"Эркин-Тоо"

Акыйкатчы институту камалгандар боюнча Камчыбек Ташиевге кайрылды

Кыргызстандын Акыйкатчы институту кечээ, 23-октябрда камалган активист жана саясатчылар боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

Акыйкатчы институту 23-октябрда 20дан ашык адамдын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, камоолор болгонун жана тинтүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан бир катар укук бузуулар болгонун белгилейт. Маалыматка караганда, азыркы тапта «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 21 адамдын кармалганы белгилүү.

Аталган институт Кемпир-Абаддын коңшу мамлекетке берилишине каршы чыккан активисттердин массалык камалышына тынчсыздануусун билдирет. Ошол эле учурда сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө адам укуктарынын бузулушуна жол берилбеши керектигин белгилейт. Маселен, күнөөсүздүк презумциясы бар экенине карабай кармалган адамдардын «айыбын ачат» делген маалыматтар социалдык тармактарга чыгып, ал жагдай кармалгандар тууралуу коом арасында терс пикир жаратуу аракети болуп саналат. Тергөөнүн купуя сыры болушу мүмкүн делген маалыматтар жарыяланып, ал соттордун коомдо түзүлгөн терс пикирдин басымы алдында калып, чечим чыгаруусун алдын ала аныктап коет.

Мындан улам, Акыйкатчы институту УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып күбөлөрдүн, шектүүлөрдүн укуктарынын сакталышын камсыздап, алардын күнөөсүздүк презумциясын жана тергөөнүн купуялуулугун буза турган аракеттерге бөгөт коюуну, Акыйкатчынын ишине тоскоолдуктарды болтурбоого чакырат.

Эскерте кетсек, 23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып жаткан бир катар саясатчылар менен активисттер «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 48 саатка камалган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!