"Эркин-Тоо"

Активдерди адалдаштырууну жеңилдеткен мыйзам долбоору кабыл алынды

Бүгүн, 4-майда парламентте мунапыс берүү жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи кезекте «көмүскө» экономиканын үлүшүн кыскартууга, активдердин сакталышын камсыздоого жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталган.

Кыргызстандын эгемендик тарыхында буга чейин эки жолу: 2008-2009, 2013-2014-жылдары мүлктү легалдаштыруу жараяны өткөрүлгөн. 2013-2014-жылдары 9840 адам декларация тапшырып, өзүнүн мүлкүн легалдаштырган. Анын ичинде 83 декларант 37 млн 350 миң сом өлчөмүндө бир жолку төлөнүүчү төлөм төлөгөн. Бирок аларга карата кылмыш иши козголгон учурлар кездешкен.

2020-жылдын декабрындагы мыйзамга ылайык, учурда үчүнчү легалдаштыруу кампаниясы жүрүп, ал өткөн жылдын 31-декабрына чейин узартылган. Ага ылайык, 70 млн сомго чейинки сумманы легалдаштырууда төлөм жок, бирок андан ашса, мисалы, 200 млн сомго тапшырса, анда 2 млн сом төлөйт деген шарт коюлган. «Ал натыйжасыз болуп, сегиз гана декларант документ тапшырды» деген маалымат бар.  Ошондуктан учурда дал ушул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Жаңы мыйзам добооруна ылайык, 100 млн сомго чейинкиси эч кандай төлөм төлөбөйт. 100 млн сомдон канча ашык болсо да, бир жолку төлөм менен млн сом гана төлөйт. Бул легалдаштырылган сумманы белгисиз кылуу максатында аткарылып жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!