"Эркин-Тоо"

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен акысыз  билим алгыңыз келеби?

“Жандан Креатив” коомдук фонду  АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен “Креативдүү кесиптер Академиясы” билим берүү долбооруна катышууга 16 жаштан 35 жашка чейинки бардык каалоочуларды чакырат.

Долбоордун негизги максаты – аймактардагы жаш жана чыгармачыл жаштардын ѳнүгүүсүн жана окутуу, ошондой эле, майыптыгы бар адамдарга жеткиликтүү билим берүүнү уюштуруу. Биринчи долбоор 2020-жылдын октябрь айында ишке кирген. Үч жыл ичинде жалпы 8573 анкета келип, 1300дѳн ашууну долбоордун алкагында окутулду. Кыргызстандын 7 аймактын жаштары “Графикалык дизайн”, “Санарип маркетинг”, “Видео продакшн”, “Веб иштеп чыгуу” жана “Контент менеджмент” багыттар боюнча окуу курстарынан ѳтүштү. Ар бир окуу айланпасынын акырында жыйынтыктоочу иш чаралар өткөрүлүп, мыкты бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн дипломдук иштерин көпчүлүккө тааныштырып, баалуу белектер менен сыйланышты.

Биздин курстар орус тилинен кыргыз тилине жана кыргыз тилинен орус тилине синхрондук котормо аркылуу которулуп турат, жана да сабактарда жаңсоо тилине которуп туруучу атайын котормочу такай катышат. Сабактар үчүн атайын Codify платформасы тандалып алынган, ага эки тилде жазылып алынган сабактар киргизилди жана биздин насаатчылардын кошумча  видеосабактары жүктөлөлүп турат. Биздин студенттер платформадагы жеке кабинеттен сабактарды кайра көрүп, долбоорлорду жана үй тапшырмаларын тапшыра алышат. Курс башталганга чейин биздин студенттер үчүн компьютердик сабаттуулук курстары өткөрүлөт, өткөрүлгөн сабактар Codify платформасында сакталат. Курстун алкагында эксперттер резюме, портфолио даярдоо боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт, ошондой эле тренинг аркылуу катышуучуларды иш берүүчүлөр менен боло турган интервьюга даярдашат. Кыргызстандан жана АКШдан чакырылган эксперттер курстардын темасы боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт.

«Креативдүү кесиптер Академиясы» долбоору «Жандан Креатив» коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин гранты аркылуу башкарылат.

Бул жолу Академияда тѳртүнчү окуу жылын башталды! Окутуу курстары 2 багыт боюнча орус жана кыргыз тилинде жүргүзүлѳт:

1 курс — Графикалык дизайн – май — июль 2024.

2 курс – SMM (Social media marketing) – август — октябрь 2024.

Долбоорго катышууга 3 баскычтуу тандоодон өтүү зарыл:

1 этап – Анкета толтуруу менен арыз таштоо. Анкетага шилтеме: Академиянын сайтында www.creative-academy.kg. Анкета толтуруп, берилген суроолорго кененирээк жооп бериңиз – бул сиздин долбоорго катышуу мүдѳѳңүздү кеңири түүшүнүүгѳ шарт түзѳт.

2 этап – Жеке баарлашуу аймактык координатор менен телефон аркылуу жүрүгүзүлѳт.

3 этап – Академиянын веб-сайтында студентти каттоо.

Долбоорго катыша алуучулар/тандоонун талаптары:

  • 16-35 жашка чейинки жарандар
  • 16-35 жашка чейинки майыптыгы бар адамдар
  • Катышуучулар Кыргызстандын жараны болушу керек жана окуу учурунда Кыргызстандын жети аймактын биринде жашашы керек
  • Тандоонун 3 этабынан өтүү

 Окуу үчүн эмне зарыл:

  • Жеке компьютер же ноутбук. Майыптыгы бар адамдардын ноутбук/ компьютери жок болсо, окуутуу убагына берилет.
  • Компьютерде иштөө көндүмдөрү.
  • Интернетке туташтыруу мүмкүнчүлүгү.
  • Смартфон базасындагы телефон.
  • Жаңы кесипти окуп үйрөнүүгө жана өнүгүүгө умтулуу.
  • Курстун үч айынын ичинде дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү, 16:00дөн 18:00гө чейин 2 сааттан окууга мүмкүнчүлүгү.
  • Берилген үй тапшырмаларды аткарууга убакыт бөлүү.

Долбоорго Кыргыз Республикасынын бардык 7 облустардын жарандары катыша алышат.

 Орундардын саны чектелүү.

Курсту аяктаган соң катышуучулар сертификат алышат, ал эми эң активдүү катышуучулар Бишкек шаарында өтө турган төртүнчү окуу жылдын катышуучуларынын дипломдук иштерин коргоо — жыйынтыктоочу иш чарасына катышышат.

Долбоор тууралуу толук маалымат:

Долбоордун Менеджери +996 707 181 081

Биздин сайт: www.creative-academy.kg

https://www.facebook.com/creative.academy.kg

https://www.instagram.com/creative.academy.kg

https://wa.me/996707181081

 

https://t.me/academy_creative_kg

Пример HTML-страницы