"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

АКШ президентинин атайын өкүлү Кыргызстанга келди

АКШнын президентинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Сапардын алкагында Серджио Гордун Президент Садыр Жапаров жана Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушары пландалууда. Ошондой эле ал 4–5-февралда Бишкек шаарында өтө турган «Борбордук Азия – АКШ» (B5+1) экономикалык форумуна катышат. Форумдун жүрүшүндө аймактык экономикалык кызматташтык жана ишкердик байланыштар талкууланат.