Аксы районунда 9 жаштагы баланы «тир» үлгүсүндөгү курал менен тууганы атып алган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-августта Жалал-Абад облустук ооруканасынын дарыгери тарабынан милицияга маалымат түшкөн. Анда Аксы районунун Жерге-Тал айылынын тургуну 9 жаштагы аттуу баланы тууганы ойноп жатып кокусунан көзүнө атып жибергенин билдирген.
Жабырлануучу Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Аталган факты Аксы РИИБинин маалыматтардын электрондук каттоо журналына «кокустук» деп катталып, тергөө иштери жүрүүдө.