Ак-Талаада күн карама эгүү боюнча эксперимент жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ак-Талаа районунда май алынуучу күн караманын аянтын кеңейтүү максатында быйыл 1 гектар жерге Россиянын Алтай крайынан алынып келинген, кыска убакытта быша турган сорт себилди.
Алгачкы байкоолорго караганда, күн карама жергиликтүү климатка ыңгайлашып, жакшы өнүгүп жатат. Өсүмдүктөн май алуу үчүн атайын жабдуу да даярдалган.
«Эгер түшүмдүүлүк жана майдын сапаты жакшы көрсөткүч берсе, кийинки жылдан тарта күн карама эгүү аянттарын жергиликтүү дыйкан-фермерлер жана айыл чарба кооперативдери менен кеңейтүү каралат», — деп белгилейт министрлик.

