"Эркин-Тоо"

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулду

Бүгүн, 3-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын сунушу менен акыйкатчы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматованы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды.

Алсак, аталган сунушту Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети карап, колдогон.

Жыйынтыгында сунушка добуш берилип, көпчүлүктүн добушу менен Атыр Абдрахматова кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Белгилей кетсек, Атыр Абдрахматова акыйкатчы кызматына 2022-жылдын мартында шайланган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!