Акмаанай Эшбаева — атактуу ырчы Токон Эшбаевдин кызы. Талант тукум кууйт дегендей, ата жолун жолдоп, атадан өткөн улуу өнөр менен элибизге кызмат кылып келет. Биз бүгүн таланттуу инсандын таланттуу кызы менен баарлашып, кызыктуу маек курдук.

— Акмаанай айым, «аккан арыктан суу агат» деген кыргызда жакшы сөз бар эмеспи, анын сыңарындай биз сизди белгилүү обончу жана аткаруучу Токон Эшбаевдин кызы катары билебиз. Сиз ал киши жөнүндө эмне айта аласыз?

— Ооба атам өзүңөр билгендей эле кыргыз элине белгилүү аткаруучу жана обончу, КРнын Эл артисти Токон Эшбаев. Ал эми апам Инабат Эшбаева да КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Ош шаардык Саид Бекмуратов атындагы №1-балдар музыкалык мектебинин жетектеген. Узак жылдар бою ошол жерде эмгектенди. Тилекке каршы атамдын арабыздан кеткение бир топ мезгил өттү. Энемдин бар экенинен шүгүр кылам. Себеби, кайда барбайын ата-энемдин атын аташып «сен жакшы адамдардын кызысың» деген жакшы сөздөрдү угам. Алар мени ар дайым колдоп турушат. Ата-энем экөө тең музыкалык билими бар, музыканттар болгондуктан, мен да ошол чөйрөдө өскөм.
— Ата жолун жолдоп сиз дагы чыгармачыл чөйрөгө аралашып жүрөсүз. Бул жолду тандап алгаңызга Токон агайдын эмгеги чоң болсо керек?
— Чыгармачылыкка аралашып калышыма атамдын да, апамдын да эмгеги чоң. Себеби, апам музыкалык мектепте жетекчи болуп туруп, музыкалык окуу жайга тапшыр деп, өзү зордоп алып барып тапшырткан. Ал кезде менден музыкант чыгат деп деле ойлогон эмесмин. Бирок, бала бакчадан, мектептен кадимки эле плойканы кармап алып, аны микрофон элестетип ырдаган күндөрүм эсимде. Ата-энем мендеги ошол жөндөмдү көрүп, музыкага жетеледи болуш керек деп ойлойм.

— Белгилүү адамдын кызы болуу бир топ жоопкерчиликтүү болсо керек?..
— Абдан жоопкерчиликтүү. Анткени, кайда барбайын ата-энеме жакшы сөздөр айтылып келет. Ата-энемдин атына сөз тийгизип албасам экен дейм. Аткарган ишим менен ата-энемди кубандырсам дейм.
— Жаңылбасам, сиз экономикалык кесиптин ээсисиз. Ата-энеден өткөн өнөр, жөндөм-шык, кызыгуу сизди кайрадан эле чыгармачыл чөйрөгө алып келиптир да?..
— Ооба, ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетин аяктагам. Ошол жылдары экономикалык билим алуу азыркы тил менен айтканда мода болуп, анан үстүнө мен окуган окуу жай дагы абдан популярдуу болуп турган. Бир себеби да ошол болду окшойт. Ошентип Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө салымымды кошоюн деген да тилек менен экономикалык билим алып, ошол тармакта окудум. Ага катар эле Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынында билим алдым. Апам дайыма «сенден эч кандай экономист чыкпайт, сен баары бир эле музыкалык тармакка кетет болушуң керек» — дей берчү. Апамдын айтканындай эле болду. Азыркы учурда деле музыкалык билимим менен иштеп келем.

— Токон агайдын кандай кеп-кеңештери эсиңизде? Ал киши үйдө кандай ата эле, сизди эмне деп эркелетчү, ырчы болушуңузга каршы болгон жок беле?
— Атам сыртта өтө жоош, сүрдүү болгону менен үйдө тамашакөй, колунан бүт нерсе келген өзгөчө таланттуу жан эле. Үйдө бир нерсе бузук турчу эмес. Өзү айдап жүргөн машиналардан баштап, көтөргөн телефонуна чейин оңдочу. Үйдөгү суу түтүктөрүн, электр зымдарын, жылуулук системасын айтор ушул сыяктуу иштерди киши чакырбай өзү карачу. Бир күнү подьезддеги электр щитти чукулап калды, апам экөөбүз урушсак да болбой карай берди. Бир убакта бир нерсе жарылгандай болду. Коркуп эле шашып барып эшикти ачсак, атам эки көзүн жаап алып отуруп калыптыр, щиттен болсо түтүн чыгып жатат. Апам экөөбүз атамды күйүп калды же ток тартты деп коркуп, ыйлап да алганбыз. Көпкө чейин түтүн болуп, ары жак көрүнбөй жаткан, бир убакта түтүн тарап, атам жылмайып бизди карап турат. Көрсө чыккан өрттөн көздөрү чагылышып, жумуп отуруп калган экен.
Атам мага чыгармачылык тууралуу көп кеңешин айтчу эле. «Адамда 1 пайыз талант болсо жетиштүү, калган 99 пайызы эмгек болуш керек кызым» — дечү. Мени операдан көргүсү келчү, аттиң ал кыялы ишке ашпай калды. Анткени мен опера жана балет театрына жаңы эле жумушка орношкондон кийин көп өтпөй эле көзү өтүп кетти. Атамдан акча сурасам дароо берет эле. Мени эркелетип “Мама кызым”- деп койчу. Мен жасаган тамактарды тамшанып жеп, “апамдай жасайсың» — деп калар эле. Менин ырчы болушума, чыгармачылыгыма эч качан каршы болбоду. Тескерисинче, дайыма колдоду, алтургай начар аткарып койсом да сын айтпай, мактап гана турар эле атакем.
— Кандай чыгармалардын үстүндө иштеп жатасыз?
— Чыгармачылыкты таштаганым жок. Учурда Бишкек мэриясына караштуу «Семетей» ансамблинде солистмин. Шаардын кандай майрамдары болбосун дайыма катышып келем. Жеке аткаруучулукта да көп жаңы ырлар жазылды.
Аранжировкасы бүтүп, жаздырууга даяр болуп калган да чыгармалар жок эмес. Буюрса баары ирети менен эл алдына чыгат.
— Жолдошуңуз да чыгармачыл адам, эң сонун дует аткарууңуздарга күбө болуп жүрөбүз. Ошентсе да кыргыздар “эр тайын тартат” дешет, сурайын дегеним балдарыңыз тайларын тартып, чыгармачылыкка шыгы барбы?
— Ооба, жолдошум Кубатбек Алымкулов дагы өнөр адамы, экөөбүз бир тармакта ээрчишип, эриш-аркак келе жатабыз. Ал учурда Айтбек Муканбетов атындагы “Тенир – Тоо” тобунун солисти, Т. Эрматов атындагы музыкалык институтунун мугалими. Учурда эки уул, бир кызды тарбиялап жатабыз. Өнөрлүү адамдардын балдары кантип ырдабай калсын, албетте үчөө тең ыр-бийге жакын.
Улуу балам кичинекей кезинде ыйласа таятасы аккордеон чертип, ырдап калчу. Бир ар чоңойгондо телевидение, радиодон аккордеондун үнү чыгып калса эле «ой таята го» — дей берээр эле. Эгер, балдарым таятасындай, атасындай ырчы болом дешсе, мен эч качан каршы болбойм. Менин оюмча бала өзү каалаган эле нерсе менен алектениш керек. Таятасындай же атасындай ырчы болушса, жаман ырчы болушпайт деп ойлойм.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВ

