АКШга бара жаткан кыргызстандык үй-бүлө Кариб деңизинде дайынсыз жоголгондугу тууралуу малыматты Казакстандын жараны Жанат Шамиганов «Настоящее время» басылмасына берген маегинде билдирген.
Шамиганов Борбордук Американын 7 өлкөсүн жунгли аркылуу басып өтүп, АКШга кантип мыйзамсыз келгени тууралуу айткан. Ал кыргызстандык адамдар болгон топ менен биргеликте Жээк коопсуздук кызматынан жашынып, Кариб деңизи менен баратышкан кезде караңгыда кыргызстандык аялдын колунан баласы түшүп кеткенин, артынан аял жана күйөөсү сууга секиришкенин айткан.Бирок, ал бул окуянын качан жана кайсы өлкөдө болгонун так айткан эмес.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кариб деңизинде каза болушу мүмкүн болгон кыргызстандык үй-бүлө боюнча КР АКШдагы элчилиги Кариб бассейниндеги өлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен окуянын чоо-жайын тактоо иштерин жүргүзүп жаткандыгын, тиешелүү жооп алаары менен кошумча маалымат берилерин билдирди.