"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Ак-Сууда машина-трактор станциясы түзүлдү

Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, Ак-Суу районунда машина-трактордук станция түзүлдү.

Аталган станция Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда картошка өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатуу жана анын өздүк наркын төмөндөтүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу максатында ишке ашырылды.

МТСти уюштуруу үчүн Президенттин фондунан 108 млн сом бөлүнүп берилген. Учурда 32 техника алып келинди. Анын ичинен 10у картошка казуучу комбайн. Ал эми 60тан ашык техника заводдорго буйрутма берилип жасалып жатат.

Белгилей кетсек, МТСтин материалдык техникалык базасын түзүү үчүн Ак-Суу айылынан 0,54 га жер аянтын ээлеген мурунку Сельэнерго ишканасынын административдик корпусу жана курулуштары өткөрүлүп берилген.