"Эркин-Тоо"

Аксыдагы оорукананын күйүп кеткен чатырын алмаштырууга 6 млн сом бөлүндү

Аксы районунун Кербен шаарындагы Жалпы дарыгердик практика борборунун күйүп кеткен чатырын жабууга 6 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган оорукананын директору Медербек Осмоновдун айтымында, чатыры толугу менен күйүп кеткен, өрт имараттын ичине түшкөн эмес, бүгүнкү күндө имараттын ичин тазалоо иштери жүрүп, жабдыктар орнотулууда. Өрттөн келтирилген зыян эсептелүүдө.

Ошондой эле Жалал-Абад облустук ММК фондунун аймактык башкармалыгынын башчысы Акмат Самарбеков 2023-жылга оңдоо иштерине 17 млн ​​сом бөлүү пландалып, анын 6 млн сому имараттын чатырын тез арада жабууга бөлүнгөндүгүн билдирди.

Аксы районуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында министр Гүлнара Баатырова облустун саламаттыкты сактоо уюмдарында өрт коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүнү, облустук координаторго, ММК фондунун аймактык башкармалыгынын башчысына жана Аксы ЖДПБнын директоруна тез аранын ичинде имараттын чатырын жабуу, бейтаптарды медициналык тейлөөнүн сапатын көзөмөлдөө, бардык керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу боюнча зарыл иштерди баштоону тапшырды.

Эскерте кетсек, кечээ аталган ооруканада өрт чыгып, тилсиз жоону өчүрүү үчүн жерине төрт бөлүм тартылган. Өрт саат 11:10до чектөөгө алынып, толук саат 11:23тө өчүрүлгөн. Ооруканадан 72 жаран эвакуацияланып, бактыга жараша жабыркагандар болгон эмес.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!