Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Аскердик аба күчтөрүнүн аскери Вашингтондогу Израил элчилигинин алдында өзүн өрттөп, Газадагы геноцидге каршылык көрсөттү.
АКШнын Аскердик аба күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан 25 жаштагы Аарон Бушнеллдин нааразылык акциясы жана анын өзүн өрттөп жибергенде тартылган видео социалдык тармактарга тарады.
Элчиликтин алдында Бушнелл башынан ылдый бензин куюп, өзүн өрттөгөн жана кайра-кайра «Палестинага эркиндик» деп кыйкырганы айтылат.
Вашингтондун Өрт жана Тез жардам кызматынын өкүлдөрү өзүн өзү өрттөгөн адам аймактык ооруканага жеткирилгенин жана анын абалы оор экенин билдирди.