Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруунун алкагында Ысык-Көл облусунун энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана токтотуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 29-январында пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасына караштуу Ак-Суу райондук электр тармактарынын эсептөө инженери К.М.А. кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө К.М.А. электр эсептегичинде пломба жок болгондугу үчүн айып пулдун өлчөмүн азайтып берүү максатында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туризм кызматын көрсөткөн ишкерлерден накталай акча түрүндө пара талап кылганы аныкталган.
Чогултулган далилдердин негизинде шектүү К.М.А. Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды.
Учурда тергөө иштери улантылууда.

