"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Академиялык Инновациялык фонд каржылаган грантка өтүнмөлдөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды

Академиялык Инновациялык фонд каржылаган грантка өтүнмөлдөрдү кабыл алуу мөөнөтү 21-августка чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 2025-жылдын 11-августунда, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин стратегиялык өнүктүрүү, мониторинг жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Айсулуу Мустапакулова билдирди.
Анын айтымында, биринчи этапты аяктоо 2025-жылдын 14-августунда пландалган. Бирок бул мөөнөт жайкы эмгек өргүүлөрүнүн мезгили менен дал келип калгандыктан, долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү 2025-жылдын 21-августуна чейин узартылды. Бул көп университеттерге жана илимий топторго сапаттуу жана атаандашууга жөндөмдүү концепцияларды даярдоого мүмкүнчүлүк берет,-деп билдирди Айсулуу Мустапакулова.
Белгилей кетсек, гранттын максималдуу суммасы — 200 миң АКШ доллары, ал эми бир суб-долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 36 айга чейин (үч жыл) болот. АИФ гранттык программасынын жалпы бюджети 4 миллион АКШ долларына жакын.
Пресс конференциянын катышуучуларынын пикиринде, бул жогорку окуу жайларын улуттук экономиканын жана коомдун муктаждыктарына жооп бере алган инновациялык академиялык жана изилдөө долбоорлорун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга стимул берет.
Көңүл бурула турган багыттар: климаттын өзгөрүшү, жашыл технологиялар жана аял изилдөөчүлөр жетектеген демилгелерге байланышкан долбоорлор болуп эсептелет. Бул ыкма туруктуу өнүгүү, инклюзивдүүлүк жана жыныстык теңдик принциптерине берилгендигибизди чагылдырат.
Өтүнмөлөр кабыл алынгандан кийин, кабыл алуу критерийлерине туура келген мыкты идеялардын авторлору экинчи этапка чакырылат. Экинчи этап 2025-жылдын 30-октябрына чейин уланат жана ушул мезгил ичинде АИФ Секретариаты катышуучуларга деталдуу сунуштарды даярдоого жардам берүүчү максаттуу семинарларды өткөрөт.
АИФтин ийгилиги өткөрүлгөн иш-чаралардын саны менен эмес, билим берүү жана илим деңгээли кандайча өзгөргөнү жана экономика менен коомго реалдуу пайда алып келүүчү натыйжалар жаралган-жаралбаганы менен өлчөнөт,-дешет уюштуруучулар.

Срок приёма заявок на грант, финансируемый Академическим инновационным фондом, продлён до 21 августа. Об этом сегодня, 11 августа 2025 года, сообщила заведующий отделом стратегического развития, мониторинга и организационной работы Министерства науки, высшего образования и инноваций КР Айсулуу Мустапакулова.
По её словам, завершение первого этапа было запланировано на 14 августа 2025 года, однако, в связи с тем, что этот срок совпал с летними отпусками, приём проектных заявок продлён до 21 августа 2025 года. Это даст многим университетам и научным коллективам возможность подготовить качественные и конкурентоспособные концепции, — отметила Айсулуу Мустапакулова.
Следует отметить, что максимальная сумма гранта составляет 200 тысяч долларов США, а срок реализации одного субпроекта — до 36 месяцев (трёх лет). Общий бюджет грантовой программы АИФ — около 4 миллионов долларов США.
По мнению участников пресс-конференции, это будет стимулировать вузы к разработке и реализации инновационных академических и исследовательских проектов, отвечающих потребностям национальной экономики и общества.
Приоритетными направлениями являются проекты, связанные с изменением климата, зелёными технологиями и инициативами, возглавляемыми женщинами-исследователями. Такой подход отражает приверженность принципам устойчивого развития, инклюзивности и гендерного равенства.
После окончания приёма заявок авторы лучших идей, соответствующих критериям отбора, будут приглашены ко второму этапу. Второй этап продлится до 30 октября 2025 года, в течение которого Секретариат АИФ проведёт целевые семинары, помогающие участникам подготовить детальные предложения.
Как отмечают организаторы, успех АИФ будет измеряться не количеством проведённых мероприятий, а тем, насколько изменился уровень образования и науки и появились ли результаты, приносящие реальную пользу экономике и обществу.