"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Актан Арым Кубаттын жаңы фильми 31-августта көрсөтүлөт

Режиссер Актан Арым Кубаттын «Кара Кызыл Сары» аттуу толук метраждуу көркөм тасмасынын улуттук бет ачары Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата 31-августта Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тасмада кыргыз элинин, анын ичинде башкы каарман Турдугүлдүн килем токуу өнөрү, кеч келген сүйүүсү жана үй-бүлөлүк жоопкерчилиги чагылдырылган. Фильмдин аталышы килемдеги түстөргө байланыштуу коюлган.

Сценарий жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, тартуу иштери 2024-жылы Баткен облусунда жүргөн.

Белгилей кетсек, аталган фильм быйыл июнь айында өткөн XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалында баш байгени уткан.