"Эркин-Тоо"

Акаев маанилүү маселе көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүн парламентте көчө, шаар, айылдарга адам аттарын  ыйгарууга мораторий киргизүүнү сунуштады. Эл өкүлү көчөлөргө адам аттарын ыйгаруунун ордуна  номерлөө туура болорун айтты.

«Бишкек шаарында Кулиев деген көчө бар, байкуш ошол кишини аяйм. Качан көрсөң ушул көчөдө сойкулар кармалды, бычакташты деген кабар чыгат. Кулиев деген өзү акын, прозаик, журналист, аскердик кабарчы болгон да. Анан качан көрсөң жаман кабарларда аты аталып жүрөт. Айтматов көчөсүндө андай болду деген жакшы эмес. Мындай болбошу керек. Андан көрө көчөлөрдүн номерлерине өтүш керек. Ошого мораторий киргизиңиздер», — деди эл өкүлү.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!