— Акылбек Алиякунович, күн жылып, жазгы талаачылык иштер жанданууда. Даярдыгыңыздар тууралуу айтып берсеңиз?
— Кыргыз эли эзелтен: “Сепкениңе жараша түшүмүн аласың” деп бекеринен айтпаган. Демек, эмнени сепсек, ошого жараша натыйжасын аларыбыз айкын турбайбы? Андыктан айдап-себүү иштерине айрыкча мамиле, мээнет керек. Агротехникалык заманбап эрежелердин сакталышы эсеп. Кайдыгерликке жол бербей, ар бир иш, кыймылдын сапатын көздөсөк кемчиликтер четтейт. Жазгы айдап-себүү боюнча айтсак: 314,8 тонна буудай, 155,5 тонна арпа, 125,1 тонна жүгөрү, 1,2 тонна май өсүмдүгү, ошондой эле 6751 тонна картошка, 7,3 тонна жашылча, 0,7 тонна бахча жана 37,5 тонна көп жылдык чөптүн үрөнү керектелет. Айыл чарба министрлигине 98,3 тонна буудай, 45,4 тонна арпа, 10,5 тонна картошка үрөнүнө өтүнмө берилди.
Былтыр мамлекеттик деңгээлде сапаттуу үрөндөр менен камсыздоо эң жакшы жолго коюлган. Айталык, Россиядан алынып келинген сапаттуу үрөндөрдүн үзүрүн көрдүк. 179,3 тонна “Дарья” сортундагы элита буудай үрөнүн, 92,7 тонна “Лион” “Достойный”, “Вакула” сортундагы элита арпа үрөндөрүн себишип, баба-дыйкандарыбыз жыйнап алышкан. Демек, үрөн жагынан муктаждык болбойт. Дыйкандардын колунда калган керектелүүчү үрөндөр бар.
Быйыл буйруса 2084 гектар буудай, 869 гектар арпа, 5006 гектар жүгөрү, 115 гектар май өсүмдүгү эгилет. Экинчи наныбыз картошка 1929 гектарга, жашылчалар 732 гектарга, бахча 94 гектарга айдалат. Андан сырткары көп жылдык чөптүн аянтын кеңейтүүгө тийишпиз. Жаңы жана эскиси болуп, көп жылдык чөптүн жалпы аянты 18490 гектар болмокчу. Тоютту мол камдап алсак, албетте, малыбыз семиз, сүтүбүз мол болот.
— Былтыр ирригациялык жана сугат тармагын каржылоо да жакшы болгон. Ошондой эле жамгыр да ойдогудай жаап берип, ташка чейин чөп чыккан. Сугат сууга болгон муктаждыктар кадимкидей кыскарган. Быйыл жылыбыз кандай болор экен?
— Аба ырайы жарашса албетте, талаачылык иштер үзгүлтүккө учурабайт. Жараткан табигый кырсыктардан сактасын. Жетиштүү сугат суусуз мол түшүм алуу өң тургай, түшкө кирбес. Райондук суу чарба башкармалыгына караштуу 112 чакырым чарба аралык каналдар, айыл өкмөттөрүнө тиешелүү 291,32 чакырым ички чарбалык каналдар бар. Айтканыңыздай эле 2022-жыл сугат тармагындагы жемиштүү жылдардан болуп калды. Суу чарба башкармалыгына 22,8 млн сом акча каражаты бөлүнүп, нечен жылдап козголбой келген не деген иштерди илгерилетип алдык. Насостук бекеттердеги насостук агрегаттар, насостор, моторлор алмаштырылды. Тегерек участогундагы суу сактоочу БСР толук капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ички чарбалык каналдарды механикалык тазалоо үчүн райондук өнүктүрүү фондунан каржылык колдоо көрсөтүлдү. 7110 литр күйүүчү май алуу үчүн 497,700 миң сом каражат берилди.
Былтыркыдай колдоо иштери быйыл да уланууда. Сугат тармагын чыңдоого быйыл 20,5 млн сом каралып жатат. Учурда айыл аймактарда ички чарбалык каналдарды тазалоо иштери кызуу жүрүүдө. Канал жээктериндеги пайдасыз бак-дарактар кыйылууда. Каржы жагынан колдоо төп келип турса, сугат тармагына тийиштүү иштерди илгерилетүүгө мүмкүнчүлүктөрүбүз жетет.
— Жаз жылмаяры менен көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери башталат. Тилекке каршы, жүздөгөн көчөттөрдүн баары тегиз көктөбөй, кайран мээнеттерибиздин текке кеткенине кейип калмайыбыз бар. Былтыркы жашылдандыруу иштериңиздерден кабарыңыздар барбы?
— Былтыр 22700 түп ар кандай бак-дарактардын көчөттөрү олтургузулган. “Жашыл мурас” Улуттук дөөлөтүбүздүн алкагында 8,34 га жерге 9486 түп көчөттөр отургузулган. Өз учурунда райондук штабдын курамы көчөттөргө көз салып мониторинг жүргүзүп турушту. Мээнетибиз талаага кетпеди, 95 пайызы көктөп берди.
Быйылкы көктөндүрүү иштери боюнча 1-мартта акимчиликтин №80 буйругу чыккан. Жашылдандыруунун 3 айлыгына ар бирибиз тартылабыз. Ишембиликтер уюшкандыкта өткөрүлөт, бардык мекеме-ишканалардын, мектеп, медициналык тармактардын жамааттары тегиз катышат. “Жашыл мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында 13,25 га аянтка 8200 түп ар кандай көчөттөр олтургузулат. Олтургузулганы бир тең болсо, аларга камкордук көрүү да бир тең.
— Башынан айтып келгенибиздей суу жарыктык жаратылыштын кайталангыс байлыгы экени талашсыз. Суусуз айдаган жер-жемиш, өсүмдүктөр, кылкандуу дан эгиндерибизден мол түшүм алалбайбыз. Суусуз “Жашыл мурастарыбызды” да укум-тукумдарыбызга калтыруу калпыс. Атаганат, ден соолугубуз начарлап, оорунун 99 пайызы ичкен сууларыбыздын айынан (кирлигинен) пайда болорун кантип эстен чыгарабыз?! Таза суу маселесин чечүү боюнча жасап жаткан аракеттериңиздерге токтолуп кетсеңиз?
— Токтогул районунда 45 айыл бар. Өкүнүчтүүсү 13 айылда таза суу жок. 2005-2007-жылдары таза суу менен камсыздоо боюнча бурулуштар боло баштаган. АРИСтин каржылоосу жана элдин салымы менен Чолпон-Ата айыл аймагынын Ак-Тектир, Абды Сүйөркулов айыл аймагынын Кара-Жыгач, Үч-Терек айыл аймагынын Жетиген айылдарынын таза суу боюнча курулуштары кулач жайган. Негизинен суу түтүктөрү реабилитацияланган. Бүгүнкү күндө ичүүчү таза суу менен камсыз болушкан. Ошондой эле 2021-жылы Үч-Терек айыл аймагынын Үч-Терек айылынын таза суу курулушуна 93 млн сом жумшалып, 21 чакырым жерге, Саргата айылынын таза суу курулушуна 85 млн сом жумшалып, 19 чакырым жерге, Кызыл-Ураан айылынын таза суу курулушуна 67 млн сом жумшалып, 26 чакырым жерге таза суу тартылган. Аталган таза суу долбоорлорун Ислам өнүктүрүү банкы каржылаган. Учурда негизинен куруу иштери аяктап калды, жакын арада пайдаланууга берилет.
Былтыр Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Көтөрмө айылынын таза суу боюнча долбоорлоо-сметалык иш кагаздары экспертизадан өткөрүлгөн. 58 млн сом каралууда. Куруу иштери башталды.
Районубуздун борбору Токтогул шаарында 1-транш аяктоонун алдында турат. Жалпы сметалык баасы 5,2 млн евро, мындан 3 млн евролук жумуш аткарылды. (Башкы суу коргону 100% бүткөн). Жакын арада 2-траншы башталмакчы.
Быйыл таза суу менен камсыз болуучу Мазар-Суу, Кушчу-Суу, КараСуу, Арал, Толук, Терек-Суу, ЧоңАрык, Торкен баш болгон Өзгөрүш, Көк-Кашат, Камыш-Башы айылдарынын саатын чыгаруу үчүн аракеттенип жатабыз. Кызыл-Өзгөрүш, Кара-Күңгөй айылдары Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу каржыланат. Ал эми Корея өлкөсүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен 10 айылга таза суу курулушу кулач жаймакчы. Аталган айылдардын тиешелүү иш кагаздары даяр.
— Жер иштетип мал баккан баба-дыйкан фермерлерибиз кийинки кезде балык өстүрүүгө өзгөчө көңүл бура башташты. Балыкчылар тууралуу сөздү улантсак…
— Район боюнча 2020-жылга чейин 3 гана балык чарбасы болгон. Бүгүнкү күндө 7 балык чарбасы уюшулуп, жалпы саны 10го жетти. Дагы 3 балык чарбасы жаңы уюштурулуп жатат. Жаңы уюшулган “Максимум Фиш” ЖЧКсы балык чарбасына сырттан инвестиция тартып келүү менен Токтогул суу сактагычына садок орнотуп, балык багуу үчүн атайын долбоору боюнча ишин баштап жатышат. Долбоор боюнча Токтогул суу сактагычынын жээгине инкубациялык цех курулуп, кубаттуулугу 10 миллиондон 50 миллионго чейин чабак өндүрүп, суу сактагычка коё берип, балыктын сапатын көтөрүү, көлөмүн көбөйтүү боюнча эмгектенишүүдө. Келечекте балыкты иштетүүчү, ыштап кургатуучу жана жемин өндүрүүчү цехтерди курушмакчы. Балык өндүрүүнү 5000 тоннага чейин жеткирүүнү көздөшүүдө. Бул тилектер чек эмес. Токтогулдун балын кандай чет өлкөлүктөр таңсык кылышып жогору баалап келишсе, балыгыбыздын да баркы, баасы көтөрүлөрүнө ишенебиз.
— Инвестицияларды тартуу табындабы? Кандай кадамдарды жасап жатасыздар?
— Бул багытта райондун жана айыл аймактардын инвестициялык паспорттору түзүлгөн. Жаңы ишканаларды ачуу, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 29,8 гектар жер трансформацияланган. Былтыр жыл этегине чейин 23 жаңы ишкана, ал эми 2021-жылы 13 ишкана ачылган. 221 туруктуу жумушчу орун түзүлгөн. 2021-жылга салыштырсак 10 жаңы ишканага, 163 жаңы жумушчу орунга көп болгон.
Былтыр 3 млрд 888 млн сом инвестиция тартылган. Мунун ичинен ички инвестиция 2 млрд 72 млн сомду түзгөн. Ал эми сырткы инвестиция 1 млрд 816 млн сомго жетип, өсүү темпи 103,6 пайызга жеткен. Ар бирине токтолуп олтурсак, сөз узак. Айтарлык инвесторлордун сап башында “Максимум-Фиш” жоопкерчилиги чектелген коому, “Асанабил”, “Ассафа”, Катар Араб кайрымдуулук фондулары турат. Ошондой эле Япониянын ЛСА агенттигине кандай мактоону арнасак жарашат.
Алдыда аткара турган максаттарыбызды негизинен айтып өттүк. Элдин ынтымак, ырашкерлигин бекемдеп, ийгиликтерди арттырууга бардык күчүбүздү жумшай бермекчибиз.
Айчүрөк МАКЕШОВА
№19 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-марты