"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Акциз салыгынан бюджетке 19,4 млрд сом түштү

2025-жылдын январь–ноябрь айларында Кыргызстанда акциз салыгынан бюджетке 19 млрд 493 млн сом түштү. Бул тууралуу салык кызматы маалымдап, көрсөткүчтүн өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд сомго же 17 пайызга көп экенин айтты. Анын 4 млрд 826 млн сому өлкөдө өндүрүлгөн товарлардан алынган. Алкоголдук продукциядан 3,4 млрд сом, алкоголсуз суусундуктардан 1,2 млрд сом түшкөн. Ал эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алып келинген акциздик товарлардан 14 млрд 666 млн сом салык чогултулган. Бул жерде эң чоң үлүш тамеки продукциясына туура келип, андан 9,1 млрд сом алынган.