"Эркин-Тоо"

ЖК депутаты Акылбек ТҮМӨНБАЕВ: “Актандын күчтүүлүгү таасирлентти”

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев Түп районунун Ак-Булуң айылында жашаган жалгыз колдуу сүрөтчү бала Актан Сапарбековду кабыл алды. Актан 6 жашында айылдагы трансформаторго токко урунуп, оң колунан ажыраган. Анткен менен ал сол колунун жардамы, тубаса таланты менен мыкты сүрөттөрдү тартып, ал сүрөттөрү социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун оозуна алынган. Мектепте математика, тарых сабактарын жакшы окуйт. Тагдырдын сыноосуна сынбай, ийгиликтерге кадам таштаган Актанды кабыл алган ЖКнын депутаты Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич “Бүгүн, сүрөттү мыкты тарткан Актан менен жолуктум. Ал тууралуу маалыматты социалдык тармакка чыккан макаладан алгам. Учурда Түп районунун Ак-Булуң орто мектебинин 8-классынын окуучусу. Аны конокко чакырып, бир топко отуруп баарлаштым. Анын күчтүүлүгү жана таланты мени таасирлентти. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан, сүрөт тартууга болгон шыгы аябай күчтүү экендиги кубандырды. Келечекте мыкты сүрөтчү болууну кыялданат. Окуусун дагы калтырбай, жакшы баага окуй тургандыгын айтты. Актандын келишине дайындап койгон белектеримди тапшырып, өзүнө ден-соолук, окууларына ийгилик каалап узаттым. Өнөрлүү өлбөйт. Актан сыяктуу ары таланттуу, ары зирек өсүп келе жаткан муунубузга ар тараптан колдоо көрсөтүү ар бирибиздин милдетибиз деп эсептейм”, -деген Акылбек Түмөнбаев тарткан сүрөттөрүн планшетке түшүрүп, сактап турса деген ниетте Актанга планшет, шахмат белек кылып, ак калпагын кийгизди. “Алланын жолу ак болот, ак ниеттүү жанга бак конот” демекчи, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген уулдун жүрөгүн жылыткан Акылбек Тогузбаевичтин ишине ийгиликтерди каалайбыз.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!