CNN телеканалы билдиргендей, АКШнын чалгындоо агенттиги коронавирустун келип чыгышын аныктоо үчүн генетикалык маалыматтарды изилдеп жатат.
Маалыматка ылайык, окумуштуулардын тобу SARS-CoV-2 коронавирус тууралуу маалымат алуу үчүн 2019-жылдын декабрь айында Ухань шаарындагы лабораториядан «вирустун үлгүлөрүнөн алынган генетикалык схемалары» чогултулган. Учурда чоң көлөмдөгү маалыматтарды иштеп чыгуу компьютердин жетиштүү кубаттуулугу маселеси жана кытай тилин билген илимпоздорду издөө кыйынчылыктары менен коштолууда.
АКШнын президенти Джо Байден чалгындоо кызматына 90 күндүн ичинде жыйынтык берүүнү тапшырды.