"Эркин-Тоо"

Аксыдагы авто кырсыктан 13 адам жабыркап, бир адам каза болду

Бүгүн таңга маал Аксы районунда унаа кырсык катталып, анын кесепетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кербен–Кош-Дөбө унаа жолунун болжол менен 13- чакырымында «ВАЗ 2106» жана «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Кырсыктан 1 эркек киши каза болуп, 13 киши (7 эркек, 3 аял жана 3 жаш бала) ар кандай жаракат алышкан. Учурда алардын аты-жөндөрү такталууда. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми тез жардам кызматынан эки бригада тартылып, жабыркаган адамдарды Аксы райондук ооруканага алып кетишкен.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!