"Эркин-Тоо"

АКШда ондогон мигранттын жансыз денеси жүк ташуучу унаадан табылды

Жүк ташуучу унаа АКШнын Техас штатындагы трассага баруучу кичинекей жолдон табылган. Washington Post 40 адам өлүп, 15 киши жарадар болгонун жазып чыккан.

Акыркы маалыматтарга караганда, жүк ташуучу унаадан табылган мигранттардын сөөгү 46га жетип, алгачкы шектүүлөр кармалган.

Белгиленгендей, 16 жабырлануучу – 12 чоң киши жана төрт бала жергиликтүү ооруканаларга жеткирилген. Алар ысыктан жабыркашкан. Сан-Антонио өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, мигранттар табылган жүк ташуучу унаада суу жана кондиционер жок болгон.

Бийлик бул окуя боюнча иликтөө иштерин баштады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!