"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Ак-Тал айылында жаңы мектеп жана бала бакча курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында 2 социалдык объекттин курулушу жрп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, учурда 90 орундуу бала бакчанын курулууда. Долбоорду ишке ашыруу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет. Бала бакчаны 2025-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Мындан тышкары, А.Турдакунов атындагы 150 орундуу мектептин курулушу аяктады. Курулуш иштери 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Жаңы мектеп эки кабаттуу окуу корпусу, өтмө галерея жана спорт залдан турат.