Акыйкатчы институту сот органдарын аудио жана видео жаздыруу системаларынын тынымсыз иштөөсүн камсыз кылууга жана бузулган учурларда ыкчам оңдоо зарылдыгына көңүл бурууга чакырды.
Сот жыйындарын мониторинг кылуу учурунда процессти аудио же болбосо видео фиксация (АВФ) менен камсыздоодо маселелери бар экени аныкталган.
Акыйкатчы институтунун сот органдары менен иштөө жана соттук процесстерге мониторинг жүргүзүү иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Самат Калчабаев аудио жана видео фиксация системалары бузулгандыктан улам сот процесстери аргасыздан башка учурга жылып жатканын маалымдады.
“Мындай жагдай процесстин катышуучуларын нааразы кылат. КРнын Кылмыш-процессуалдык-кодексинин 283-бөлүмүнө ылайык, анча оор эмес кылмыш, азыраак оор, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөттөрү так регламенттелген. Мисалы, 2023-жылы 11-августта Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда боло турган процесс АВФ системасы иштебей калгандыктан өткөн жок. Техникалык бузулуу өз маалында оңдолгон эмес. Бул сотко катышып жаткандарды нааразы кылды”,-деп билдирди.
Калчабаев АВФ системасы өз маалында техникалык тейлөө көрсөтө албаганы кылмыш иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароого тоскоол болоорун кошумчалады.
Акыйкатчы институту сот органдарына Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыда “актала албаган кармоосу жок соттолбошу керектиги” (Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт, 14-берене, 3-бөлүм, «с» пункту) тууралуу укуктук регламент бар экенин эскертип, компететтүү сот органдарын АВФ системасынын үзгүлтүксүз иштеп турушуна көңүл бурууга чакырды.