Курулуш министрлиги кабарлагандай, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Тегизчил айылында наркы 182 миллион сомду түзгөн жаңы мектеп курулууда.
Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Эки кабаттуу болуп курулуп жаткан мектеп 225 окуучуга ылайыкталган.
Жалпы аянты 1868 чарчы метрди түзгөн билим берүү имаратынын курулушу үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган. Азыркы тапта мектептин дубалы тургузулууда.