"Эркин-Тоо"

«Ак шумкарлар» ФИФАнын рейтингинде

ФИФАнын кезектеги рейтингинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 1194 упай менен 107- орунду ээледи.

Рейтингдин башында Аргентина, Франция жана Испания турат. Ал эми коңшу Өзбекстандын курама командасы 58-орунда, Тажикстан 104-орунда турса, Казакстан 110-орунду ээледи.

Эске салсак, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы  өзүнүн ушул жылдагы акыркы оюнун Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундунун алтынчы турунда 19-ноябрда Иран курамасы менен беттешип, 2:3 эсебинде жеңилип, өткөргөн.

«Ак шумкарлар»  тарыхта алгачы жолу дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундунда ойноодо. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!