“Демократия”, “сөз эркиндиги” деген ураандардын артында кайсы бир өлкөлөрдүн кызыкчылыгы турары буга чейин бир топ эле айтылып келген, бирок аларга кол шилтеп, ишенбегендер көп болчу. АКШнын башына Дональд Трамп келгенден бери бул жаатта арбын нерселер ачыкка чыгып, былгыган саясаттын бир топ бети сыйрылды. Ар дайым көшөгөнүн артында бычылган маселелерди жалпы дүйнө коомчулугунун алдына жая салып, баарын таң калтырганына күбө болдук. Анын бири Украинага болгон жардамдар үчүн алына турган 500 млрд долларлык кен байлык болгонун уктук, көрдүк.
Дегенибиз, Дональд Трамп бийликке келери менен көшөгө артында сүйлөшүлгөн, элдин артынан тон бычылган маселени ачыкка алып чыгып, Украинага берилген жардам 500 млрд долларга бааланган кен байлык менен кайтарыларын шардана кылган. Украин президенти Зеленский адегенде так секиримиш болуп, АКШ жетекчиси менен урушумуш эткени менен акыр аягында кол коюп берди. Көрсө, былтыр Зеленский Европа менен Американы түрө кыдырып көрсөтүп жүргөн «Жеңиш планы» деген стратегиясында дагы камтылган экен. Болгону ал жалпыга жарыяланбай, ачык айтылбай, тымызын гана ишке ашышы керек болгон турбайбы. Бирок, Трамптын ачык айтып жибергени “жең ичинен” иш жүргүзгөн саясий соодагерлердин безине сайып, бир аз татаалдаштырып жиберген өңдөнөт. Себеби, бул маалымат дүйнө элин селт эттирип, жөнөкөй украиналыктардын башына балта менен чапкандай эле таасир калтырды. Көрсө, турмуш чындыгында демократия деген бийик ураандардын артында буга чейин айтылып келгендей соода бар экен да. Тымызын гана тукуруп коюп, ар кимиси өз кызыкчылыктарын ишке ашыра беришет турбайбы. Иш жүзүндө жалган лозунгдарды ээрчиген украиналыктардын жери кертилип, шаарлары талкаланып, эли кырылганы аз келгенсип, кен байлыгынан айрылды. Бул башкаларга, өзгөчө бизге сабак болууга тийиш. Анткени, арабызда чет жактын токочун жеп кекирип, “демократия, сөз эркиндиги” деп кекиртеги айрылганча кыйкыргандар бар. Алар 30 жылдан бери тамырлап көбөйүп, саясатты ары-бери чайпап келе жатышканы да жашыруун эмес.
Украинада дагы сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдар көбөйүп, алар акылы калыптана электерге өз идеологиясын сиңирип, анан маңкурттук армияны топтогон маалда төңкөрүштөрдү жасаган. Аягы жүрүп отуруп үч жылдан бери далай шаар-кыштактардын таш-талканын чыгарган согушту тутандырды. Жүз миңдеген адамдардын өмүрү кыйылды. Чындыгында чет жактан таңууланган демократияң менен сөз эркиндигиң бир адамдын өмүрүнө татыбайт. Муну биз кеч боло электе акыл-парасатка салышыбыз керек. Тынчтык – баарынан улуу жана бийик. Дегенибиз, бөтөн өлкөлөрдүн колдоосу менен күпүлдөп, алардын баалуулуктарын таңуулагандардан абайлай турган учурга жеттик. Түшүнүп-түшүнбөй эле ээрчип алып, жалган ураандардын артында таягыбызды көтөрүп чуркай берсек, биз дагы украиналыктардын кейпин кийип калышыбыз толук мүмкүн. Далай эр азаматыбызды кырдырып, жерибизди алдырып, акырында кен байлыктарга да ээ боло албай калышыбыз ыктымал. Башкасына кол шилтеп, согуш токтосунчу деген күндү күтүп жашоонун өзү – трагедия. Мамлекетке болгон мындай кыянатчылыкты бирөөнүн жетегинен чыгалбаган, акылсыз саясатчылар жасайт.
Муну эч ким жокко чыгара албайт, биздин арабызда чет өлкөлүктөрдүн тапшырмасын аткарып болсо да бийликке жетүүнү эңсеген адамдар болгон, азыр да бар. Мисалы, далай азаматтардын канын төгүп Атамбаев президенттикке келгенден кийин миллиарддаган суммадагы мүлкү менен “Кыргызгаз” 1 долларга белекке кеткен. “Кумтөрдөн” кийинки эң чоң алтын кенибиз болгон “Жерүйдүн” мамлекетке 1% акциясы алынбай, башкаларга берилди. Бул башкалардын кызыкчылыгы менен бийликке келип, элге жасалган кыянатчылык эмей эмне? Мына ошол Атамбаев түптөгөн “Социал демократтар” партиясы батыштагы Социнтерн сындуу уюмдар менен биргелешип алып, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо добуш сатып алууга аракет кылганына күбө болдук. Шайлоодон кийин төңкөрүш кылууга белсенген сүйлөшүүлөрү да жарыяланды. Мына ошого байланыштуу Т.Султанбеков баштаган бир нече өкүлү бир нече ай камалып, кийин шарттуу жазалар чегерилди. Негизи, алар бир топ жыл түрмөдө отурушу керек болчу.
Сөзүбүздү ары карай уласак, жакында согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдө кантип от тутанып кеткени жөнүндө иликтөө жарыяланды. Анда так анализденип, батыш өлкөлөрү “сөз эркиндиги”, “адам укугу”, “диний азчылык” деген шылтоо менен өздөрү каалаган мамлекетке кирип, ар кандай сценарийлерди түзүшөрүн көрсөтүп беришкен. Түзүлгөн сценарийлердин идеологиялык чабуулун “Азаттык”, “Кактус” сыяктуу батышка иштеген сайттар же өздөрүн НПОбуз деп атап алгандар ары карай жүргүзөт. Алар биринчи баскычында «бул өлкөдө адам укугу корголбой жатат, азчылыктын укугун көпчүлүк тепселеп жатат» деп маалыматтарды тынымсыз жайылтышат. Элдин аң-сезимине сиңирет. Экинчи баскычында кандайдыр бир азчылык улутту түзгөн топторду уюштурушуп, «бийлик бизди кодулап жатат, азчылык улуттардын кызыкчылыгын тепселеп жатат» дедиртип митингдерди уюштуруп баштайт. Үчүнчү баскычында ошол азчылыкпыз дегендерди көпчүлүктү түзгөн улуттардын бирөөсүн баса калып тепкилеп, жанчып-сабап, өлтүрүп жатканын уюштурушуп, видеосун тартып алып, ошол өлкөгө жайып жиберишет экен. Мына ошондо көпчүлүктү түзгөн улут, кантип карап отурат. Каны кайнап, азчылыкты кыра баштаганда курал-жарак менен колдой коюшуп, жарандык согушту тутандырат. Анан ортого түшүмүш болуп өз кызыкчылыгын канаатандырат. Эгер андан ары согуш күчөсө, масштабдуу жаңжалга айландырууга аракет кылышат.
Биздеги 2010-жылы болгон Ош коогалаңы да так ушул түйүнгө байланат. Бейөкмөт уюмдары жалаң азчылыкка басым жасап, геноцид жүрүп жатат деп канкакшап турушкан. Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилованы эл ошол күндөрдөн баштап өтө жек көрүп калганын эч кимибиз жокко чыгара албайбыз. Бишкекте таксилер салбай калганын өздөрү да айтып жүрүштү. Бул биздин бетибизге чегилген кара так болгон. Былтыркы жылы индиялык жана пакистандык студенттерге карата жасалган тополоң да сырткы күчтөр тарабынан тымызын жасалган иштин бири экенин айткандар бар. Алар бийликтин эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркын түшүрүүнү, ошого катар мамлекет ичиндеги нааразычылыкты күчөтүүнү көздөгөн. Бирок, бактыга жараша окуя өз маалында, күч түзүмдөрүнүн ыкчам аракетинин негизинде токтотулду.
Уруштун ири державалар үчүн пайдасы, өздөрүнүн армиясын ошол регионго киргизип алат. Экинчи пайдасы, курал-жарак сата баштайт. Бүт баары эле билсе керек, курал-жарак сатууда триллиондогон долларлар пайда көрүшөт. Маселен, Сирияда, Афганистанда, Ливияда, Иракта, Мьянма жана башка өлкөлөрдө согуш отунун негизинен диний касташуу сценарийлери менен тутандырышкан. Көптөн бери Иранга да от жандыргылары келип, аракет кылып келе жатышат. Бирок, Иранда башка улут же башка дин деген маселе жокко эсе. Улуттар ынтымакта турат, динди кармангандар — шииттер болуп эсептелет. Ошондон улам канча жылдан бери аялдардын укугу дегенди гана көтөрүп, анысы такыр ишке ашпай келе жатат.
Кыскасы, чоң ураандардын артында тузак жайылып турганын ар бирибиз билип, эң алды мамлекетибиздин бүтүндүгүн, элибиздин тынчтыгын ойлой турган жердебиз. “Демократия”, “Сөз эркиндиги” деген айкырыктардын артында биздин жерибизге, кен байлыктарыбызга көзүн кызарткан ниети бузуктар отурганын Украинанын мисалында көрдүк. Демек, сырттан келген грант үчүн коомго бүлүк салчуларды акыл менен таразалап, элдин ичине от чачкандардан оолак болушубуз керек. Эч качан бөлүнүп, чачылбайлы.
Кылычбек Кудайбергенов