"Эркин-Тоо"

Актан Арым Кубаттын «Эсимде» аттуу жаңы тасмасы Токио эл аралык кинофестивалына чакырылды

Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын «Эсимде» аттуу жаңы тасмасы Токио эл аралык кинофестивалынын (Япония) 35-конкурсуна чакырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кинофестиваль 24-октябрдан 2-ноябрга чейин өтөт.
«Эсимде» тасмасынын премьерасы 27-октябрда Япониянын борборунда, ошондой эле 29-октябрда жана 1-ноябрда көрсөтүлөт. Көрсөтүүлөр режиссер Актан Арым Кубат жана көрүүчүлөр менен суроо-жооп сессиясы менен коштолот. 2-ноябрда фестивалдын жабылыш аземинде номинациялардын жеңүүчүлөрү жарыяланат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!