"Эркин-Тоо"

Акыйкатчы Ош облусун кыдырат

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 18-майдан 21-майга чейин Ош облусуна иш сапар менен бара тургандыгын кабарлады.

Сапардын жүрүшүндө ал Кара-Суу, Ноокат райондорунун, Ош шаарынын тургундары менен жолугуп, алардын арыз-даттанууларын угат.

Андан тышкары «Инсан Диамонд» укук коргоо органы, «Эл аралык коргоого көмөктөшүү», «Сулайман нуру» коомдук фонддорунун, «Ак жүрөк» кризистик борборунун, «Жаңы ыргак», «Ош жаштары» уюмдарынын, «Кызыл айчык» гуманитардык уюмунун, «Позитивдүү диалог» коомдук фондунун өкүлдөрү менен жолуга тургандыгы маалым болду.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!