«Ак илбирстин статусун Кыргызстандын улуттук символу деп таануу жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ «Коомдук талкуулар» бирдиктүү порталында 20-сентябрга чейин каралып, жарандар өз пикирлерин билдире алышат.
Долбоор Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан иштелип чыкты. Анын максаты – ак илбирсти коргоо иштерин бекемдөө, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарлардын түрлөрүн сактоо.
Документте белгиленгендей, ак илбирсти туристтик жана маданий бренд катары колдонуп, өлкөнүн жаратылыш мурастарына көңүл буруп, дүйнөлүк платформада жаратылышты жана экосистемдерди коргоо жаатында өлкөнүн аброюн жогорулатуу көздөлүүдө.