Бүгүнкү күнү кай бирөөлөр “Арашан” деген сөздүн маанисин билбей калышты. Тээ отузунчу-элүүнчү жылдарда эмсек энелер эмчектен чыккан наристелерге аш белендеп:
— Айланайын, жарыгым, Улукман акенин дарысы болсун, арашан болсун, аш болсун, — деп жалыныпжалбарып ичирип жатканын билебиз. Биз дагы энелердин колунан: “Аш болсун, арашан болсунду” эшитип, тоюнган күндөр али эсте.
Эми “Арашан” деген сөзгө келели. Байыртан бери элибиз жер алдынан атылып чыккан кайнак сууларды “Кайнар булак” аташкан. Ага киринип, ар кыл кеселинен айыгышкан. Демек, тула бойго жагыштуу, адамды мемиретип, көшүтүп, дене бойду балкытып, оюңду чалкытаар касиети бөтөнчө. Ошол себептүү эл “Арашан” аташкан экен. Кайнар булакка түшкөндө көп кайдагы капачылыктан арылып, сергилең тартып, дүнүйө капар боло түшкөндү арашан болду, жагыштуу болду деп сүйүнүшкөн.
Тагдыр, түпкүрдөн оргуп чыгаар булактарды жер жүзүнүн мерчемдүү гана жерлерине ыйгарса керек деген ойго ынанасың. Дүйнөгө атагы чыккан “Пятигорск”, “Кисловодск” арашандуу аймактарын кимдер гана билбейт.
Сексенинчи жылдардын баш ченинде “Пятигорскиге” барып, дарыланып калдым. Ошондо жашап калган кыл табып:
— Сиз, Жалал-Абадды жактырбай, атагына карап, алыска билбестиктен келипсиз. Жалал-Абад дарылык суусунда биздикине караганда микроэлементтери арбын. Сиздей полиартритке кабылгандарга Жалал-Абад жагыштуу. Айрымдардын эскерүүсүндө Жети-Өгүз, Ак-Суу арашандарын макташат. Геологдор изилдеп таап, алардын дарылык касиети элге толук жетпегендиктен көмүскөдө калып жатат. Кыргызстанда кен байлыктар арбын, ошого жараша арашандуу булактары бир далай болушу кажет, — деген эле.
Кандим доктордун берген кеңешине кубана, ага башымды ийип, алкыш айткам. Ананчы, билбегенди билгизди, “өз жериңдин асылдыгын аңдабаган алаңказар белемсиң” дегендей уятка жыгып, намысыма келтирди. Ошондон баштап, “ЫсыкАта, “Жети-Өгүз”, “Ак-Суу” арашандарында болуп, муун-жүүндү ар кыл кеселден арачалап келем. Эми, муун кеселине кабылгандан анча-мынча кабар этейин.
Фашисттер улуу өлкөгө өрт коюп, басып киргенде он жашар бала элем. Мүлдө эр-жигиттер майданга аттанышты. Комсомолдор аскер комиссариатынын каалгасын жыртып, өлкөнү, элди коргошко жоо беттеп жөнөштү. Чакан айылда жаш балдар, кары-картаңдар, келин-кесек чарбанын түйшүгүн моюндашты. Биз моло ташка миндик, соконун атына ээлик боло жер айдадык. Өтүк кайда, чокой да жок. Жылаң аяк суу кечтик, эчки сугардык. Кесел ошол маалда кездешип, кийин улгайганда “учурашып” олтурат.
Кыйла жылдан соң дарыланышка мажбур эттик. Согуш жылдары өз атам Мамбеталы күпчөктөй шишип кетти. Чоң энем, атка мингизип алып, Ак-Суунун арашанына алып барып, кириндирип келгенде, сакайып кеткен. Ак-Суу арашанына Каркыралык казактар үй-бүлөсү менен аттап-тондоп келишип, сайрандап, сапар алганын көргөнбүз… Кийин курорт атка конду. Баспай калган балдар Советтер Союзунун туш тарабынан агыла келип дарыланышты. Ал кезде төрт кабат дарыкана курулган.
Улуу өлкө ураганда кароосуз калып, өкмөт өп-чап каралашты. Ал эми төмөнкү тарабын “Заря” аттуу колхоз дарылануучу жайга айландырышкан. Колхоз тараганда ал дагы анча-мынча менчиктелди. Бирок, чарба азык-түлүк жактан аянбайт. Не дегенде чарбанын эли да арзандатылган баада дарыланышат. Бул дарылануучу жай элүү-алтымыш адамды кабыл алышка жарамдуу. Мындай элге кайрымдуу, калктын ден соолугун камсыз этээр арашан Кыргызстанда жокко эсе. Ар жактан келгендер алкышын алты кабаттап айта эсен-соо элине кайтышат.
Окуучум, эми Ак-Суу капчыгайы абалдан арбактуу, касиеттүү аймак экенин ата-бабаларыбыздан эшиткенбиз. Манасчы атам Мамбеталы:
— Уулум, бул аймакка барып, арашанына бууланам десең, оболу көзү өткөн зоболду ата-бабабыздын арбактарына дуба окумайын койбо. Бул жердин ээси бар деп эскерткенин эшиткем — дечү. Ээ, несин айтасың, комсомол, партия, жогорку билимдүү атеист атыктык. Кат-сабаты жоюлбаган адам кайдагы жокту жоромолдойт деген ойдо жүргөнүм анык. Өткөн 2022-жылдын 7-августунда АкСуу дарылоочу жайына барып, он күндөп, арашанга түштүм. Барсам, мени менен “Мектеп” басмасында бирге иштешкен, кийин Жогорку Советте эмгек эткен Дылдаев Жумабек аттуу иним эс алып жатыптыр. Сөздөн сөз чыгып, иним мындай деди:
— Ушул аймактын кулуну, полковник чини бар жигит: «Жогорку булактын ээси бар деген каңшаарды эшиттим. Кол чырагы бар имиш» деп калды. Анда мен, ошол булакты башкарган жигитти көрсөтүп, сен айтып берчи, — десем. Ал:
— Күүгүмдө мен деле чырак менен барып калам. Бирок, мен жокто көргөндөр, чырагын ары-бери жылтылдатып жүргөнүн байкашыптыр – деди.
Мен дагы таң калдым. Нечен ирет күндүз жогорку булакка тепкичтер менен чыгып, кайра түшүп жүрчүмүн. Келгенимдин эртесинде караңгыда чырак менен бирөө кишилерди түшүрүп жаткандай болгон. Таңазар албай, кирип кеткем. Жумабектен угуп, ишенбеске арга калбады. Ал дагы Акаевдин аялы өзү жардам берип салдырган, Кыдыр акенин небереси Дүйшөндүн эки кабат үйүнүн ичинде арашаны бар, тамына бир түнөп алып келбеген имиш. Ошол эки кабатка эч ким каттабайт дешти. Эми булар жөнүндө кепти бууп, арашан жөнүндө баян этейин.
Мен бул арашанга алда нече каттагам. Бир гана Кыдыр акенин алтын арашанына бара албадым. Сапар алып, Теплоключенко кыштагынан өйдөлөп, токой чарбасына чукулдай бергенде арча, карагайдын жана дүйүм гүлдөрдүн жытына чыланган аба мурдуңду өрдөп, көңүлүңдү сергитет. Табияттын өзүң менен учурашканы: “Буюрса, ээнэркин эс алып, анча-мынча кеселди күбүп, көңүлдүү кайтат экенбиз” – деген ойго бекийсиң. Чынында ошондой, өзөн бойлой өскөн тытышкан бадалдардын жытын коё кал. Сан гүлдөр леп эткен желге жүгүнүп, жашыл шибер жайкалып көз кумарын кандырат. Абаны искей бересиң, көңүлүң кушубак. Аңгыча тескей бети асман тиреген карагайларга жыш. Эч бир жерден кыйылган карагайдын дүмүрүн көрө албайсың. Себеби күрпүлдөп, окторула агып жаткан дайрадан карагай эмес, кара жанды алып чыгыш азап.
Ал эми күңгөй тарабы атайлап эле бири-бирине илинтип жасап койгондой зоокалар. Жапалак арчалар, майда жана кыска табылгы, шилби. Капталдары, дөңсөөлөрү жашыл килем жамынып, өзгөчө көркөм эки-үч жерден булак агат. Эңиши – жапайы өрүк, алма. Капталдуу бетте кашкулак бар дешет. Бирок, аңчылар оңойлук менен капкан сала алышпайт.
Эс алуучу жайдын тескейинде заңгыраган эки кабаттуу үй. Кооздоп салынган көпүрө. Андан жогору да эки кабаттуу жайлар жана дарыланар жайлар. Жасалгаланып, баарын жаңылап коюшкан. Аянт мизилдеп таза. Дааратканасын хлорлоп, санитардык жактан жыт-жыбырсыз.
Калың карагайлар өзгөчө кыналышып, жымжырт. Ичине кирип олтурасың, жыргайсың. Баса, карагайдан чыккан жыт радиусу 200 метр жердеги микробдорду өлтүрөрүн медициналык газетадан окуганыбыз бар.
Эми суунун дарылыгы жөнүндө учкайлата баян этейин.
Арашан родондуу келип, кан басымы жайында болгондор 32-36 градус ысык сууга 15 мүнөт жатып чыгышат. Мен өзүмө суунун термометрин ала жүрөм, куюлма кум саатым бар. Ваннага түшүүнүн эрежесин сактайм. Ваннадан соң 30-40 мүнөт эс аласың. Андан соң жылуулана жатасың. Дене бой көшүп, булчуңдарың, сөөктөрүң ийкемге келгенин сезесиң. Көрсө, жүрөк кан тамырлардын иштешин жакшыртып, зат алмашууну жайына келтирет экен. Подагра болдум дегендердин оңолуп кетишти. Арыктайм дегендер күнүнө эки курдай ванна алгандарын көрдүк. Бирок, врач күнүнө бир гана ваннаны чектейт.
Баса, кант диабетине, тукумсуздукка да дабасы бар экен. Айрыкча кыймыл-аракет келтирген булчуңдарды, сөөк-саакты былпылдаткандай сезим жаратат тура. Сыныктан бүткөн жерлерди, булчуңдардын жанчылып жана создугуп калганын жайына келтирет.
Нерв жаатындагы травма, борбордук нервдеги кокустуктар, неврит, радикулит, неврология, кан куюлуу, жыныстык органдын сезгениши, теринин кычыштырма өңдүүлөрүн куландан соо этери бышык дешти кандим дарыгерлер.
Бул арашанда дарыгер болуп, кыйла жылдан бери орун-очок алып, элге ишеними арткан Гикачева Лидия Васильевна эмгектенет. Токтоо мүнөзү, жайдары жүзү, жумшак дабышы менен эс алуучунун кай себептен келгенин жайма-жай баарлаша сурамжылайт. Кан басымы бийик болсо, аны ынандырып, ваннага уруксат этпейт. Айтор, дарыланып, эс алып жатканды такай көзөмөлгө алып, кам көрөт.
Экинчиден, тамак-ашты даамдуу жана түрлөнтүп жасашын ашпозчулардан талап этет. Ашпозчулардын башчысы Букалова Аксана, ашпозчулар Дудина Ирина Викторовна, нары адамгерчиликтүү, нары даамдуу аш белендегенге маш.
Эс алуучуларды ирети менен тейлеген Никитина Елена Яковлевна, Петриченко Татьяна санитардык абалды мыкты күтүшөт. Арашандын аймагын алмак-салмак күн-түн көзөмөлгө алышкан Щербаков Евгений менен Букалов Валерий экөөнүн эмгегин эске алганыбыз оң.
Айрыкча эс алуучуларга чарба тарабынан эт жана башка азыктүлүктөрүн тынымсыз бердирип турган шыңга бойлуу, токтоо, салабаттуу, кыргыздын салтсанаасын жакшы билген Черныш Иван Васильевичти баса айткым келди. Чарбанын алдыңкыларына, кароого муктаж чарбанын карт мүчөлөрүнө бекер эс алууга жолдомо берет. Ошентип, “Заря” кооперативине караштуу Ак-Суу арашаны арзан баада калктын саламаттыгын чыңап жатышы мактоого татырлык иш. Мындай чарба жетекчилигине жана дарыгерлерине: “Өмүрүңөр узак болсун. Жакшылыгыңар жүрөктүн башында” демекпиз. Бар болуңуздар.
Калкамбай АШЫМБАЕВ,
Кыргыз эл жазуучусу
№34 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 25-апрели