"Эркин-Тоо"

  Аксынын он баатыры

Жоокерчилик  доорунда  көчүп  конуп  жүрүп,  кылычты  жазданып  жатып,  найзаны  таянып  туруп,  түндүгү   көктү   караган  боз  үйдө   кыргыз  эли   канча  деген  кылымдарды   башынан  кечирип  жашап  келе   жатат.  Канча  деген  замандар  өкүм сүрүп,  көптөгөн  жылдар  көзгө  илешбей  суудай  акса  да,   эли  журтубуз  улам  эртеңине  үмүттүү  карап  келген.    Өткөн  өмүрү  артына  кайталанбаган,  ташыркабас  тагдырдын  тарыхий  жолуна   шам  чырактай  шоола  чачкан   кыргыздын  баатырлары  болгон.   Абалтадан  бир  эл  чапкан,  бир  эл  чабылган,  бир  эл үстөмдүк  кылган,  бир  эл  мүңкүрөгөн.  Баатыр  болуп  туулгандары  баатырча  өлгөн. Сакалдарын  салаалап  тараган  карыялар  аларды  макалдап,  жомок  кылып,  даңктап,  көкүрөккө  сактап,  жаш  муундарын  ошондой  эрдикке  тарбиялап  келүү  элибиздин  салты  болуп калган.    20.09.1930-жылы Арстаналы  Осмонбековко  Москвадан  келген  кат  республиканын  коомдук-саясий  документтер  архивинде  сакталып  туру.  Анын  мааниси  төмөндөгүдөчө:  «Граждандык согуштун баатырларынын альбомун» басып чыгаруу боюнча комиссия  сизден  суранат.  Кандай  эрдигиңиз  үчүн  сиз  Кызыл Туу  ордени  менен  сыйлангансыз,  абдан  кыскача  баяндап,  тез арада төмөндөгү адреске  жиберип койсоңуз.  Москва шаары, Фрунзе көчөсү 19, Главное  Управление Рабоче-Крестьянской  Красной  Армии.   Арстаналы  жарандык  согуштун  легендарлуу  баатыры  экенин  ушул  кат  дадилдеп  туру,  ал  тууралуу  сөз  кылабыз.

Арстаналы  Осмонбеков  1885-жылы Фергана областынын Наманган уездинин  Кырк-уул    болуштугунун    Тегене  айылында   төрөлгөн. (Азыркы   Аксы району).   Атасы Жангарачев Осмонбек  үч    жолу   Кыркуул болушунун  жетектөөчү  кызматына  шайланып,  болуш  болгон  адам.  Ал  абдан  өнгөн  өскөн  үй-бүлөнү  башкарып,  он  бир  уулу,  үч   кызы  болгон. Анын  экинчи перизенти  – Арстаналыдан  атасы  Осмонбектин  үмүтү чоң эле. Тоо  аралап,  жер  астындагы  кен  байлыкты  изилдеген  геолог  адистер  менен  Арстаналы  биринчи   эле  жолугушууда эски  тааныштай  дилинен  аларга  нур  чачып,  достук  сезим  тартуулагандай  абал  жаратат.  Алар менен  ынак болот. Жолдошу  бар  жолдо   калбайт  деп,  геологторго  кошулуп  тоо  аралап  кетип,  кызыктуу  күндөрүн  өткөрүп  жүрөт.  Жайдын  күнү  орозо  аяктап,  айт  келди.  Куданын  улуу  күнүндө   геологтор  да  айтташып,  Осмонбек  болуштун  үйүнө  келишти.  Николай  астейдил  серп  салып  отуруп,  Осмонбекке  кайрылып,  болуш– деди.  “ Сиздин  журтуңуздан  тапкан,  биздин  досубуз  Арстаналынын  колунда   да,  оюнда  да келечекке  жарык  чачкан  шамы  бар.  Баланы  окутуу  керек.  Биздин  оюбузча  Намангендеги  орус-тузем  мектебинен  билим  алса,   ийгиликтин  ийнесин  учуктаган  болот  эле”.   Бул  Осмонбектин  оюна  келбеген  жаңылык  болду.  Ансыз  да  Арстаналы  эки  жылдан  бери,  Намангенден  келип  бала  окуткан  молдонун  сабагына  катышып,  ариб  таанып  калган  эле.  Осмонбек  болуштан  жооп  күткөндөй  болуп,  Николай  үмүтүн  үзгүсү  келбей  олтура  берди.  Болуш  дагы  ойго  чөккөндөй  көрүнүштө  болуп  жаткансыды.  Николай  эңкейинки  абалдан  бир  өйдө  болуп,  болушту  карай  жылмайып,  сиз  уруксат  берсеңиз  Арстаналыны  биз  алып  барып  окута  беребиз – деди.    Бул  сунушуңузга  мен  абдан  ыразымын – деди  Осмонбек.    Акыл  калчап,  ойлонушуп  көрүп,  даңазасы  таш  жарган, улуу  Орусиянын  ак  падышасынын  чечимдерин  котормочу  болбой  тушүнбөй  кыйынчылыкка  дуушарбыз.  Орус  тилин  билүү  келечектүү  маселе – деди  болуш оюнда.

Арстаналы 14 жашынан  баштап  Наманган шаарындагы орус-тузем  мектебинде  окуган,  ал  жакшы  окуп, алдыңкы  окуучулардан  болгон.  Анын  зеендүүлүгү,  бийиктикке  умтулуусу,  бейчеки убактысын  сарптабаган,  аракетчил  баласынын  жөндөмүн  сезип,  ичинен  өзү  ыраазы  болуп  жүрөр  эле.  Кулагына  куйулуп,  көкүрөгүнө  уйуп  калсын  деген  ой  менен  Осмонбек  Арстаналыны  кичинекейинен  эркелетип,  ийнинен  сылап  “Эмгек  кылсаң  жашыңдан,  дөөлөт  кетпейт  башыңдан” – дейт  эле.  Бул  сөз  жаш  баланын   жан  дүйнөсүнүн  сересине  өчпөс  тамга  менен  жазылып  калды.Таң  агарып  атып,  тараза  жылдыз  батып,  жаңы күн  келип,  жер  бетине  нур берет.  Бир  күн  өтсө,  ал  экинчи  күндүн  келишине   үмүтүн  артат.  Бизди  дагы  ар  күнү  улуу  жеңиштер,  ийгиликтер, бийиктиктер  күтүп  турат,  деп  өзгөчө  басым  жасап  айтар  эле – атасы.  Ошол  себептен  каалоо-тилегиңди  таамай  аныктоону  үйрөн  балам.   Бул  жашоодо  кандай  адам  болгуң  келет,  эмнени  каалайсың,  атакка,  даңкка  кантип  жетишкен  Алымбек  датка,  Шабдан  баатырлар,  ата  журтуңа,  анын  келечегине  кандай  салым  кошосуң,  мына  ушундай  асыл-ой  максаттар,  акыл  ойуңдун  берешендүү  багына  тигилген  көчөт  болсун – деген  насаатын  Осмонбек  кайталоодон  такыр   тажабачы  эле.  Ата  тарбиясынын  таасири  Арстаналыны  улам  жаңы ийгиликке  шыктандырчу  болуп  калган.   “Адамды  сыйлап  үйрөнсөң,  өзүң  да  сый  көрөсүң”  деген  эрежеге  Арстаналы  балакай  чагынан  кудайдын  куттуу  күнү  ой  толгоосунан  орун  берип  үйрөнгөн.

Биринчи   дүйнөлүк  согуш  жүрүп  жаткан  учур.   Эртеңки  күндүн   түрү  кандай  болот?   Аттуу — баштуунун  баары   акыл  дүрбүсүнөн  келечекти  көргөнгө  аракеттенип,  замандын  койгон  бул  суроосуна  жооп  издешти.   “Көл  чайпалса  төгүлөт,  эл  чайпалса  түгөнөт” – деген  карыялардын  сөзү  Арстаналыны  терең  ойго  салды.    Арстаналыга  табийгат  ой  десе  ойду,  бой  десе  бойду  аябай  берген.  “Бир  тилди  билсең,  демек  бир  адамсың.  Эки  тилди  билсең  анда  эки адамсың.  Эгерде  жети  тилде  сүйлөй  билсең,    жети  улуттун  сыйына  татыйсың,  жети  киши  боло  аласың”  дечи   орус-тузем  метебинде  окуткан  агайы.  Аны  эстей  калып,  жүзүнөн  нурун  чачыратып,  Арстаналы   жалтанбаган  болоттой  курч  мүнөзүн  бүлөдү.    Алтын  башындагы   акылын,  билектеги  күчүн,  ата  мекенге   арноого  ниеттенди.  Жемишинен  таанылган  дарактай  болууга  дилинен  орун  берди.

Падышалык  Россия биринчи  дүйнөлүк  согушка  катышкан,  бирок   Орто  Азиянын  жергиликтүү   элинен  аскер  кызматына  адам   албаган.   Согуш  жүрүп  жаткан  зонада  аскердик  байланышты  камсыздоо  үчүн,  коргонууга   керектүү  курулуштарды,  катташуучу  жолдорду,  окопторду  даярдоо   максатында  борбордук  Азиядан 19-43  жаш  курагындагы  480  миң  эр  жигиттерди  мажбур  ирээтинде   мендикерликке   (оорук  жумуштарына)  тартуу  милдеттендирилген    Ак  падышанын  жарлыгына  1916-жылы  25  июнда  кол коюлган  эле. Согуш  фронтундагы   абал  оорлошуп,  коргонуу  чептерин  куруп,  аскердин   керектөөсүнө  ылайык  кызмат  өтөп,  керек-жарагын  камсыздоо  максатында  оорук   жумуштарына  (тыловая  службага)   эмгекчил  күч тартылган.  Элибиз  аларды   мендикер  дешкен.  Көздөгөн  максатты  ишке  ашыруу  кыйынчылыкка  туруп,   болгону 123  миң  мендикер  барды.  Бул  жарлык Түркстан   элдеринин  көтөрүлүшкө  чыгуусуна  чечкиндүү  түрткү  берди. Кан  жуткузган  катуу  сыноого   дуушар  болгон  элдерди  чайпалтып,  дүрбөлөңгө  салган  көтөрүлүш  Ходжент  шаарынан  башталып,  Андижан,   Наманган,  Фергананы  каптап, Кочкор,  Жумгал,  Чүйдү  жана  көл  кылаасына  чейин  кулач  жайды. Түндүк  кыргыздар  бул  көтөрүлүштү  үркүн  деп  атады.

Жайкы  саратан  чазылдап  турган  учурда,  Кашка-Суу  жайлоосунда      бетегелүү  белде  ийри  отуруп,  төрт  болуш  түз  кеңешишти.  Бышкан  козуларды союп,  мөмө-жемиш  алдырып,  дасторкон  салынып,  конок  күтмөй  Арстаналыга  тапшырылган.  Жаңак  жыгачынан  кырылган  кеселерге  бал  кымыз  куйуп  конокторго  сунулуп  жатты.   Ортого салчу  ой – элди  толкундаткан  көтөрүлүш.   Сулайманкул,  Мырзабек,  Чыныбек,  Осмонбек  болуштар  ак  падышанын  жарлыгын  аткаруу  маселесин  талкуулашты.  Согуштун  түйшүгүн  тартканга,   балдарын  ыра  көрбөй  калың  эл  бийликке  каршы  көтөрүлгөн учур.  Өчүп  бараткан  өрттү  кайра  үйлөп  көбөйтбөйлү.  Жылуу  сөз  менен  элди  укурукка  илели.  Журтубуз  дүргүп  турган  мезгилде  көтөрүлгөн  камчы,  таптаган  кылычтай  болуп  көрүнөрүн  эстен  чыгарбайлы.   Бейпил  турмушка  ачуу  арас  жалын  чачса,  ага  акыл  эстин  суусун  себели  деген  бүтүмгө  келди. Моюнтуруктун  жоон  башын  калың   эл  көтөрөт,  мендикерлерди  тизмелеп  баштайлы  деп   Осмонбек  болуш  корутунду  сөз  сүйлөдү.   Эч  кимден  үн  чыкпай,  тынчылык  бир  аз   өкүм  сүрдү.  Анан  Сулайманкул  болуш  салмактуу  сөзүн  жай  баштап, “биз  көчмөндөр – көк  мелжеген  элбиз,  чеп  болуп  туруп  алса  кантебиз  деди”,  отургандарды  ойго  салып.  Жымжырт…  бирөө  дагы  үн  катпады.  Бир оокумда  Арстаналы  атасына  кайрылып  ажым..  деди.  “Сиз  биринчи  өзүңүздүн  балаңызды  жибериңиз  ал  жакка.  Анан  эл  журт  сизди  ээрчийт”.  Өзүнөн  акыл  чыкпай,  өзгөгө  ишене албай турган  Осмонбек  баласына  карап,  сен  барасыңбы?….  деп   ормое карады.  Мен  өз  ыктыярым  менен  барам.  Бийлик  бар  жерде  зордук  болот.  Тууганга  туурдук  болуп   калкалабай,  калыстыкты  карманыңыздар  деген  өтүнүчүн  айтты  Арстаналы.

Үркүн   учурунда  Арстаналы  500  мендикерин  Намангандан  поездке  отургузуп,  Ташкенти  көздөй  жол  тартты.  Как  деген  карга,  кук  деген  кузгун  учпаган,  какшыган  чөлдөрдү  кыркалап  кезип  өттү  поезд.  Жолоочунун  жол  азабын  тартышып,  Белорусияга  барып,  согушуп  жаткан  аскерге  жардам  берип  жатты. Арстаналы  кылымдын   добушуна  кулак  салган  жан  эле.  Ал  орус  тилинде   эркин  сүйлөп,  жаза  билип   окуп  үйрөнгөн,  жашы  отуздун  кырын  жаңы  эле   ашып,  бай  теректей  шактап  мартабасы  бийиктеп  келе  жаткан  мезгил  эле.   Арстаналы  башкарган  мендикерлер  тобу  Белорусиянын  Гомель  губерниясына  келип,   4-жумушчулар  партиясынын  курамына   кошулду.  Күндүн  ысыгы  куйкалап,   жайлоонун  абасы   салкындатып,  Ала-Тоодо  эркин  өскөндөр,   күздүн  нымдуулугунан,  кыштын  суугунан  кыйналышып,  катаал  турмуш  шартына  кабылышты.  Жашаган  жер  төлөсү  сыз,  жатаканасы  чөп  төшөлгөн  нарда,  тамагы  начар  болуп,  кордуктун  коломтосуна  дуушар  болушту.   Крулуш  батальонунун  командири  майор   Юрий  Баклашов   беш  күндө  аткарыла  турган  иш  тапшырманы ийне  жибине  чейин  түшүндүрүп  Арстаналыга  тапшырат.  Анан  соң  ал  тапшырманы  оорук  жумушчуларына   Арстаналы  кыргыз  тилинде  жеткиликтүү   түшүндүргөндөн  кийиин,  күжүрмөн  эмгек  кулач  жайып,  иш  баштап  калышчы  экен.  Арстаналы  башкарган  мендикерлер   жерге  тоң  киргинче  жер  казып,  кыштын  күнү  карагай  кыркып,  кайратман   эмгеги  менен  жалпыга  тааныллышты. Жыл  аяктап  кыш  келди.  Катар  жайгашкан   жер  төлөлөрдү  кыдырып,  Арстаналы   чогулган  мендикерлер  менен  жыйын  өткөрүп,   алардын   жарпын  жазды.   Эмгек – эрдин көркү,  эр–элдин  көркү  деген  ата  бабабыз.  Силер  иш  жүзүндө  ушундай  эрдикти  камсыз  кылдыңар  деп   ыраазычылык  билдирди.

Майор  Баклашов  менен  Арстаналы  абдан  ынак.   Арстаналы   кызыгуу  менен  серп  салып,  согуш  жүргүзүү  илимин  майордон  үйрөндү.   Чабуулдан  коргонууга  өткөндө  аскер  жайгаша  турган  чепти  куруп  көрсөттү.   Эң  башкы  эреже – деди  майор.  Өлүм    кылт  этип  да,   кан  майданындагы  жоокердин  ойуна  келбеш  керек.  Жоокердин  ойуна  өлүм  коркунучу  конуп  алса,   душмандын   аткан  огу  накта  ошого  тийет.  Ошондуктан  душманды  биринчи  сен  ат,  болбосо  озунган  душман  сени  атып салат.   Ушул  эрежени  бойуна  сиңирүү,  жоо  жаракты  туура  пайдалана  билүү,  жеңишке  алып  баруучу  даңгыр  жол – деди  Юрий  Баклашов.    Батальондун  эки  офицери  өз  ара  маектешип  отурду.   Бу  Арстаналынын  акылы  тоңбогон  тоң  экен,  кандай  маселени  болсо   да  жөөлүү  чечет.   Анын  билими  түгөнбөгөн  кенч,  билимдүү  өсөт,   билимсиз  тозот  эмеспи  биздин  катарга  анын  кошулушун  каалар  элем деп маектешти.  Революциялык  кыймылды  колдоп,  аскер  кызматында  жүргөндөр,  Арстаналыны  өз  катарына  кошуп,  аны  революцияга  шыктандырышып,  тыйуу  салынган  адабияттарды  окутуп,  1917-жылы  Брянск  шаарына  келишет.  Ал  жерде  Улуу Октябрь  революциясынын  жеңишке  жеткенин “Окопная правда”  гезитинен  окуган.  Тагдыры  буйруган  экен,  аксынын  кулуну   Арстаналы  Октябрь  революциясын  Брянск  шаарында  тозкон.

Мендикерлер  Намангенге  жүрчү  поезди  күтүп,  Москвадагы  Казань  вокзалында  беш  күн  жатты.  Ошол  аралыкта  майор   И. А. Белоусов  менен  Арстаналы  таанышып калат.  Ал  майор  Арстаналыны  Иваново-Вознесенский  губерниясынын  аскер  комиссары  М. В. Фрунзеге  жолуктурат.   Сыйлуу   маанай  тартуулап,  Ваше  величество  Михаил  Васильевич!  Деп Арстаналы  кол  сунуп  учурашканда.  Сен  кыргызча  сүйлөчү.  Мен  кыргыздын  сөзүн  абдан  сагындым –деди  Михиал  Фрунзе.   Жакшы – таап  сүйлөйт  деген  ушул  деп  Арстаналы  ичинен  ыраазы  болду.   Жай  отуруп  кеңири  маек  курушту.  Фрунзенин  берген суроосунан  Арстаналы  анын  акылмандуулугун  байкады.    Кедейлер акыйкатты издеп жүрүшсө, байлар акыйкаттан  качып  жүрүшкөн  заман  өттү. Кедей  менен  кембагалдын  бийлиги  орноду.  Мезгил  өзгөрүлөр,  биз  да  өзгөрүлөр  доор  келди.  Элге  ат  башындай  алтындан  акыйкат  артык –деген  сөзү  Арстаналынын    ой   сезимине  жылтыраган  жылдыздай  нурун  чачты.  Фрунзе  андан  ары  сөзүнө  өзгөчө  басым  жазап,  Арстаналыга  терең  ишенимин  билдирип,  асыл  ойлорун  айтты:   Бүгүнкү  күндө  Орто  Азияда  абал  оорлошууда.   Колониялык  бийлик  жергиликтүү  элди  эзип  келди.  Ошол  эле  капиталист,  помещиктердин  кордугун  көргөн  жумушчулар  менен дыйкандар  бүгүн  өз  бийлигин  орнотуп,  эркиндиктин,  тендиктин  үзүрүн  бирге  көрөлү  дейт.   Ой  жеткен  менен  кол  жетпей  турган  учур.  Анткени,  колониялык  саясаттын  каймагын  калпыган   Англия  Орто  Азияны  колтугуна  корголойм  деп, алдоо  тилге  салып,   курал  жарак  берип,  Россиядан  бөлүп  алуу  аракетинде.   Түркия  болсо  Россияга  каршы  согуш  ачып,  Борбордук  Азиядагы  туугандарын  бизге  тукуруп  койгон.   Диний  көз  караштагы  агымдар,  мусмульмандардын   мамлекетин  түптөп,  Түркияга  кошулабыз  деген  ниетте.   1916-жылдагы  көтөрүлүштө  кызыл  кыргын   салган  падышанын  аскерин  бетке  кармап,  элдин  биримдигине  бүлүк  салуу  аракети  да болуп  жатат. Жергиликтүү  элде  билим  кулач  жайа  албай  калкы  тушалып,  аларды  алдыга  үндөй  турган  саясий  партиялар  жок.  Алы  жок  акыйкат  бечара  болуп  турган  кези. Эмне  кылыш  керек?     Бардык  улуттар  тең  укуктуу,  өзү  каалагандай  мамлекетин  түзүп,  тилин,  үрп-адатын  сактап,  эркиндиктин  жолунда  өнүксүн  дейт  большевиктердин  саясаты.  Бул  деген  саясаттын  асыл  ташы,  ага  кир  жукпайт.  Арстаналы,  сен  жүрө  турган  жол  ушул.  Тайманбай  бел  байлап,  өнөр  билимиңди,  ишмерлигиңди  ишке  сал. Сөз  билбеген – муштуму  менен  коркутат  дегенден  болбоо  керек.  Журттун  жүгүн  көтөрүп,  таланып,  тонолуп  жаткан  элди  коргой  турган  куралдуу  күч  уюштуруп,  элдин  керегине  жара – деди  Михаил,  үмүттүү  көзүн  үлбүрөтүп,  Арстаналыга бура  карай.  Тыңшасын  деп  шыбырап,   уксун  деп  үнүн  бийиктетип  айткан  Фрунзенин  сөзүн,  Арстаналы   акыл  эси  менен  салмактап, М. Фрунзе  эсепсиз  байлыктын  ээси  экен  го  деген  ишеничине  көңүлүнөн  орун   берди.  Билимдин   деңизинде  калкытып,  акылдын  кайыгын  айда  дегени  ушул,  мындай  акылман  адам  досуң  болсо – ал  нукура  байлык.  Толгон  айдын  аппак  нуруна  балкыгандай  мемиреп,  туура – деди  Арстаналы.  Көптү  билсең,  бирок  аны  колдоно  билбесең  баары  бекер  да.  Мен  алган  мурунку  таалимдерим  бир тыйынга  арзыбагандай  ойго батырды.

Паравоздун   дөңгөлөктөрүнөн  чыккан   шакылдаган  үндөр  бирине-бири  жуурулушуп,  комуздун   күүсүндөгү  көркөм  үндөй  жаңырып,  карагай,  кайың  өскөн  токойлорду   аралап,  учкан  куштай  абаны  жиреп  жол  арбытып  келе  жатты.  Арстаналы  вагондун  айнегинен  карап,   жаратылыштын  кооздугуна  суктанып  отуруп  ой  сермеди.  Эгерде «меники», «сеники» деген түшүнүктөр жок болсо, жер жүзүндө санжыргалуу бейпилчилик орнойт эле.  Бай  менен  кедей  тирелишкен  күрөш  барда  байлыктын  суусуну  канбайт  экен.  Байлык  деген  өзү  да,  көзү  да  тойбогон  соргок  тура.  Акылдуу  ойлорду  да   унут  калтырат  экен  го  бу  чиркин.  Чындык  дегендин  басар  жолу  узак,  абдан  алыс.   Миңдеген  жылдарда   теңсиздикке  жол  берип,  чындык  шашпай,  ашыкпай  эми  өз  оордун  тапкысы  келген  окшойт.  Жаңы  доордун  босогосу  ачылып,  кембагал  кедей  теңелип,  каршылаш  сезимден  арылышып,   досдук  сезимге  бөлөнүшүп, ичи  да жарык, жүзү да  жарык  пенделер  жашаган  заман  келер  болгон  окшойт.  Эртеңки  күн  кандай  насибесин  сунуштайт  бизге?   Арстаналынын   жүрөгүндө   жүргөн   өз   элинин  кичинекей  сүрөтүн,   келечектен  көргүсү  келип,  көз  алдына  элестетүү  түйшүгүн  тартты.  Ата  журтсуз   жашоо  жок.  Эгерде  кадимден  бери  кармашкан  душманың  качкан  болсо,  ага  алтын  көпүрө  салып  узат деген.   Коомдун  козголоңдуу  мезгилинде  Арстаналы  изденүүгө  бүт  ынтаасын  багыттады.   Тоң  чалбаган  айкөл  жүрөгүндө  түнөп  жүргөн  ойлоруна  таяана  жүрүүнү  чечти.   Темир  аргымак  темир  жолдо  алпынып,  Фергананы  өрдөп,  Намангенге  келип  токтоду.  Жашыл  тукабаны  жамынып,   жер   бетине  көктөм  көрк  берип,  тоо  тараптан  соккон  муздак  жел  шаарды  аймалап,  күлдөгөн  бак  дарак  саймадай  кооздукка  бөлөгөн  учурда  мендикерлер  мекенине  келишти.   .

1917  жылы   февраль  революциясы  ак  падышаны  тактан   кулаткан.  Николай II  бийликтен  баш  тартат.  Убактылуу  өкүмөт  бийликке  келет.  Ошол  эле  жылы  Улуу Октябрь  революциясынын  жеңиши  коммунисттик  партияны  бийлик  тактына  отургузат. Устаранын  мизинде  оодарылган  заман  болуп,   улуттар  өз  тагдырын  өзү  чечүү  укугун   совет  бийлиги  жариялады. Ар  бир  улут  өз  тагдырын  өзү  чечет    деген  саясат  империализмдин   тушоосунда  жүдөгөн  аң-сезимди  ойготуп,   коммунитстердин  адилеттүүлүгүн  даңазалады.   Анын  негизинде,  Польша,  Финдяндия,  Эстония,  Литва  жана  Латвия  өлкөлөрү  өз  алдынча  мамлекет  болуп,  боштондукка  чыгышты.   Алардын  келечегине  жол  ачкан  үзүрлүү  саясат  болду.  Ошолор  баштаган  көчтү  биз дагы  улап,  мурунку  Кокон   хандыгынын   ордуна   “Түркстан  Мухтариати”   деген   жаңы  мамлекеттин  жаралганын  жарияладык.  Көп улуттан  турган  беш  миллион  калкы  болгон.  Тарых  барактарында   ал  өлкө “Кокандская  автономия”   деп   аталып  жүрөт.  Мамлекет  жетекчилери  Россияда  орнотулган  совет  бийлигин  таануудан  баш  тартышып,  ак гвардиячыларды  колдоп  коммунистерге  душман  болуп  калышкан.  Ошол себептен 88  күн  өмүр  сүрүп,   ал  мамлекет   жоюлган.  Аны  мекендеген  эл  кайрадан  Россияга  кошулган.  Түркстан  мухариатинин  ордуна  30 апрель  1918-жылы  Түркстан  Автономиялуу  Советтик  Социалисттик  Республикасы  (ТАССР)   уюшулган.  Жаңы  өкүмөт   буржуазиялык  гезиттердин  ишин  токтотту,  динди  мамлекеттен  бөлдү. Совет  бийлиги  орноп  баштаганда,  ага  уюшулган   куралдуу  күчтөр  каршылык  көрсөткөн  кыймыл  башталып,  ал   кыймыл  “басмачы”  деп  аталып  калды.  Алардын   максаты Түркстанды Советтик Россиядан бөлүү жана Түркстан  Ислам мамлекетин түзүү болгон.  Большевиктердин    өкүмөтүнө  болгон  ишеним  жоголо баштап,  эл  колуна  курал  алып,  советтик  Кызыл  Аскерге  каршы согушка  чыкты.  Орто  Азиядагы   мындай  куралдуу  күчтөр  “басмачылар”,  Россиядагылар  – “Ак  гвардиячылар”  деп  аталды.  Басмачылар   куралдуу  күч  түзүп, бүтүндөй  Фергана  өрөөнүндө   согуш  отун  тутантып,  кара  тумандай  каптады.   Басмачы  – бул  каракчы,  тоноочу,  зордукчу  деген  мааниге  ээ.       Түркистан  мухтариаты   аталган  мамлекетти  большевиктер  талкалагандан кийин,  Фергана  өрөөнүндө  талаа  командирлери  (корбашылар)  жетектеген  отрядтар  түзүлүп,  каршылык  көрсөткөн  күчтөр  уюшулуп,  басмачы  күч  алды.  Басмачылардын  баштапкы  жетекчиси  Кокон  полициясынын  начальниги  Эргеш  болду.  Анын  көзү  өткөндөн  кийин  Эргеш  молдо  отрядты  башкарып,  жоокерлердин  санын  жыгырма  беш   миңге  жеткизет.  Булардан башка  40 ка  жакын  козголоңчулар отряды  1918-1919-жылдарда Фергана  өрөөнүндө   аракеттенишкен.  Эргештин үстөмдүгүн тааныбай,  ага  баш  ийбеген  Мадаминбек — корбашы  чоң отряд уюштуруп,  ал  кыймылды  өзү  жетектеген. Анжиянды  басып алууга жана темир жолду кесүүгө  бир нече жолу  аракет кылышкан, бирок ийгиликсиз  болгон.  Андан соң  ошол  эле  1919 – жылы  Мадаминбек  орус  келгиндеринин  армиясын  жетектеген  Константин  Монстров менен союз түзүүгө жетишип,  22  октябрда  аны менен  биргеликте  коалициялык Убактылуу Фергана өкмөтүн түзгөн.  Жаңы  түзүлгөн өкүмөттүн  колдоосу астында   Мадаминбек,  Эргеш  жана  башка  корбашылардын  аскерлери  кайрадан биригишкен.  1919-жылы басмачылар ири шаарларды жана темир жолдорду кошпогондо, Фергана өрөөнүнүн дээрлик бардыгын көзөмөлдөп турган.  1919-жылы Михаил Фрунзе Түркстанга  аскер башчы  болуп  келип, басмачылар кыймылын талкалоону уюштура баштаган. Ал  жергиликтүү  элден  Кызыл Армиянын катарына 25 миң адам чакырып, алардын басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзгөн.  Арстаналы  түзкөн  өзүн  өзү  коргоочу  отрядты  өзүнчө  атчандар дивизионуна  айланткан.   Көтөрүлүшчүлөрдүн ири күчтөрү Ошту басып алып, Анжиян, Фергана жана Наманганга чабуул жасаган, бирок ийгиликке жетпей, тоолуу аймактарга чегинишкен. 1920-жылы  6  март  күнү  Мадаминбек Кызыл  Аскер  менен келишим түзүп, ага ылайык ал Совет бийлигин тааныган жана анын аскерлеринин бир бөлүгү Кызыл  Аскерге кошулган.  Ошол эле жылдын май айында Мадаминбекти  кыргыз  басмачыларынын  колбашчысы Халкожонун  отряды колго түшүрүп, өлүм жазасына кабылткан.

Мадаминбектен кийин басмачылар кыймылын Шермухаммадбек (Көр — Шермат) башкарган. Ферганадагы  басмачы отряддарынын бир бөлүгүн «Ислам армиясына» бириктирип,  1920 – жылы Анжиян, Жалал-Абад, Ош, Кокон жана Наманган аймактарында активдүү чабуулга өткөн.  Ал убакта большевиктер Михаил Фрунзе башында турган согушка даяр армияны түзө алышкан.  1920-жылдын экинчи жарымында Кызыл Армия  Көр — Шерматтын жана анын  куралдашы  Мойдунбектин аскерлерин талкалап, андан кийин алар партизандык согуштун, жортуулдардын жана саботаждын тактикасына өтүүгө аргасыз болушкан.  Андан  кийинки  эки  жылда  бул  кыймыл кайрадан  күч  алган,  Кызыл  Аскер  кайрадан  дагы  талкаланган.  1923-жылдын башында Көр — Шермат   командачылыкты  Мойдунбекке  өткөрүп  берип,  Ооганстанга качып кеткен. 1924-жылдын биринчи жарымына карата Фергана өрөөнүндө козголоңчу топтор  калбаган.

Түркстан окуяларында коркунучтуу ролду Түркиянын мурдагы согуш министри,   түрк улуттук-боштондук кыймылынын өкүлү катары Энвер паша ойногон.  Ал  1921 – жылдан  бери  Орто  Азияда  пантүркизм менен панисламизмдин жарчысы катары иш алып барган.  Энвер паша Түркия, Персия, Бухара, Хива, Афганистан жана Орто Азиянын советтик аймактарынан турган «Улуу мусулман мамлекетин» түзүүнү кыялданган. 1921-жылдын күзүндө Энвер паша Бухарага келет.  Андан соң Энвер паша Бухаранын мурдагы эмири Сейид Алим хан менен байланышып, ага Советтик Россия менен болгон согуштун башчысы катары кызматын сунуш кылат.  Энвер паша  Көр — Шермат жана басмачылардын башка жетекчилери менен келишим түзүп, Кызыл Армияга каршы аракеттерин координациялай баштайт.  1922-жылы Энвер Паша советтик 8-атчандар бригадасынын алдыңкы отряды менен кокусунан кагылышууда курман болгон. Ушундан  улам  басмачылардын кыймылы солгундай баштап,  1922-жылы Түркстанда 137 корбашы жана 2420 катардагы басмачылар Совет бийлигинин тарабына өтүп, курал-жарактарын тапшырышкан.

Арстаналы  тамыр   кармабай,  төлгө  салбай  эле,  табышмактуу  маселелерди   көкүрөк  сезиминин  элегинен  өткөзүп,  аларды   так  аныктай  билген   жөндөмдүү  инсан  болгон.  Арстаналы  руханий  байлыктын  уузун  таткан  билимдүү,  уюштуруу  иштерине  артыкча  шыктуу,   көзүнүн  нуру  жеткинче  көзөм,  сандыкта  жаткан  өнөрлөрүнүн  чети эми  ачылып  жаткандай  жетекчи  катары   Кызыл  Армиянын    командирлерине  таанылган.  Чубалжыган  кыллымдарга  созулуп  келген   көчмөн  турмуш, отурукташкан  элдерди   айрымалап  турган.  Кыргыз  аттан  куласа  дагы,  салттан  кулабаган  калк.  Отурукташууга  ой  жетсе  да   кол  жетпей,  көчмөн  турмуштун  көрүгүн  басып,  жыл  он  эки   ай  бою   боз  үйлөрдө   жашап, күн  көрүп  келген  калкбыз.    Ушундай  элдин  уулу   Арстаналы   “Өзүн  өзү  коргоочу  кошуун”   (отряд)  түзүп,  Наманган  уездинде  совет  бийлигин  орнотууда  эбегейсиз  зор салым  кошту.

Аман-Палван   Бухара  шаарынан  жетекчилик  жүргүзгөн   “Басмачы”  деген  атка  конгон  саясий күчтүн  жоокер  башчыларынын  катарында  турган  адам  болгон.    Ал    Ак-Сууга  келип,  чарчаган  атын  “карап  тур”  деп  Стамбекке  тапшырып,  ат  алмаштырып  минип,  Арстаналынын  атасы  Осмонбекти  колго  түшүрүп,   басмачылык  жортуулун улантып,  тоо  аралап  барып  элди  талап,  тоноп  малын  сүрүп  айдап  Кызыл  Рабатка  жол  тартат.   Келе  жатканда  Стамкулов  Жанкулунун    Кара-Жыгач  мазардагы   мейманканасын  өртөп,   кайра  Ак-Сууга  келгенде,  Коргон-Төбөдө  жыйын  кылып,  калың  элдин  үрөйүн  учурган.   Анан   “Стамбек  атты  бери  тарт”   деп  буйруганда,  Стамбек  алдына  келип,  “таксыр  атты  жоготуп  жибердим”  дегенде   “ээ   патчагар  деп  катуу  кыйкырып”,   кылычын   сууруп  чапканда  Стамбектин  башы  денесинен   ажырап  ылдый  карай  кулап  сайга  түшүп  кеткен.  Аман-Палвандын  жан  жөкөрү  өлүк  денеден   агып  жаткан  канды   чөкөргө  тозуп,  Аман-Палванга  сунганда  ал  буйдалбай  ичип  жиберип,  өзүң   дагы  ичкин  деп   ага  буйруган.  Лаппай  таксыр!   жарайт   деп,  бирок   адамдын  канына  суу  кошуп  ичкен  деп   айтар   эле  карыялар.  Андан  ары  анын  жигиттери   элдин  малын  сүрүп  айдап  кетишкен.   Жетимиш  жаштан  ашып  калган  Осмонбектин  эки  колун  байлап,  адырдагы   ээн  талаага  калтырган  экен.   Аман-Палвандын  эжеси  Сейдебүбү   Ак-Суулук   Тагайкул  менен  турмуш  курган.  Жаштайынан   Аман-Палван  Ак-Сууга   каттап  жүргөн,  көптөгөн таанышы  болгон.  Ак  падышанын  адилетсиз  саясатына  каршы  көтөрүлгөн  Фергана   өрөөнүндөгү  элге,  өлүмдөн  кайра  тартпай  турган  азаматтар  керек  эле.  Падыша  бийлигинин  уясына  ызы-чуу  салып,  дирилдетип, калкыма  тоодой  медер  болом  деп  чыккан  Аман-Палван  ошондойлордун  катарында  турган.   Ал  үгүт-насаат  ишин  жүргүзүп,  Ак-Суу  айылында  Ормош, Айтмырза,  Белек,  Назаралы,  Анарбай,  Өмүрбек  жана  Стамбек  деген  корбашыларды  уюштуруп,  алардын  ар  бирөөсү  15 — 60   чейин   курал-жарактуу   жигиттерди  ээрчитип,    жан-жакасындагы  элди  тоноп  турган.   Аман-Палван  Арстаналынын  башын  алып  келгенге  бир   тебетей  толо  алтын  берерин  жарыя  кылган.

Арстаналы   Ак-Сууда  чеп  куруп,  анын  дивизиону   басмачыларга   каршы  турган.   Дивизиондун жоокерлеринин  эрдиктеринин натыйжасында  басмачылар  талкаланып,  калдыгы  тоолуу райондорго чегинишкен.  Айылда  түшүндүрүү  иштерин  жүргүзүп,  кедейлер союзун  уюштуруп,  анын  негизинде  1921-жылы  алар  бай-манаптардан  жерди  тартып  алышты.   Элин  коргоп,  эрдик  көрсөткөн  “Өзүн  өзү  коргоочу  кошуун”  Кызыл  Аскер  менен  тыгыз  кызматташып,  алардын  купулуна  толгон.  Ошол  себептен   Кызыл  Аскердин   “Бешинчи  аткычтар  бригадасынын”  командири   Синицындын   02.03.1922-жылдагы  буйругунун  негизинде  бул  кошуунду   өзгөртүп  түзүп,   “Кыргыз   кавалериялык   (атчандар)  дивизиону”   деп  атады.  Осмонбеков  Арстаналы  анын  командири  болуп  дайындалды.    282  жоокердин  ар  биринин  алдына  ат,  колуна    курал  жарак  берилди.  Чалгындап   маамлымат   жыйнап,  максатты  аныктап  алып  чабуул  коюп,  кандай  жагдайда   коргонуу  керек  экенин  үйрөттү.  Күн  өткөн  сайын  күжүрмөн   эмгекти  күчөтүп,  жоокерлерди  эрдикке  шыктандырып,  баарын  тегиз  маштады.     Ушул  эле приказдын  негизинде  Баястан,  Багыш  болуштугунун  кошууну  өзүнчө  эскадрон,    Алмаз  менен  Пап болуштугунун  кошууну  бир  рота  болуп  өзгөртүлдү.

Кыргыз  атчандар  дивизионун  командири,  Фергана  областык  аткаруу  комитетинин  мүчөсү,  Арстаналы  Осмонбеков  Фергана  аскер  тобунун  революциячыл  аскер  кеңешинде  жазаган  докладтында  Наманган уездинин Кырк-Уул жана Кызыл-Жар волостторун толугу менен  Аман-Палван  өз каалоосу боюнча ээн-эркин башкарганын, анын  600  жакын  басмачыларынын моюнтуругунан жана зордук-зомбулуктарынан  элин  куткарганын  баяндаган.  Төрт  жыл  бою  Социалисттик Ата Мекендин душмандары  болгон  Рахманкулдун, Баястын, Султандын, Аман-Палвандын, Жакыпбектин  көп  сандаган  басмачыларын  жок  кылууга  түздөн-түз  катышканы  айтылган.  Ошондой эле  Дадабай, Байтуман, Акмат,  Жармат  жана  Максым  башкарган  басмачыларды  жылас  кылууда  чоң  салым  кошкон.  1918 – 1923 – жылдары  Наманган  уездинде  аракеттенген  35  топтон  турган  басмачылар  болушкан.  Алардын  катарында  жүздөн  миңге  чейин  жоокерлери  болгон.  Совет бийлигине каршы  чыккан  басмачылар  менен  аюсуз  күрөш  жүргүзүп,  эл үчүн, мекен үчүн камкордук көрүп,  пролетардык революциянын ишине чексиз берилгендиктин кажыбас кайраты  жана  өзүнүн  көптөгөн жеке  үлгүсү менен  Арстаналы  Осмонбеков  эли  журтубузда, ага ишенип берилген дивизиянын командалык-саясий составынын арасында зор кадыр-баркка жана  элдин  сыйына ээ болгон.

Арстаналы Осмонбеков  Пап отрядтын, Наманган эскадронун, Кетмен-Төбөдөгү    эскадронду  түзүүгө  катышып,  атчандар дивизионунун  алгачкы  командири  болуп  дайындалган.   Туркестан  фронтунун   жетекчиси  М. В. Фрунзеге  Арстаналы  адилет  эмгеги  менен  жагып,  анын  сыйына  татыктуу  болгон.  Ошол  себептен   үзөнгү  жолдошу  катары  Арстаналыга   жооптуу,  кылдат  мамиле  жасай  турган  тапшырмаларды  буйруп  калган.  Аларды  өз  убагында  кыйшайуусуз  аткарып,  уюштургуч  жөндөмдүү,  көсөм  ишмер,  сөзгө  чебер,  шыктуу  дипломат  катары  таанылат.  Арстаналынын  дивизиону  урган  соккуларынан  кийин,  Намангандын  аймагына  батпай, эки  бир  тууган  Баяс  иниси  Султан   чегинип,  бир  оор  топ  басмачыларды  баштап,  Чаткал  тоо  кыркаларында  жан  багып  калган.  Жай  мезгилде   башталган  орозо  да  аяктап  калган.  Эми  айт  болот,  айт–куданын улуу  күнү.  Айт  күнү  адамдын  жан  дүйнөсү  арууланат,  айт  намазына  катышуу  мусулман  баласынын  ыйык  милдети.   “Ыдырыс-Ата”  мазарында  айт  намазы  окулуп,  ал   мазарда  айт  өткөрүүнү  Арстаналы тымызын  даярдатты.  Айт  намазына  келген  Баясты  12  жан  жөкөрү менен  колго  түшүрүп,  колуна   темир  чынжырлуу   кишен  салышты.    Аңгыча  бир   топ  атчан   кызыл  аскер,  аркы  кашаттан  чууруп  чыга  келди.  Арасында тоурчак  ат  минген,  жасалгалуу  аскер  кийимчен,  ак  жүздүү,  төшүнө  орден  тагынган,  кер  мурут,  сулуу  жигитке  элдин  көңүлү  бурулду.  Болду-болбоду  Арстаналы  ушул  дешти.  Текттүү  жердин  кулуну  экени  сынынан  байкалып  турбайбы.  Чынактай  пастек  бойлуу  карыя,  белине  байлаган  куруна  бир  колун  артып,  чөкчө  сакалын  ылдый  карай  сылап,  “ата  сыйлаган  абийир  табат,  эне  сыйлаган  элге  жагат”  деген  ушул.  Турмуштун  казанында  буркулдап кайнаган  жигит  экен.  Көргөн  элдин  көзүн  тойгузуп,  калың  тайпа  кыргыз  журтун,  турмуштун  азабына  жетелетип,  боору  таш  тагдырдын  колуна  калтырбайм  деген  ниети,  бул  төрөнү  алыскы  Чаткалга  алып  келди.  Ушундай  дуу-дуу  сөз   элди  аралап  толкуй  берди.  Арстаналы  касканактаган  калың  элге  жакын  келип,  ат  үстүнөн   элге  кайрылып,  аман-эсен  турасыздарбы   туугандар!,  сиздер  менен  айт  күнү  саламдашканыма  кубанычтамын!.   Айт  маерек  болсун!  Айттыңар  айтка  улансын!–деп   аттан  конду.  Рахмат  төрөм! ,  сиздин  айтыңыз  да  маерек  болсун  деген  тилек  айтып,  дуулдаган  көпчүлүк,   учу  кыйыры  жок  жакшы  үмүтөрүнө  дем  берер,  төрөнүн    сөзүнө   конок  берейли деп  тынчый  баштады.  Арстаналы  сөзүн  өлкөдөгү  саясий  абалдан  баштады.  Көсөм,  теңдеши  жок,  акылман  В. И. Лениндин  жетекчилиги  астында  ырааттуу  иш-аракеттер  аткарылып,  өлкөнүн  булуң  бурчунда советтик  бийликти  орнотуу  ийгиликтүү  жүрүп  жатканын  белгиледи.   Улуу  Октябрь  Социалисттик  революциясынын  жеңишинин  негизинде   бийликке  келген   коммунисттик  партия  мамлекеттик  түзүлүштү  түп  тамыры  менен  өзгөртүп,  доорду  апмаштыруу  программасын  жариялаганын  баса  белгиледи.   Жумушчу  табы  менен  дыйкандардын  биримдиги,  достугу  чыңалып,   мамлекеттин  баш   бийлиги  алардын  колунда.  Эмики  кадамы  жерге  болгон  жеке  менчикти  жоюп,  жерди  жалпы  элдик  менчикке  айлантып,  аны  элге  бөлүп  берүү  башталды.  Эзелтен   бери   адамдарды  эзип  келген  байларды   мамлекеттик  бийликке  жолотпой,  бийликти  кара  таман  кедейлердин,  жумушчулардын   колуна   өткөрүлүп  берилүүдө.  Совет  өкүмөтүнүн  бул  саясатына  каршылык  көрсөтүп,  колуна  курал  алып,  эки  тарапта  салгылашуу  дагы  орун  алып,  советтик  кызыл  аскер  жеңишти  камсыз  кылып  келе  жатат – деп,  Арстаналы  сөзүн   корутундалады.  Дүңгүрөгөн  кол  чабуулар,   элди  кубанычка  бөлөдү.  Бир  нече  адам  ак  калпактарын  көккө  ыргытып,  чери  жазылганча  кыйкырык  салып,  издеген  тагдыры  алаканында  тургандай  болду.   “Улугу  ойчул  болбогон,  убара  тарткан  элде  арман” –деген  макал  Арстаналынын  ойуна  кадала  түштү.   Бойун   бир  аз  ырастап  алып,  анан эл  берген  суроого  өз  ынтаасын  төшөп,  аларды  так  түшүнүүгө  бүтүндөй  зээнин  чөгөрүп,  ошол  абалга  баш  оту  менен  өзү  кирип,  анан  жооп  берүүгө  өзүн  өзү даярдады.  Чаткалдыктар  дуулдашып,  сүйүнүчүн  көкөлөтүшүп,  Арстаналыны   “акыйкаттын  азуусун,  айга  бүлөгөн,  адам  экен” –  дешти.

Баяс  алсыраган  үнүн  чыгарып, салам  айтып  Арстаке  тарапка  ыктады.  Ал  ордунан  туруп,  Баяска  карай,  кадам  шилтеп,  көзүнөн  жагымдуу  нур  чачып,  жылуу  сезим  тартуулай  Ва  алейкуму  ас  салам!  Бек–деди.  Утурлай  басып  кош  колдоп  учурашып,  оң  колун  үйдүн  төрүнө  карай  сунуп,  төргө  өтүң  Бек–деди.  Ал  болункурабай  өзүңүз!  Өзүңүз  деп  шашкалактагансыды.   Арстаке  аны  колтугунан  сүйөгөнчө  төргө  өтүп,  Баясты  оң  жагына  отургузду.  Мындай  сыйлуу  мамиле менен  Арстаке  маселе  оң  жагына  чечилсин  деген  ыклас-сунушун  билдирген  болгонсуду.  Арстаналынын  жан  сакчысы,  анын   бир  тууган  иниси  Жусуп дастаркон  үстүндө  аларды  тейлөө  менен  алектенди.   Тамак  ичкенден  кийин,  аш  тамырлатышты.   Баястын  ойу  тынч  ала  албай,  уйгу-туйгу  болуп,  Арстакенин  көңүл тынчытар, бул  аракеттеринин  артында  эмне  бар  экен  деп?  Өзүнө  өзү   суроо  берип,  жооп  издеп  жатты.  Көкүрөгүнө  уюп  калган  кектүү,  өчтүү  сезими   Баяска  тынчтык  бербеди.  Жаштайынан  адамды   сыйлап  үйрөнгөн   Арстаналынын  адаты  эле.  Ал   ак  дилинен,  адилет  мамиле  кылып,   басмачысың  деп  кордобой,  ага  эркиндик  берип,  жанында  алып  отуруп,  үрөйү  учкан  тунжуроосуна,  кайгысына   жооп  табар  жакшы   маек   куруу  ниетин  көздөгөн.

Бир  убакта  салмактуу  сөзүн  узаткысы  келип,  Баяс  тарапка  жүзүн  буруп,   Бегим–деди  Арстаке.  Сизге суроо   бергим  келди,  деп  ага  айарлуу  карады.  Угайын  таксыр,  угайын  деп  Баяс  ынтаа  койгонсуду.  Сиз  акылга  даана  адамсыз,  Бегим!   Кара  кыргыздын  тагдырын  бакытка  бөлөймүн  деп,  убада  берип, эрдикке  бел  байлап,  аттанып  чыккан  элеңиз.  Туура – деди  Баяс.  Сиз  медер  тутунган  үмүттөрдүн  үлпүлдөгөн  шамы  бүгүнкү  күнү  кандай  абалда  экенин  өзүңүз  көрүп  отуразсыз.  Башка  мындай  иш  түшкөндө,   акылдуу  кишилер,  пулдуу  кишилер,  белдүүлөр  кер  келсе,  абалды  оңдосо   болот.  Алдында  аты  жок,  оозунда  сөзү  жок,  калтасында  кара  тыйыны  жоктордун  колунан  эмне  келерин  дагы  жакшы  билесиз.  Менин  ойум  ушундай  торлор  жайган  тузагына  илинип,  мени  бушайман  кылды.  Ошондон  улам  сиз  менен  акыл  бөлүшсөмбү  деген  ниетке  келип  отурам  деди,  сөзгө  конок  бергиси келген  Арстаке.    Баястын  өчүн  күчөткөн  кектешүү  сезими  анын  акыл  ээсин  тегиз  ээлеп  алган.  Ойлонтту.  Анан  бир  обдулуп  алып,  эртеден  бери  касташуу  дартине  чалдыккан  орунсуз  ойлору,  Баясты  жакшылыкка  багыттабай  жатканын  туйду.   Оозун  аянычтуу   кере  ачып,  чозулуп,   терең  бир  эстеп  алып,  айтканыңыздын  эч  калети  жок.  Бул  тагдырымдын  табышмагы–деди  Баяс.  Бир  аз  тыныгып,  анан  жай   баракат  сөзүн  улап,  башыбызды  бириктирген  ордобузду  ордуна  тикелейли,  түтүн  булаткан  үйүбүздү  буздурбайлы,  деген  жарчылар  элден элге  кыдырып  чаап,  жар  чакырып  жаткан.    –  Аттангыла!  Аттангыла  уюткулуу  журтум!  Дегенде  жалпы  журт  көтөрүлдү.  Ошол  аккан  дайрага  албан-албан  үмүт  тилектердин  нугун  буруп,  биз  да   кошулдук.  Арстаке  сөзүн  бөлүп,  Бегим  ошолор  азыр  кайда?   Деген  суроо  узатты.  Бул  суроо  Байастын  жүрөгүн  мыкчыды.  Чындык  ийилерин,  бирок  сынбашын  билген,  Баяс   так  жооп  айтты.   “Алар  сууга  чөгүп  кеткендей,  бүгүн  дарексиз”– деп  айласыз  моюнга  алды.    Арстаке  бул  сөзүнө  ыраазы  болду.

Баястын  ой  чабытын  тушаган  түшүнүктөрү  жибигендей  болгонсуду.   Арстаке  сыйлуу  маанай  жаратып,  анын  алкагында  үзүрлүү  маек  курганына,  Баястын  көкүрөгүндөгү  шамдары  жанып,  жүрөгүнө  тоңгон  муздары  эрий  баштагансыды.   Мусульман  калктары  менен   каапырлар  кагылышканда,  өмүрүн  сайып  мусульмандын  кызыкчылыгын  коргогон  пенде түз  эле  бейишке  барат  деген  түшүнүк   өтө  улук   деп,  Баястын тулку  боюна  ширелип,  аң  сезимин  чырмап,  жүрөгүн  өйүп  жүргөн  эле.  Эки  жаатка  бөлүнүп,  бизге  каршы  турган  Арстаке  буга  кандай  карайт  экен  деген  суроо  тилинин  учуна   кылт-кылт  деп  келип  жатты.   Анан  белсенип  Арстакеге  савал   жолдоду.   Биздин  журтубуздун  асмандагы  айдай  таянычы,   тиреги  болгон  Кокондогу  ордобусту  орустар  чаап  алып,  бизди   өз  курамына  кошуп,  кырк  жыл  бирге  жашадык.  Ак  падышанын  амири менен,  орус  көчүп  келип,  бизге  аралаш  жашап  калды.  Мына  эми  алар  өзүн өзү  эптей  албай  шаштысы  кетип  жатканда,  бизге  эркиндик  бербей,  бөгөт  койуп,  тушап  жатканы  кандай  деги?   Орус  кең  пейил  болот  экен,  орус  адил  болот  экен,  орус  бечарага  карамдуу  болот  экен  деп  укпадык  беле.  Кана  анысы?!  Көрбөдүк  го?!   Орус  менен  колубуздан  келишинче  ымга  келдик,  ийри  отуруп  түз  кеңешип,  алака  түзүп  келдик.   Эми  от   кечебизби,  суу  кечебизби,   өз  жерибиз  үчүн  тике  турганга  аттанганбыз.   Мейли  биз  кырылышабызбы,  же  ширелишебизби  өзүбүздү  өзүбүзгө  койбойбу  акыры?!  Эмне  киришет?  Эмне  акысы  бар?  Ыя?–деп,  Баяс  каңырыгын  түтөтүп,  ачуусун  кайнатты.  Жакшы  үмүт  менен,  жакшы  ниет  менен  жашап   көнгөн  Арстаке,  Баяска  урмат  сөзүн  узатып,   Бегим  деп,  көңүлүн  буруп,  насихат  айтып  баштады.  Сиз  эмне  акысы  бар  дейсиз.  Күчтүү!  Акысы  ошол.  Күчтү  ашып  түшкөн,  же  тең  келген  гана  күч  токтото  алат.  Илгертеден  күч  Манас  атабызга  да  укук  боло  келген,  канча  душманын  багынткан.

Же  суу  жетпей,  же  чөбү  отолбой  боорсуган  эгиндей  болуп  калган  Баястын ой  ордосуна  Арстакенин  жообу чагылгандай  тийди.   Орус  мамлекети  ээлеген  жердин  күн  чыгышынан  күн  батышына  чейин  аттуу  тогуз  ай  жол  жүрсөң  жетесиң.  Түштүгүнөн  түндүгүнө  чейин  алты  ай  жол  жүрөсүң.  Көп  улуттан  турган  140  миллион  калк  жашайт.  Миллион  деген  эмне?–деп  сурады  Баяс.   Ал  кандай,  эсеп  санбы  же  башка  тушүнүкпү?  – Жооп.   Миңди   миңге  көбөйтсөк  миллион  деген  сан  болот–деди  Арстаке.  Унчукпай  сестейген  Баяс  миң  деген  сандан  ары  жагын  билбегендигин   өзү  туйду. Түшүндүрүү  аракетин  көрүп,  башка  сөз  менен  айтканда–деди  Арстаке.  Ар  бир  140  адамдын  бирөөсү  гана  кыргыз,  75 и  орус,  калган  64 ү  түркүн  башка  улуттар.  Мына  ушундай  тендеши  жок  улуу   өлкөдө  жашап  келе  жатабыз.  Бизге ынтымактан  башка  эмне  керек?

Султан  Бабырдын  урпагы  Акбар  деген  акылман   43  жыл   Индостандын  султаны  болгон  экен.  Дини  башка,  тили,  түрү  башка  көп  тайпа  эл  жашаган Индостанды  башкарган  султан  өлкөнү  бүтүн  сактап,  элдин  биримдигин  камсыздоо,  бийликтин  башкы  милдети  экенине  ынанган.  Мына  ушинтип,   кеменгер  султан  Акбар  чар  урук,  чар  диндүү  Индостандагы   эл  ичин  тынчтыкта  кармап,  өлкөнү  улуу  мамлекетке  айланткан  экен.   Молдолордун   жүргүзгөн  үгүтүн  Баяс   эстеп,  ырайымсыз  каршылашууга  чакырган  “жихад”   диндин  нускалуу  түшүнүгү  эмес,  анын  саясаты  окшойт  деп  шектенип  калды.

Алибетте,  ар  түркүн  азаптуу,   кан  төгүлгөн  замандарды,   түгөнгөндө  түтөгөн,  кырылганда  кычаган  кыргыз  башынан  кечирди. Канча  деген  эр  азаматтар  калың  тайпа  кыргыз  журтубуздун  болочок  тагдырына  бүт  өмүрүн  сайып,  туугандарын,  кан  кечишкен  жоролорун,  шордуу  журтун  аттандырып  келишти. Атап  айтсак,   даңктуу  Курманжан  датканын  баласы  Абдылдабек  эли   эркиндиктен  ажырап,   кордук  тартышына,   ата  мурас  даражасы,  сөөлөтү,  бийлиги  колдон  чыгып  кетишине  эч  келише  алган  эмес.  Эл  тагдыры  кыл  үстүндө  турган  кезде  дагы,  катуу  кармашууга  бел  байлап,  аскер  жыйып,  айласыз  кармашып,  кыргынга  учурап  жеңилсе  да  токтолбогон.

Ал  Оуган  амиринен  ошол  Оугандык  катаган  түрк  уругунан  аскер  курашка  уруксат  сурап,  ага   Ак  кула  аргымак  тартуулаган.   “Башынан  бактысы  тайган  хандар иши  оңолбос  чекке  жеткенде,  бул  бейбапа  дүйнө  тартуулаган   азабын  эстен  чыгарып,  бир  кудайдын  жолун  көздөп,  Мекеге  кетүүнү  салтка  айланткан”–  деген  амир.  Амирдин  ушул  сөзүн   уккан  Абдылдабек  жардамдан  баш  тартканы  деп  түшүнүп,  капа  болбогон.  Ар  кимдин    эле  көздөгөн  максатына  кудай  жеткизе  бербейт  экен.  Ошентип  Абдылдабек  бөтөн  жерде  санаа  кеселге  чалдыгып,  айыкпасына  көзү  жеткенде,  керез  калтырыптыр.  “Сөөгүмдү  кара  жерге  бергиле,  жоо  канжар  менен  көкүрөгүмдү  ачып,  жүрөгүмдү  алгыла.  Жүрөгүм  жат  жерде  калбасын,  жүрөгүм  өз  Мекенимде  жатсын”  Анын  өтүнүчүн  ага  туугандары  аткарыптыр – деп  Арстаке,   Бегине  жылмая  карап,  аны  дагы  бир   ойго  салды.

Жыйынтыгында  Баяс  ат  жиберип,  Султанды  алдырды.  Арстаке  менен  Баяс  боз  үйдө   маектешип отурушту.  Баястын  сунушу  боюнча  Чаткалдын  шашыр  оттуу  жайлоосун  жайлаган  семиз  кой  сойдуруп,  эти  казанда  кайнап  жатты.  Бир  оокумда  Султан  келе  жатат  деген  кабар  угулду.  Ал  суусар   тебетейди  баса  кийип,  кемзол,  амиркен  кончтуу  өтүк  кийип,    жабдыгы   жасалгалуу   шадылуу  карагер  жоргонун  куйругун  кокон  түйүш  кылып  түйүп,  аны   кара  терге  түшүрүп,  камчы  басып,  жоргосун  салдырып  келип,  аттын  башын  боз  үйдүн  босогосунан  башбактырып,  аттан   түшүп,  камчысын  оң   колуна  карманып,  боз  үйдүн  сол  канатына  келип,  Султан   үн  катпай  малдаш  токунуп  отуруп  алды.  Жымжырт  абал   анча  эле  өкүм  сүрдү.  Бир  убакта   Баяс  Султан  жакты   бурулуп   карап,  жай   салмактуу  маанайда –  Султан  деди.  Султан  дагы  ал  жакка  карады:  “Султан  Арстаналы  агаң  болот!  Саруунун  балдарыбыз!  Туруп  келип  салам  айтып  учураш – деди”.   Анда  Султан  Баяска  кайрылып,  “ат  жиберип  кел  деген  экенсиң  мына  алдыңа  келдим!  Арстаналы  оруска  таазим  кылып,  учурашпаймын,  аны  менен  эки  дүйнөдө   келише  албайм.  Бул  орус  мени   шишкебек  кылып  жейби  эми  өзү  билет” – деди   Султан.    Бул  экөөүн  Наманганга  алып  келип,  совет  өкүмөтүнүн  тийиштүү  органдарына  тапшырды.   Жарактарын  жыйып  алып,  Баяс,  Султанды  ээрчип  жүргөндөргө,  Арстаке  жакшы  акыл  насаатын  айтып,  ынандырып,  үйлөрүнө  таратты.

Экинчи Түркстан аткычтар дивизиясынын 4-аткычтар полкунун командири Островский  А Н   02.10.1924-жылы  Арстаналы  Осмонбековко  берген  күбөлүгүндө төмөндөгүдөй  жазылган.  “Кыргыз атчандар дивизиясынын командири  А  Осмонбеков  1921-жылы  өзүн  өзү  коргоочу  алгачкы уюмду түзгөн демилгечи болгон. Анан  ал  отряд  өнүгүп,  өсүп атчандар  дивизионуна  айланган.  А  Осмонбеков  өзүнүн  билгичтиги менен жетекчилиги жана эмгеги менен согуштук ишти эч качан билбеген, такшалбаган кыргыздардан тартиптүү, согушка даяр атчан отрядын түзө алды.  Осмонбеков мырза 1921-жылдан баштап Кызыл Аскер командованиесинин жетекчилиги астында Наманган уездинде аракеттенген басмачылардын бандаларына каршы кайраттуу, чечкиндүү күрөштү жүргүздү.  Осмонбеков ал жерди, жергиликтүү калктын адеп-ахлагын, каада-салттарын билгичтик менен пайдаланып, жакшы натыйжаларга жетишти.  Өзүнүн отряды менен Рахманкул, Баястан, Аман-Палван, Жакыпбек, Акматбек, Байтуман, Дадабай жана  башка  бандаларды жоюуга активдүү жана түздөн-түз катышкан”.

Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун секретариаты  20.08.1923 –жылы  кабыл  алган  токтомунун  негизинде   Арстаналы  Осмонбеков №14787  Кызыл Туу ордени менен сыйланган.  Түркстан  АССРинин  Совнаркомунун  төрагасы  Атабаев  Кайгысыз  эки  жолу  Арстаналыга  сыйлык тапшырган.  Биринчисинде  Маузер  системасынын  револверин,  экинчисинде  100  патрону  менен 3  саптуу  драгун  мылтыгын.  Арстакенин  эрдиги  бааланып  ал  күмүш  саат,  курал  жарак,  Ардак  Грамоталар  жана  башка  сыйлыктарды   он  бир  жолу  алган.  Кыргыз  Атчандар  дивизионун  экинчи  эскадронунун  командири  Закиров  Кыяс,  дивизиондун  командиринин  жардамчысы  Булатов  Мамбеталы,  отделение командири  Абылкасымов  Өмүрзак,  жоокерлери  Алдакеев  Сарыбай,  Майрыков  Субанкул,  Жанузаков  Көкчө,  Нуркеев  Кыдык,  Мүзүров  Садык,  Эсенгелдиев  Даңканай  жана  өзгөчө  бөлүмдүн  кызматери  Романов  Дмитрийлер  дагы  1923 -24 –жылдарда  Кызыл Туу ордендерин  алышкан.  1934 – жылга  чейин  Кызыл Туу  ордени  СССРдин  эң  жогорку  сыйлыгы  болгон,  анан  1938 – жылга  чейин  Ленин  ордени,  ал  эми  андан  кийин  Советтр  Союзунун   баатыры  деген  эң  жогорку  наам  СССРдин  эң  бийик  сыйлык  болгон.

1924-жыл  Арстаналынын  өмүрүндөгү  жемиштүү   жылдардын  бири  болгон.  7-ноябрьда  Ташкенте  “Эркин  Тоо”  гезитинин  биринчи  номери  жарык  көрдү.  Экинчи  номеринин  биринчи  бетине   Арстакенин  эли  журтуна  кылган  кызматын  баяндаган  макала  сүрөтү  менен  басылды.  Ак-Суу  айылында   балдарды   окутууну  1918-жылы   башталып,  алты  жылдан  бери  иш  жүргүзкөн   эле.  Эми    жети  бөлмөлүү  мектеп  имараты  ишке  кирди.  Бул мектепке  Арстаналы  Осмонбековдун наамы  ыйгарылган.  РСФСРдин Бүткүл Орусиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК) 1924-жылдын 14-октябрындагы токтомунда,   Борбордук Азия элдеринин аймагын улуттук мамлекеттерге бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынып,   анын  негизинде  РСФСРдин курамында  Кара  Кыргыз автономиялуу  облусун түзүү чечими  чыкты.  Бул  тарыхий  чечимди  жүзөгө  ашыруу  үчүн бардык   бийликти   колуна  топтогон  областык  революциялык  комитет   түзүлүп,  анын   төрагалыгына  И. Айдарбеков  дайындалган.   Мамлекеттик бийликти уюштуруу, областык башкаруу аппаратын түзүү, областы административдик-территориялык   жактан райондоштуруу,  Кара  Кыргыз  автономиялуу  областынын  (ККАОнын)  уюштуруу  жыйынын  даярдоо  жана  өткөрүү  ревкомго  тапшырылды.  17.12.1924 ж  Жалал-Абад  округтук  революциялык  комитеттин  төрагасы  Ашуров  Мураталы,  орун  басарлары  Осмонбеков  Арстаналы  жана  Цветков  Сергей  дайындалган.  Кара  кыргыз  автономиялуу  областынын   (ККАО)   жаралышын  салтанаттуу  түрдө  жарыялаган  уюштуруу  жыйыны  1925-жылы  март  айында  өттү.   Арстаналы  Кызыл-Жардан  делегат  болуп  шайланып,  ККАОунун  алгачкы  уюштуруу  жыйынына  катышты.     Түркстан  АССРинин  Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Фергана, Самарканд областарында чачыранды  болгон   абалда  жашаган  кыргыз элинин  башы  биригип,  ал  улут  катары  сакталып  жана  саясий  жактан  өз  алдынча  мамлекет  куруу  мүмкүнчүлүгүнө  жеткизип,  миң  жыл  мурун  жоюлган кыргыз   мамлекетин  кайрадан  уюштурууга  жол  ачкан  Совет  бийлиги  эле.  Анын  мамлекеттик  бийлигинин  эки  тизгин,  бир  чылбырын  колдо  кармап  турган  Иосиф  Сталин  болгон.   924-жылы   кыргыз   элинин  мамлекети  жоюлуп,  толук  миң  жыл  бечаранын  турмушуна  моюн  сунган  кыргыз  кайрадан  өз  мамлекетин түзүп,  адамзаттын  тарыхынын  жаңы  барагын  ачты.

1928-жылы  Арстаналыны  Жалал-Абад  кантондук  аскер  комисары    кызматына  сунуштаганда  ден  соолугум  мүмкүндүк  бербейт  деп,  андан  баш  тарткан.  Талас кантонунун «Кошчи» союзунун председатели,  Ош кантонунун суу чарба башкармасынын начальнигинин орун басары кызматтарын  аркалады.  Согуш  жылдарында  колхоздун  башкармасы  эле.  Таш-Көмүр  районунан  чыккан  Атакан  басмачы  жигиттери  менен  аска  зоодогу  үңкүрлөрдө  жашынып  жүргөн.  Райондун,  областын  ички  иштер  кызматкерлери  Атаханды колго  түшүрө  алышбай  бир  нечеси  каза  болот.  Республиканын  ички  иштер комисариатынын  кызматкери   Амелиндин  өтүнүчү   боюнча  1943-жыл  башталганда,  Арстаналы  экинчи  топтогу  инвалидигине  карабай,  эрдикке  бел  байлап,  кырк  күндө  Атаханды  жан  жөкөрлөрү  менен  колго  түшүрүп  берген.  Бул  эрдигин  Кыргыз  ССР  Жогорку  Кеңеши  бийик   баалап,  4  май  1943-жылы  Ардак  грамота  менен  сыйлаган.

М. В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде бүтүндөй бир сектор Арстаналы Осмонбековка  арналган.  Республиканын коомдук-саясий документация боюнча борбордук архивинде  600  беттен  турган,   тогуз  том  материал  жана  орус  тилинде  жазылган  роман,  илимий  монография  Арстакенин  эрдигин  баяндап  турат.  Арстакенин  беш  биртууганы,  эки  баласы Улуу Ата Мекендик согушка  катышып,  бир  гана  иниси  кайтып  келген.  Ал  батальондун  командири, Александр  Невский  орденинин  ээси, экинчи  группа  майып  болгон  экен.

Арстаналыны  компартиянын  катарына  өтүүнү  сунуштаганда  анын  берген  жообу: “Мен  РКПбынын  бийлигин  таанып,  анын  саясатын  ишке  ашырууга  мен  өз  ыктыярым  менен  аттанып,  пенделик  парызымды  кудай  алдында  так  аткарып,  компартияга  кызмат  кылып  келе  жатам.  Бул  компартия – доордун  акылы  эси,  ар-намысы,  абийири  жана  ынсабы.  Партиянын  катарында  бай  манаптын  тукумуна  орун  жок.  Демек  менин  да  ордум  жок.  Партиянын  талабына  ылайык  кызмат  кылып  берип  жатам,  ал  жолумдан  артка  кайтпайм.  Пенделик  милдетим баарынан  бийик  турат”.  Арстакенин  билими  мелмилдеген  деңиздей,  түгөнбөгөн  кенч,  акылы – алтын,  ойу – күмүш  экенин айта  жүрөлү.

Саламбек  Нышаналиев          salambek-n@mail.ru     тел: +996700330038

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!