндөгү өнүгүшүнө жана практикалык медицинага кошкон салымдары боюнча КРнын УИАнын мүчөкорреспонденттерин тандоонун критерийлерине толук жооп берип, колдоо тапканы чоң сыймыктуу иш болду. Учурдан пайдаланып, Абдыракман ага менен маек уюштуруп, өзү жетекчилик кылган медицина тармагындагы жетишкендиктер тууралуу пикир алыштык.

— Абдыракман Молдалиевич, бет-жаак хирургиясы деген эмнени түшүндүрөт?

— Бет-жаак хирургиясы бул – медицинанын бир түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Ал адамдын бет-жаак аймагынан жабыркаган бейтаптарга хирургиялык квалификациялык жана адистештирилген стационардык жардам көрсөтүүгө багытталган. Бетжаак хирургдун негизги милдети – бет-жаак бөлүгүндө ириңдүү ооруларга, тубаса жырыктар менен төрөлгөн балдарга, бет-жаак түзүлүшүндө жаракат алган жарандарга, бет-жаак аймагында пайда болгон залалдуу шишиктерге жана башка ар түрдүү оорулар менен кайрылган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү.

— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бет-жаак оорулар менен жабыркагандар канчалык деңгээлде деп айта аласыз? Ал оорулуулардын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү канчалык?

— Кыргызстанда бет-жаак ооруларына кабылгандар көп, бирок эл арасында бул дарт анчейин этибарга алына бербейт. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында бир жылда 1200-1300дөн ашуун адамга бет-жаак оорусуна байланыштуу операция жасалат. Улуттук госпиталда бет-жаак хирургиясында 1000ге жакын, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жана Жалал-Абаддын облустук бириккен ооруканасынын бетжаак бөлүмүндө медициналык жардамдарды тынымсыз алышат. Эгерде бейтаптар өз убагында кайрылса оорулуулардын толук айыгып кетүүсүнө болот.

— Биздин элибиз абдан сабырдуу, чыдамкай эл болот эмеспи. Сиздин тажрыйбаңызда кабыл алган пациенттериңиздин арасында сизди абдан таң калтырган же жүрөгүңүздү абдан ооруткан окуялар болгонбу?

— Бул сурооңуз дагы туура. Кээ бир бейтаптар тиши ооруса дарыгерлерге кайрылбастан бүбү-бакшыларга, табыптарга барышат. Өз алдынча ар кандай элдик дарылануу менен алектенип жүрүшүп, оорусу өтүшүп кеткенде дарыгерлерге кайрылышат. Мындай бейтаптарды айыктыруу өтө кыйын, кээде дарттан сактап калуу кеч болуп калат. Менин 39 жылдык тажрыйбамда абдан таң калтырган учурлар көп кездешкен. 36 жашка чейин тубаса жырык менен (нышан) жашап келген бейтапты операция кылып, калыбына келтирдик. Ошондой эле дагы бир бейтапты жаш кезинде тубаса жырыгын калыбына келтирүү үчүн хирургдар операция жасашкан. Жашында жасалган операциясы жакпай калып, 53 жашында неберелерим мазактап жатат деп кайрадан операция жасатып, оңдотуп кеткен. Ушундай учурлар көп эле кездешет.

— Ден соолуктун ушул жаатында мамлекет жетекчилери гана чечип бере ала турган кандай көйгөйлөрүңүздөр бар?

— Мамлекет тарабынан дарыдармек менен толук камсыздандырылып жатат. Азыркы мезгилде жогорку технологиялардын саны, күчү өсүп жатканына байланыштуу мамлекеттик ооруканаларга жогорку технологиялык аппараттар кечикпей өз маалында камсыздап берилсе жакшы болмок. Биз социалдык долбоорлордун жардамы менен, кайрымдуулук фонддор менен тыгыз иштеп, ооруканабыздын базасында ортодонтиялык борбор түздүк. Өнөктөштөр менен тубаса жырык төрөлгөн балдарга тиштерин калыбына келтирүү (брекет системасын колдонуу менен) боюнча долбоор иштеп жатат. Ошондой эле өнөктөштөрдүн жардамы менен дарыгерлерибизди Германия жана Швейцария мамлекеттеринен окутуп келүүгө мүмкүнчүлүк болууда.

— Баштагы, жүлүндөгү шишиктер эмнеден пайда болот?

— Адамдын бет-жаак бөлүгүндө негизинен зыянсыз шишиктер көбүрөөк кездешет. Алардын пайда болуу себептери ар кандай. Зыяндуу шишиктер жара болгондо өз убагында дарыланбагандыктан, дарыгерлерге кайрылбагандыктан алар өтүшүп кетет. Зыянсыз шишиктерди операциялык жол менен алып таштагандан кийин ал толугу менен айыгат. Ал эми зыяндуу шишиктер операциядан кийин дагы дарыланууга муктаж. Тактап айтканда, химия терапия, нур менен кактоого туура келет.

— Ар бир кыргызстандык бет-жаак ооруларынын алдын алып, сактануу үчүн эмне кылуу керек?

— Бет-жаак оорулардын кабылдап кетүүсү бул негизинен бузулган тиштен пайда болот. Анын алдын алуу үчүн өз убагында тиш доктурга кайрылып, тиштерин дарылатып туруу зарыл. Андан кийин өздүк гигиенаны сактоо керек. Эгер ооз көңдөйүндө же болбосо бет-жаак бөлүгүндө жара пайда болсо өз алдынча дарыланбастан тез арада дарыгерге кайрылуу керек. Биз операция жасап жаткан учурда операциянын ийгиликтүү бүтүшүнө, бет-жаак хирург болгондуктан эстетикалык калыбына келүүсүнө (тырыктын азыраак байкалышына) көңүл бурабыз.

Ооба, медицина тармагына өмүрүн арнап, сөз менен жеткире алгыс кадыр-барк топтоп, атак-даңкка ээ болгон Абдыракмак Ешиев улутубуздун сыймыгы. Бул атак-даңк түн уйкуну миң бөлгөн арбын эмгектин акыбети. Мындай ары оор, ары ардактуу иш эл ишеничи менен айкалышканда гана акыйкат жүзүн ачат. Баскан изи менен тарыхта из калтырып, бийик, таза иштери менен замандаштарына үлгү болуп, коомубуздун күзгүсү болгон инсаныбыз Ата Журтубуздун куту. “Ашуудан кийин ашуу бар”- демекчи, Абдыракман агабыздын дагы далай дабандарды ашып, медицинада зор ийгиликтерди жаратып, баа жеткис эмгектери тарых беттеринен татыктуу орун алаарына ишенебиз. Абдыракман Молдалиевичке бекем ден соолук, бактылуу өмүр, зор ийгиликтерди каалайбыз!

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА
№14 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 24-февралы

Пример HTML-страницы