Өлкөбүздүн ички-сырткы маселелери ойдогудай чечиле баштап, элдин жакшылыкка болгон үмүтү улам артып бараткан чакта, күбүңшыбың сөздөрдүн күн санап көбөйүп, айрыкча социалдык тармактарда бири-бирине карама-каршы келген маалыматтардын тынбай жарыяланып жатышы бизди кабатыр кылбай койбойт. Мындай абал күчөй берсе, элдин ынтымагынын ыдырашына, эл менен бийликтин ортосундагы мамиленин бошоңдошуна алып келиши ыктымал. Мунун эч кимге кереги жок.
Мына ушундан улам, өзүмдүн мамлекеттик кызмат жана коомдук-саясий милдет өтөө жаатында топтогон көп жылдык тажрыйбама жана кыргыздын жакынкы жаңы тарыхынын сабактарына таянып, элге жана эл баштаган лидерлерибизге азыноолак аксакалдык кебимди болгонун болгондой, эч кимдин көзүн карабай, бурмалабай айтып коюуну парзым деп эсептедим. Социалдык тармактарда айтылып жаткан аркы-терки пикирлердин көбү жетекчилерибизге байланыштуу болгон соң, мен да кебимди аларга кайрылуудан баштоону туура көрдүм.
Урматтуу Садыр Нургожоевич, Акылбек Үсөнбекович, Нурланбек Тургунбекович, Камчыбек Кыдыршаевич, Курманкул Токторалыевич!
Чынын айтканда, Кыргызстандын келечеги сиздердин азыркы учурда жасап жаткан иштериңиздерге түздөн-түз көз каранды – мамлекеттүүлүктүн отуз жылдан бери кыйрап бүткөн пайдубалын сиздер кандай түздөсөңүздөр ары жагы ошондой курулуп чыгат.
Ачыгын айтайын, көпчүлүктүн пикири боюнча азыркы бийликтин кудурет күчү, жоопкерчилиги көбүрөөк эки жетекчинин колуна топтолгон, мен да ошондой эле ойдомун. Өлкөдөгү эки тизгин, бир чылбырды толук кармап турган эки дос – Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич! Мында жатыркай турган эч нерсе жок. Алардын биздин достугубузду эч ким, эч кандай күч буза албайт деп жар салышканы эсибизде. Ошондой болуп эле келе жатат – мамлекетибиздин өнүгүшүнө кызмат кыла турган болсо, ылайым эле эки чыгаан уулубуздун достугу түбөлүктүү болсун! Алар өз ара түшүнүшүп, бекем ынтымакта болуп, иш алып барышса, элдин турмушу чындап жакшырат, мамлекетибиз өсүп-өнүгөт. Эгерде көрө албастардын, бузукулардын, кайраштыргандардын тилине кирип, ынтымагы бузулуп кетсе, андан биринчи кезекте, элибиздин таттуу үмүтү акталбай калат, калк жабыр тартат, демократиялык өнүгүү жолунан адашып калган Кыргызстандын келечегине дагы бир жолу балта чабылат. Мунун жоопкерчилиги баарыдан мурда ушул эки жигитибиздин мойнунда калат. Кыргызда: “Учкашпа, учкашкан соң, түшө качпа” деген сөз бекеринен айтылган эмес. Көөнө кыргыз салтын улап, бул эки лидер жигитибиздин достугу Алмамбет менен Манастын, Курманбек менен Аккандын, Элдияр менен Эрмектин достугундай элге кызмат кылуунун символуна айланган достуктардан болушун каалар элем.
Бизде канча ирет президент алмашты, баары эле башталышында сөзсүз оңдоймун, жыргатамын, Кыргызстанды алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошомун деп келишип, бирок бир-эки жылдан кийин эле айланаларына жакындарын, жасакерлерди топтоп, майлуу-сүттүү орундарга туугандарын, тамыр-сөөктөрүн, досторун, акчалууларды чогултушуп, кадрларды тез-тез алмаштырып, жаман жолго түшүп кетип жатышты. Азырынча айрым тынчсыздандырарлык көрүнүштөр байкала калып жаткан менен мен азыркы жетекчилерибизди мурдагылардын жолуна түшүп кетпейт деп ойлойм. Мүмкүн болушунча экөө тең Конституцияда жазылган укуктарын так жана туура пайдаланып чектен чыгып кетишпесе, баары жакшы болоруна ишенем.
Эми азыркы экономикалык, социалдык абалга токтолсом, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, акыркы эки жылдан бери бир топ жакшы иштер бүткөрүлүп жатат. Жүздөгөн чакырымдык жаңы жолдор курулууда, эскилери оңдолуп жатат. Жыл сайын көп кабаттуу жүздөгөн үйлөр курулуп, пайдаланууга бериле баштады. Мурдагы бийликтегилердин тушунда Россия жогорку Нарын каскадын курабыз деп, биз алданып, 40 миллион долларга жакын карызды мойнубузга илип кетти эле, азыр өз күчүбүз менен эле Куланак ГЭСин баш кылып ондогон чакан жана кичи ГЭСтерди куруп жатабыз. Эски чоң ГЭСтер четинен модернизацияланып, кубаттуулуктары артып жатат. Экинчи агрегаты модернизациялангандан кийин Токтогул ГЭСине дагы 120 мегаватт кошулат деп турабыз. Камбар-Ата–2 ГЭСинин курулушу улантылып, Камбар-Ата–1дин жерпайы даярдалууда.
Бир миллиард доллардан ашык каражатка аскердик техникалар сатылып алынды, чек аралар бекемделүүдө. Жакында эле түрк боордошторубуз Кыргызстанга жөнөтүлгөнү жаткан «Акынжы» учкучсуз учагын көрсөтүштү. Алардын минткени азыркы кооптуу мезгилде биз үчүн аябагандай чоң саясий, моралдык колдоо болду.
Бийликтин бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, жогорудагылардан башка көптөгөн жакшы иштерди жасап жатканын айтпай коюуга болбойт. Жылына 100гө жакын мектеп, ондогон балдар бакчаларынын курулушун, айлыктар, пенсиялар, жөлөк пулдар жылда көбөйтүлүшүн кантип жашырабыз. Бишкек менен Ош чыныгы курулуш аянттарына айланып, оңдолуп-түздөлүүдө. Мындай темп азыркыдай сакталса, борбор калааларыбыз 5-6 жылдын ичинде таанылгыстай болуп өзгөргөнү турат. Аймактык ири долбоорлорго инвесторлор да табылганы жатат, айрымдарына табылды десек да болот. Катар-катары менен автобустар, атайын техникалар келүүдө ж.б.
Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев тынымы жок түн-күн дебей иштеп, чекисттердин баарын жаңы кеңселүү, батирлүү кылып жатат. Акыркы эки жылдын ичинде УКМКнын жер-жерлердеги түзүмдөрү үчүн 30дан ашык кеңсе курулуп, аларга заманбап техникалар, жабдуулар жана эмеректер коюлду. Жүздөгөн кызматкерлерге жаңы батирлер берилди. Демек, алардын өз жумушун чын дилден, так аткарууга шарт түзүлүп жатат.
Коррупцияга каршы күрөш катаал жана аёосуз жүргүзүлүүдө. Бул иште жана укук бузууларга жол бербөө чараларын тынымсыз көрүп жаткан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Токторалыевич Зулушевдин аракети да алкоого татыйт. Жемкорлукка аралашса, бийликтин эң бийигинде тургандардын жакындары да кармалууда. Мурда мындай көрүнүштү элестетүүгө да мүмкүн эмес эле. Садыр Нургожоевич Ли Куан Юнун 100 жылдыгына арналган постунда эгерде коррупцияга аралашса, жакындарын да аябай турганын дагы бир ирет баса белгиледи. Демек, Кыргызстан дагы тазарат, жемкорлук азаят деген ишеним баарыбызда пайда болду.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын башчысы Акылбек Үсөнбекович Жапаров да өзүнүн мол тажрыйбасын пайдаланып, орун басарлары, бажы жана салык кызматтарынын жетекчилери менен бирге тыным албай иштеп жатканын көрүп-билип жатабыз. Өлкөнүн каржылык мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу жаатындагы ой-пикирлери колдоого татыйт. Маселе аларды ишке ашырууда гана турат.
Бийликтин негизги бутактарынын бири болгон Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбекович Шакиев кыска убакыттын ичинде комитеттердин ишин бир топ жандандырып, депутаттардын активдүүлүгүн күчөтүп, мамлекеттин келечеги үчүн жаңы мыйзамдарды кабыл алып жана анын аткарылышын көзөмөлдөп, ошонусу менен Президенттин жүргүзүп жаткан саясатын бир кыйла колдоого алып жатканын белгилешибиз керек.
Дене тарбия жана спорт жаатындагы ийгиликтерибиз жөнүндө да айтууну туура таптым. Биздин спортчуларыбыз кандай эл аралык мелдештерге барышпасын, баары болбосо да жоон тобу байгелүү орундарды ээлеп келишүүдө. Жалпы эсептерде Кыргызстандын спорттук рейтинги жылдан-жылга көтөрүлүп, айрым түрлөрү боюнча лидерлердин бирине айланып баратат. А түгүл кошуналарыбыз күрөш боюнча Кыргызстан спорт державасына айланат деген божомолдорун да айтышууда. Алардын айтканы келсин! Кыргызстандын кырмызы туусу дүйнөгө белгилүү спорттук ареналарда желбирей көтөрүлүп, мамлекеттик гимнибиздин жаңырып турганы биз үчүн кандай гана сыймык! Бул маселеде Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров менен Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевдин өздөрүнүн спорт күйөрмандары болушкандыгы, сергек жашоонун үлгүсүн көрсөтүшүп жатышкандыгы жакшы көрүнүш болууда. Эми мүмкүн болушунча дене тарбиялык иштердин массалуулугуна жетишүү керек, б.а. балдар бакчасы, мектеп, окуу жайлар, мекемелер, ишканаларда дагы бул маселе боюнча көп иштерди жасоого туура келет.
Дагы бир маанилүү нерсеге көңүлүңүздөрдү бургум келет. Ал Президенттин элдин пикирине, сунуштарына такай ыкчам көңүл бургандыгы. Мисалы, курултай жөнүндө маселе демилгечилер тарабынан көптөн бери көтөрүлүп келгени белгилүү. Бирок, азыркы бийликтин колдоосу менен гана курултай маселеси Баш мыйзамга киргизилип, көптөн күткөн биринчи курултай да өз деңгээлинде өтүп, курултайчылар жакшы эле бугун чыгарып алышты окшойт. Жакында экинчи курултайды өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө. Бирок, курултайдын дагы бир жаңы бийлик бутагына айланып кетишине жол бербөө керек деп ойлойм. Ал кеңеш берүүчү гана орган болуп калышы керек. Курултайда айтылган ойлорду дыкат угуп, пайдалууларын колдонсок, ал элдин биримдигине, мамлекеттин мындан аркы өсүшүнө кызмат кылары түшүнүктүү.
Карапайым калктын орчундуу өтүнүчтөрүн Президенттин кечиктирбей угуп, аларга конкреттүү жооп бергени жана алардын массалык маалымат каражаттарында ачык, тез чагылдырылып жатканын эң жакшы көрүнүш деп эсептеймин. Бул эл менен бийликтин байланышын бекемдөөчү негизги фактор болуп саналат.
Кыскасы, мурдагы мезгилдерге салыштырганда Кыргызстан чыныгы ишенимдүү өнүгүү жолуна түшүп баратат. Көз тийбесин, ылайым эки дос куюшканыңарды Кудай бекем кылып, ынтымакта, урмат-сый менен ушул темпте иштей берсеңер Кыргызстаныбыз кайра жаралды дегидей ийгиликтерге жетишкени турабыз.
дай, кынтыкыз болуп жатат дегенден алысмын. Эл арасында орундуу сын-пикирлер да айтылууда. Алсак, кадрларды тандап жайгаштырууда, аймактардын тең салмактуулугун сактоодо, Конституциянын талаптарын аткарууда бир топ мүчүлүштүктөр бар. Айрым тармактарда кадрлардын тез-тез алмашылып, мурда жаманатты болгондордун кокустан эле жооптуу кызматка келип калганы жакшы көрүнүш эмес. Маселен, акыркы 2-3 жылда Билим берүү жана илим министри 3-4 жолу алмаштырылды. Саламаттыкты сактоо, Транспорт министрликтеринде деле ошондой болууда. Өзбекстанда көз карандысыздыкты алгандан берки 32 жылда болгону 4 премьер-министр алмашса, бизде азыр 31-премьер-министр иштеп жатат. Кадрларды тандоодо акыйкаттык, тең салмактуулук болсо, айрыкча башкаруу кызматтарга кадрлар дыкат тандалып жана кесипкөйлөр иргелип алынса иш ыкчам илгерилеп, элдин ынтымагы бекемделип, өнүгүүгө шарт түзүлөт. Бийлик бутактарында да куру намыска алдырып өз ара бут тосуу болбош керек.
Оппозициядагылардын айткандарынын баарын эле четке кага бербестен, алардын рационалдуу сын, сунуштары да эске алынышы керек деймин. Бийлик сынга дайыма көтөрүмдүү болуп, ачууга алдырбай, токтоо жана сабырдуу болушу керек. Калыс сын, сунуштар айтылып турмайынча коом тазарбайт, ал абдан керек. Илгерки хандар деле жөндүү сөздөрдү дайыма угушкан, аларга көңүл бурушкан. «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деген ошол мезгилден калган. Падышалык Россиядагы императорлор калыс, чын сөздү угуп туруу үчүн куудулдарды кармашса, Чыңгыз хан менен Амир Темир деле калыс чындыкты айткандарды эч качан куугунтукташкан эмес.
Бирок, оппозициядагылардын көп учурда чектен чыгып, жакшы нерселерди көргүлөрү келбестен «баары эле жаман» деп жер сабай беришкени да туура эмес деп эсептейм. Өлкөдө, коомдо кандай алгылыктуу өзгөрүүлөр болуп жатканын эл көрүп, жон териси менен сезип турат. Жакшы нерселерди көргүсү келбей, бир гана кемчиликтерди апырта айтып туруп алгандан, коомдо стабилдүүлүктү бузууга аракет кылгандан оппозиция элге жакшы көрүнө албашын түшүнүүлөрү керек. Өздөрүнүн эле электораты колдобосо, көпчүлүк эл аны колдобойт. Азыр андай эски ыкмалар өтпөйт. Андай бир беткей жол менен элди өздөрүнө тарта алышпайт, эл деген акылы, түшүнүгү боюнча деңиз, бийик тоо. Баарын көрүп, байкап, салмакташтырып турат.
Оппозициядагылардын көбүнчө адамдын аброюна, беделине шек келтирип сүйлөгөнү, тыңсынганы өзүнө жана талапташтарына эле жакпаса, көпчүлүк элге жакпайт деле. Өздөрүн гана билимдүү, компетенттүү, акылдуу деп, башкаларды эч нерсени билбеген маңыроолор катары көрсөтүшүп, кээде шылдыңдап, маскаралаганга чейин барышканы ашыкча. Анын ордуна бийликтин аткарып жаткан жакшы иштерин да көрүп, билип, айтып, аны баалап, анан кемчиликтерин көрсөтүшсө, конкреттүү сунуш айтса сөздөрү бир кыйла ынанымдуу болмок. Азыр эл арасында азыркы бийликтин иштерин баалап, аны колдогондор да жетишерлик экенин эстерибизден чыгарбообуз керек. Азыркы бийликтин формасын жана Президентти тандоо шайлоочулардын 80 пайыздык колдоосу менен шайлоодо ишке ашкандыгын унутпайлы. Кокус, кайра шайлоо болуп калса деле Садыр Жапаров азыркы темп менен иштеп турса, андан кем добуш албайт деп ойлойм. Ошондуктан, Садыр Нургожоевичке жана бийлик бутактарынын айрым таасирдүү өкүлдөрүнө жөндөн-жөн эле асыла бербестен, басынтпай, бири-бирибизди сыйлашып, маданияттуулугубузду көрсөтүп, мыйзамдуу шайланган бийликти урматтап, тынч, ынтымакта жашообуз, иштешибиз керек.
биз керек. Оппозиция дегенибиз менен азыр өтө күчтүү оппозиция, анын ага ылайык лидери деле жоктой. Алар «Кыргызстан өлүп баратат, жок болуп баратат, баарынан артта калды», Конституцияны одоно бузушту деген менен биздеги иштин абалы, негизги көрсөткүчтөр жаман эмес экенин көптөгөн эл аралык уюмдар жана финансылык уюмдар деле белгилеп жатышпайбы. Беларусь президенти Александр Лукашенко деле «Кыргызстан чөгөлөгөн абалынан туруп баратат» деп айтканы жөн жеринен эместир.
Дагы бир нерсени белгилеп коюуну эп көрүп турам. Президент өзүнө жана бийликке нааразы болуп жүргөндөрдүн баарына, айрыкча оппозициядагыларга эл менен иштеп көрсүнчү деген ой менен тиешелүү кызматтарды берип көрдү. Алардын айрымдары Президентти жана бийликтеги таасирдүү адамдарды оозго алгыс, мыскылдоочу, шылдыңдоочу, жеке аброюна шек келтирүүчү сөздөр менен сындашып келишкенин билебиз. Булардын ичинен акылына келип, терең ойлонуп Кыргызстандын келечеги үчүн ак дилден иштегендер да жок эмес (аттарын айтпай эле коёюн), айрымдары иштей албай жумуштан кол жуушту, айрымдары сунуш кылынган кызматка канаат кылбай макулдугун бербей коюшту окшойт.
Кыскасы азыркы экономикалык, социалдык абалыбыз негизинен жаман эмес. Кудай жетишкендерибизди кут кылып, мындан ары да жакшылыктарын көп берсин. Эң негизгиси, өлкөдө саясий туруктуулук өкүм сүрүүдө.
Аймактагы эң чоң жана таасирдүү өлкө болгон Өзбекстан менен чек ара маселелерин чечип, саясий, экономикалык мамилелерди оңдоп алганыбыз чоң жеңиш деп эсептеймин. Азыр Ош менен Жалал-Абаддын ортосундагы Өзбекстан аркылуу өткөн жол ачылды, мурда биротоло жабылып калган чек аралардагы өткөрмө бекеттер акырындап ачылып жатат. Бул эки элдин соода-сатык иштерине, байланыштарына жагымдуу шарт жаратууда.
Дагы бир баарыбызды кубандыра турган жагдай буга чейин мамлекетибиз үчүн чоң көйгөй болуп келе жаткан кыргыз-тажик чек ара маселесинин чечилүү кадамдарынын башталышы. ЖМКга чыккан маалыматтарга караганда жигердүү сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки тарап тең чек ара боюнча аймактык дооматтарды кайрадан карап чыгуу сунушун, аны атайын протокол менен бекемдегендиги болду. Ал тарыхый протоколго биздин мамлекеттин атынан чек ара боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, генерал К.Ташиев жана Тажикстан мамлекети тарабынан комиссиянын төрагасы, генерал С.Ятимов кол коюшту. Ал маселени тынч тезирээк чечип алсак, Кыргызстан дүркүрөп өнүгүпөсөрүнө ишеним бар. Мындай мамлекетибиздин бекемделиши, улутубуздун келечеги үчүн жасалып жаткан жоопкерчиликтүү иште эл уулу, генерал К.Ташиев баштаган команданын эмгеги зор экендиги талашсыз.
Эгерде өткөн бийлик отуз жылдагы мезгилде катар-катар революцияларды башынан өткөрүү менен алектенип, элдин каалоо-тилектерин жакшы аткара албай келсе, азыркы бийликтин эң башында турган Садыр Нургожоевич Жапаровдун чечкиндүү аракети мамлекетти өсүү жолуна баштап жатканы чындык. Президентибиз Садыр Нургожоевич жакында алдыдагы отуз жылда өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошууга аракет кылабыз дегени баарыбызды шыктандырат. Ага мүмкүнчүлүктөр бар. Ал мүмкүнчүлүктөрдүн ишке ашуусу үчүн биринчи кезекте саясий туруктуулук, ынтымак, биримдик жана тынчтык гана керек.
Андан башка эл да үнөмдүү жашоого үйрөнүп, бийлик болсо максатсыз чыгымдардын баарын кыскартуусу зарыл. Тилекке каршы, акыркы убактарда мааракелер мурдагы мезгилдердегидей көбөйүү жолуна өтө баштады. Кокту-колоттук баатырлар, бийлер мурдагыдан да көбөйүп кетти. Алардын айрымдарынын качан, кайсыл убакта жашаганы, эл үчүн пайдалуу эмне кылгандары жөнүндө деле ынанымдуу маалыматтар жок. Тыйын-тыпырлуу тууган-уруктары кандай жол менен болбосун урууларын же өз аттарын чыгаргысы келгендер эле жок жерден баатырларды, бийлерди табышкандай жана даңкташкандай сезилет.
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Сиз мааракелердеги, каадасалттардагы ашыкча чыгымдарды азайтуу боюнча атайын Жарлык чыгаргансыз. Бирок ал жетиштүү деңгээлде аткарылбай жатат. Айлыктар, пенсиялар көбөйтүлгөн менен алардын көбүн инфляция жалмап кетүүдө. Мындай убакта өз Жарлыгыңызды катуу көзөмөлдөп, анын аткарылышын талап кылбасаңыз Кыргызстан мааракелердин, аш-тойлордун экинчи эпидемиясына (биринчи эпидемия көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында каптаган) кирип баратат. Аш-тойлордун жана башка мааракелердин ыксыз, ашыкча ысырапкорчулук менен коштолуусу кымбатчылыктын негизги себептеринин бири экенин унутпайлы.
Урматтуу эки дос: Садыр Нургожоевич жана Камчыбек Кыдыршаевич! Элибиздин, мамлекетибиздин тынчтыгы, гүлдөп-өсүп өнүгүшү үчүн достук, кызматтык мамилеңер түбөлүк болсун деген тилегимди билдирем. Силердин бет алган багытыңарды колдоп, ишиңердеги ийгиликтердин жаралышына өбөлгө түзүп жаткан үзөңгүлөштөрүңөргө Жараткан нысап, демилге, ал эми элибизге калыстык жана сабыр берсин демекчимин. Өлкөбүздүн келечеги, албетте, элдин өзүнүн, анан аны эрчите билген жетекчилердин колунда.

