"Эркин-Тоо"
Аймак Кырсык

Аксыдагы уулануу боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Ушул жылдын 4-март күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында бир кечеге катышкан адамдардын массалык уулануусу катталып 6 адамдын өмүрү кыйылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалып, 4 айдан соң экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. “Жүргүзүлгөн соттук-химиялык, биологиялык жана медициналык экспертизалардын жыйынтыгында, кечеге катышкан жарандардын метил спиртине уулангандыгы аныкталган. Бул кылмыш иштери боюнча Аксы РИИБинин тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери аяктап, Жазык кодексинин 280-беренеси («санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») жана 135-берененин («этиятсыздыктан киши өлтүрүү») негизинде соттун кароосуна жиберилди”,-делет маалыматта.