"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

«АК Илбирс» кино сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 30-декабрында Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Улуттук «АК Илбирс» кино сыйлыгынын салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи өтөт.

Кыргыз кино чөйрөсүндөгү негизги профессионалдык сыйлыктардын бири болгон «АК Илбирс» кино сыйлыгы жыл сайын алдыңкы режиссёрлордун, актёрлордун, сценаристтердин, операторлордун жана техникалык кесиптердин өкүлдөрүнүн башын бириктирет.

Иш-чарада жеңүүчүлөр көркөм, даректүү жана кыска метраждуу тасмаларды камтыган 15 номинация боюнча аныкталат.