"Эркин-Тоо"
Саясат

Акимдер эми Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында курстардан өтүшөт

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинде, Президент Садыр Жапаров кадрларды даярдоо жана ишке алуу маселесине токтолуп, мамлекеттик жана муниципалдык органдарга кесипкөй кадрларды тартуу керектигин айтты.

“Ушул жылдын январь айында “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” Жарлыкка кол коюп, тиешелүү приоритеттерди аныктап, мамлекеттик органдарга тапшырмаларды бергем. Бул Жарлыктын алкагында Кыргыз Республикасында кадрларды даярдоо жана аларды өстүрүү боюнча атайын мамлекеттик стратегияны иштеп чыгууну тездетүү керек. Башкача айтканда, ар бир жаранга мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жол ачык, бирок муну менен бирге кызмат орундарына эң мыктылар тандалышы кажет”, -деди мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров мындан тышкары, акимдердин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн Региондук резерв түзүлгөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдери менен Региондук резервден 31 адам каралып, алардын ичинен 19у жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын кызмат орундарына, 12си жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарларынын кызмат орундарына дайындалган.

Мамлекет башчысынын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин  башкаруучулук жөндөмүн арттыруу үчүн алар  Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында курстардан өтүшөт.

Садыр Жапаров мындан тышкары муниципалдык кадрлар резервдерин түзүү керектигин айтты.

“Бул боюнча ишти тездетүү зарыл. Анын курамына конкурстук негизде келечектүү, тажрыйбалуу кадрларды киргизүү керек. Алардын арасынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын кызмат орундарына татыктуу адамдар келиши зарыл. Муниципалдык кадрлар резервдерин түзүү боюнча иш-чаранын ачык-айкын өтүшүн камсыз кылышыбыз керек. Тиешелүү тажрыйбага, иш стажысына ээ болгон ар бир жарандын ушундай кадрлар резервине кирүүсүнө тең укуктуулукту сактоого мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек”, -деди Жапаров.

Президент улуттук жана ички кадрлар резервдеринин ролун жогорулатуу зарылдыгын айтып, бул багытта кызматка кирүү процедураларынын сапатын жакшыртуу боюнча иштерди күчөтүү керектигине токтолду. Анын айтымында, жумушка алууда конкурстук тандоо узакка созулуп, нааразычылыктарга алып келүүдө.

“Башкаруу органдарында бош кызмат орундарына дайындоо кээде бир нече айга созулуп кеткен фактылар бар. Мындай абалды тезирээк оңдоого чаралардын көрүлүшүн талап кылам”, — деди ал.