"Эркин-Тоо"

АКШга виза ачууну жеңилдетүү маселеси талкууланды

Кыргызстан АКШдан туристтик визанын мөөнөтүн узартууну суранды. Бул тууралуу КРнын АКШдагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер менен жолугушкан.

Анда эки өлкөнүн ортосундагы көйгөйлүү маселелер жана аны чечүүнүн жолдору талкууланды.

«Бакыт Аманбаев президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусунда талкууланып кабыл алынган документтердин маңызы жана жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат берди», — деп айтылат билдирүүдө.

Андан соң АКШнын Бишкектеги элчилигинде кыргыз атуулдарынын Америкага виза алуу үчүн жазылуусунун узун кезеги түзүлгөндүгүн, виза алууга кезекке тургандардын саны барган сайын көбөйүп бара жаткандыгын белгилеп, Кыргызстандын жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Ошондой эле элчи АКШга окууга өткөн кыргызстандык студенттерге виза берүүнү жеңилдетип, алар үчүн өзүнчө кезек уюштурууну жана туристтик визаны беш жылдык эмес, он жылдык мөөнөткө жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи.

Брайн Стимлер АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде түзүлгөн атуулдардын узун кезегинин түзүлүү себептерин иликтеп, жообун кошумча билдирүүнү убада кылды.

«Жолугушуу учурунда Бакыт Аманбаев АКШ тарабынан Россияга каршы киргизилген эл аралык санкциялардан улам, айрым кыргызстандык ишканалардын акчалары америкалык банктар тарабынан кармалып жаткандыгын баса белгилеп, аны чечүү боюнча өз сунуштарын ортого салды. Натыйжада, тараптар аталган маселени жакынкы келечекте чечүүнү тездетүү максатында АКШнын жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүү боюнча макулдашышты», — деп айтылат маалыматта.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!