"Эркин-Тоо"

АКШда Кыргызстандын этномаданий көргөзмөсү ачылды

Чикагодо Кыргызстандын АКШдагы биринчи этномаданий көргөзмөсү ачылып, анда кыргыздын маданиятынын жана тарыхынын көп түрдүүлүгүн чагылдырган түрдүү экспонаттар коюлган.

Кыргызстандын маданияты менен каада-салттарын чагылдырган көргөзмө  АКШдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн жана бардык маданият жана искусство сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн бурду.

Башкы консул Болотбек Борбиев бул көргөзмө келечекте АКШдагы жаңы өсүп келе жаткан муун үчүн кыргыз элинин бай маданиятын жана тарыхын даңазалап тура турган музейге айланарын белгиледи.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен “Kyrgyz Community Center” кыргыз коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!