"Эркин-Тоо"

“Ак-Тилек” бекетинде 500гө жакын унаа кезекте турат

22-декабрь саат 17:00гө карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 468 жүк ташуучу унаа кезекте турат. Бул тууралуу КР Чек ара кызматы кабарлады.

“Жүк ташуучу унаалардын топтолуусу Казакстандын Жамбыл облусунда аба ырайы убактылуу жакшыргандыгына байланыштуу Кыргызстандан Казакстанга жана башка өлкөлөргө жүк ташуунун агымы кескин көбөйгөндүгү менен байланыштуу”, — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат.

Пример HTML-страницы