"Эркин-Тоо"

Аксыда системалуу түрдө акча алып жүргөн акушер-дарыгер кармалды

Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүндө калыптанган паракорчулук жана опузалап акча талап кылуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгына Д.С.М. аттуу жаран кайрылып, Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу 1983-жылы туулган М.А.А. опузалап акча талап кылып жаткандыгына байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүлүшүн суранган.

Ыкчам тергөө иш аракеттеринин негизинде 2023-жылдын 2-февралында М.А.А. өзүнүн иш бөлмөсүндө талап кылган акчаны алып жаткан учурунда кармалды.

Азыркы учурда аталган факт УКМК Жалал-Абад областынын башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, КР Кылмыш-Жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

КР УКМК Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгы жарандарга опузалап пара алуу жана башка мыйзам бузуу фактылары боюнча (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 номерлери аркылуу нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну эскертет.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!