Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, соттун 30-январдагы чечими менен Орозайым Нарматовага карата мурда тандалган камакка алуу баш каргоо чарасы 20-февралга чейин үй камагына чыгарууга өзгөртүлгөн.
Эске салсак, массалык башаламандык беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 21 адам кармалган. Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 24-октябрындагы чечими менен 20 адамга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалып, бирөө ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.