TRT HABER агенттигинин маалыматына ылайык, АКШда кызамык (кызылча) оорусу катуу жайылууда. Быйыл жыл башынан бери өлкө боюнча 1 277 адам бул илдетке чалдыгып, акыркы 33 жылдан берки эң жогорку көрсөткүч катары катталды. Илдет 38 штатта, анын ичинде Вашингтон шаарында да кездешүүдө.
Адистердин айтымында, эл арасында эмдөөдөн баш тарткандардын көбөйүшү кызамыктын жайылышына негизги себеп болууда.
АКШда кызамык 2000-жылы толугу менен жоголду деп жарыяланган. Бирок акыркы жылдардагы анын жайылышы бул чечимди жокко чыгарууда.