Курулуш министрлиги маалымдагандай, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жылгын айылында жаңы мектеп курулууда.
Мектеп 225 орунга ылайыкталып, үч кабаттуу окуу корпустан турат. Имаратта негизги окуу класстардан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, балдар жана кыздар үчүн эмгекке үйрөтүү сабагына ылайыкташтырылган класс орун алат. Азыркы тапта имараттын экинчи кабаты тургузулууда.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда.

