Илим тармагында өз орду бар академик Алтай Бөрүбаев менен өлкөбүздүн билим берүү системасындагы оошкыйыштар, Парламентке айтылган сындар тууралуу аксакалдык калыс кебин сурадык. Кызматтык карьерасында илимдеги бардык тепкичтерди ырааты менен басып, бул жагынан опол тоодой тажрыйбага ээ болгон академиктин төмөндөгү маеги көпчүлүктү кайдыгер калтырбайт.
— Алтай Асылканович, билим берүүнүн флагманы аталган Ж. Баласагын атындагы КУУда жетекчилик көпкө турбай, туруктуу иш жүрбөй жатат. Жакында кайрадан жетекчилик алмашты. Мунун өзү куттуу окуу жайдагы илим менен билимге, дегеле жалпы ишке болгон кедергисин тийгизбейби?
— Жетекчиликтин алмашып жатышынын ар кандай себептери бар. Эң негизгиси жетекчи алмашып кетсе эле окуу жайга чоң стратегиялык кедерги болбойт. Албетте, жаңы жетекчи келип, ишке киришкенче бир аз убакыт өтөт. Мындай шартта убакыттан гана бир аз артка калуу болот. Ал эми илим менен билимдин өнүгүү стратегиясын Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыгып, университеттер өздөрүнүн окумуштуулар кеңешинде бекитет. Ким ректор болуп келбесин окуу жайга өздүк багытын ача бербейт. Билим берүү тармагы мамлекеттин стратегиялык өнүгүү багыттарынын бири. Тармак кайсы бир жеке кишинин ишмердигине түздөн-түз байланышпайт. Жеке инсандын билими, интеллектуалдык көрө билүүчүлүгү албетте, чоң роль ойнойт. Ооба, менин өмүр жолумда Ж.Баласагын атындагы КУУ өзгөчө орунда турат. Андыктан, 30 жылдык өмүрүмдү берген бул куттуу окуу жайга ким ректор болуп келбесин, бардыгы менен тыгыз байланышта болуп келдим. Баарысы тең мага тааныш. Билим берүүнүн флагманы аталган куттуу жайдын өнүп-өсүшүнө өмүрүмдү арнаган инсан катары кайдыгер карай албайм. Соңку ирет ректорлуктан кеткен Т. Абдырахманов менен кезегинде КУУда, жаңы келген жетекчи Догдурбек Чонтоев менен УИАда чогуу иштешип жатканбыз. Буюрса университеттин жаңы жетекчилиги менен биздин Улуттук Илимдер Академиясы мындан ары да тыгыз иштешүүнү сүйлөштүк.
— Учурда Билим берүү жана илим министрлиги мектептердеги 12 жылдык окуу программасы сыяктуу жаңычылдык, новатордук программаларды демилгелешүүдө. Министрликтин мындай демилгелерине карата кандай оюңуз бар? Маселен, советтик система 10 жылдык билим берүү менен жакшы көрсөткүчтөргө жетишип келбеди беле?
— Тармак башына ким министр болсун 12 жылдык окуу программаны ишке ашыра коём деп айта албайт. Мунун өзү эл аралык билим берүү системасынын өнүгүүсүн эске алуу менен мамлекеттик деңгээлде түзүлгөн стратегиялык багыт. Бул багыт алгач Парламентте, Өкмөттө бекитилет. Министр келе калып эле өзгөртүп жибербейт. Жаңы нерсе дайым коркунучтуу болот. Ооба, сен атагандай 10 жылды камтыган советтик билим берүү системасы абдан күчтүү болгон. Бул жагын тана албайбыз. Союз мезгилиндеги 10 жылдык билим берүү системасынын күчтүүлүгүн ушундан бил, биз эмес, океандын ары жагындагы АКШ да мектептерине 10 жылдык окуу системасын киргизди.
— Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз? Анткени, биз эмес, бүтүндөй дүйнө үлгү алган Американын союздун системасын өздөрүнө “сиңирип алышына” эмне түрткү болду?
— 1960-жылдары космонавт Ю.Гагарин, Г.Титовдор космосту айланып келгенден кийин АКШнын ошол кездеги Президенти Конгресске келип “биз Россияга технология жагынан уттурган жокпуз, болгону мектеп партасындагы билим берүүнүн сапатынын начардыгынан уттуруп жатабыз” – деп алардан 100 миллиард акча сураган. Конгресс Президенттин кайрылуусун толук колдоп, билим берүүгө сураган каражатты бөлүп берген. Көрдүңөрбү, эмне деген аракет! Ошондон тарта Америка билим берүү тармагына өтө олуттуу мамиле кылып, акыры өнүктүрдү. Көп өтпөй АКШ 1968-жылы космонавтын чыгарып, ал Айга барып конду. Ошондуктан, азыр өтө деле окуу процесси узарып кеткен жери жок. Маңызы мурункуга эле жакын. Башка нерсе, билим берүү системасы өлкөнүн өнүгүү багытынын туундусу болгон соң буларды ирээттештирип, жаңы замандын өзгөрүшүнө ылайык багыттоо керек. Билимге бурулган көңүл сөзсүз түрдө өзүнүн жакшы жемишин берет. Буга ишенип койгула.
— Эгемендүүлүк алганы бул тармакка деле олуттуу көңүл бурулбай, өзгөчө илимий ишмердүүлүк “паралануу” жолуна түшкөн да, туурабы? — Эгемендүүлүк алгандан баштап ошол кездеги илимпоз Президентибиз Аскар Акаевдин учурунда билим берүү менен илим жааты аздыр-көптүр көңүлгө алынчу. Бул жагын адилеттүүлүк үчүн ачык айтып коюшубуз керек. Акаевден кийинки келген өлкө жетекчилеринин учурунда билим, илим жааты унутта калып, экинчи планга калтырылган. Садыр Нургожоевич акыркы убакта бул тармакка жакшы көңүл буруп, бардыгын орду-ордуна коюп жатат. Мунун өзү өлкө үчүн, айрыкча, бул тармакка тиешеси бар адамдар үчүн кубанычтуу окуя. Быйыл Улуттук Илимдер Академиясына 70 жыл толду. Унутта калып бараткан УИАга Президентибиз өзү келип, абалды жеринде көрүп, 70 жыл бою капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн куттуу жайга 500 миллион сомго жакын каражат бөлдүрүп, учурда жаркырап четинен оңдолуп жатат. Мунун өзү илимге көңүл буруп, камкордук көрүүнүн ачык мисалы болууда.
— Илимдин көрүнүктүү инсаны катары айтыңызчы, соңку убакта өлкөбүздөгү мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн Кыргызстандын ичиндеги ЖОЖдорго эмес, чет мамлекеттен окууга ашыгышканы байкалууда. Бул жагынан соңку статистикалык сандар да калп айттырбайт. Мындай көрүнүштүн оош-кыйыш, жаман-жакшы жактары барбы?
— Тенденцияны абдан туура байкагансыз! Бул көрүнүштүн албетте, жакшы жагы, ошого улай кооптуу жагы дагы бар. Жакшы жагы – биздин кыргыздын уланкыздары дүйнөнүн чар тарабына барып окушуп, өздөрүнүн илимий дараметтери дүйнөлүк деңгээлдеги ЖОЖдордун студенттеринен кем эмес экендиктерин көрсөтүүдө. Экинчи маселе, кооптуу жагы көпчүлүк студенттерибиз окууларын аяктаган соң чет мамлекеттерде калып калышууда. Биз аларды окуусун аяктаган соң бул жакка алып келүүнүн механизмдерин ойлонуштурушубуз керек. Президентибиз менен өкмөтүбүз өзүбүздүн өлкөбүздөн деле жакшы окуу жайларды түзүшүүдө. Ошол эле ЧолпонАта шаарындагы “Акылман” окуу жайын алалы. Ал жерден биздин балдар англис тилинде сабак окуп жатышат. Алардын көпчүлүгү келечекте албетте, чет мамлекеттерден окушат. Бирок, алар чет өлкөдөн окууларын аяктаган соң Кыргызстанга кайрылып келип, бул жактан иштөөсү үчүн кандайдыр бир механизмдер каралган жок. Мына ушул жагын кеч боло электе ойлонуштурсак жакшы болмок. Эгерде дал ушул механизмдер боюнча атайын комиссия түзүшсө, мен ошол комиссиянын курамына атайын катышып, иштеп бергенге даярмын.
— Акыркы учурларда Жогорку Кеңешке ар кандай сын пикирлер айтылууда. Дегеле бийлик бутактарында Жогорку Кеңештин орду канчалык деп ойлойсуз?
— Мен “Жогорку Кеңештин орду мамлекеттик башкаруудан жоголуп кетти” – деген сындарга кошула албайм. Бул маселени “мамлекеттик башкаруудан Жогорку Кеңештин орду басаңдады” деп айтсак жарашмак. Академик Алтай Бөрүбаев: “Билимге бурулган көңүл сөзсүз түрдө өзүнүн жакшы жемишин берет” Илим тармагында өз орду бар академик Алтай Бөрүбаев менен өлкөбүздүн билим берүү системасындагы оошкыйыштар, Парламентке айтылган сындар тууралуу аксакалдык калыс кебин сурадык. Кызматтык карьерасында илимдеги бардык тепкичтерди ырааты менен басып, бул жагынан опол тоодой тажрыйбага ээ болгон академиктин төмөндөгү маеги көпчүлүктү кайдыгер калтырбайт. Жаманбы-жакшыбы талаштартыштар менен Парламент иштеп жатат. Көп кыйын маселелер Парламентте чечилүүдө. Ар бир нерсенин өзүнүн өнүгүү этабы болот. Ошол өнүгүү дайым түз сызык менен өйдө көтөрүлүп турбайт. Кээде ылдый түшөт. Бул нормалдуу көрүнүш. Мамлекеттик башкаруу деле өйдө-ылдый түшүп турат. Азыр Жогорку Кеңеш ушундай этапта турат. Буюрса бул жагы бат эле өнүгөт.
— Өзүңүз кош палаталуу Жогорку Кеңеште Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы болдуңуз. Тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер катары айтыңызчы, Кыргызстанга эки палаталуу парламент керек бекен? Дегеним, поссоветтик өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгүндө парламент дагы деле кош палатага ээ болуп келет…
— Көкүрөктө жүргөн маселени көтөрдүң. Азыркыдай шартта биздин бийлик системасына кош палаталуу парламент керектигин баса белгилеп айтаар элем. Биздин тажрыйба көрсөткөндөй, буга чейин Кыргызстанда парламент курамы 45 депутаттан турган мыйзам чыгаруу жана курамы 35 депутаттан түзүлгөн эл өкүлдөр жыйынынан турган 2 палатадан куралган. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары мыйзам чыгаруу менен гана алектенишчү. Ал эми эл өкүлдөр жыйыны сессияга гана келип, өкмөттү түзүү, бюджетти кабыл алуу өңдүү чоң-чоң маселелерди гана чечип, калган учурларда жер-жерлерде эл менен иштешип келишчү. Кош палаталуу парламентте көп маселелер тез чечилчү. Бара-бара кийинки чакырылыштарда кош палаталуу парламентке өтсөк бизге ылайык эле болмок. Туура, сенин жогорудагы соболуңдагыдай биздин тегерекчетибиздеги Орусия, Белоруссия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан баштаган кошуна өлкөлөрдүн парламенттери кош палатадан турат. Биз деле поссоветтик өлкөлөрдүн бирибиз. Алардан алдыга озуп кеткен жокпуз. Алар деле бардыгын ийне-жибине чейин изилдеп келип, кош палаталуу парламент ыңгайлуу экенин билип, ошондой жолду тандашты. Парламентти кош палатадан куроо каржылык жактан да натыйжалуу болот. Маселен, мыйзам чыгаруу жыйынындагы депутаттарга дайыма иштегендиги үчүн маяна төлөнөт. Ал эми эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары биздин убакта стипендия гана алышчу. Айтор, кош палаталуу парламенттин санай берсе артыкчылыктары көп. Келечекте Жогорку Кеңешти кош палаталуу парламентке өткөрүүгө сунуш кылат элем. Бул, мезгилдин да талабы болуп турат.
Калыгул Бейшекеев