Кечээ Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү тармагын реформалоо боюнча форумга катышты.
Анда аталган форум бул системаны өркүндөтүүнүн бирдиктүү жолун аныктоо үчүн маанилүү аянтча экенин белгилеп, реформалоонун негизги беш багытына токтолду.
Биринчи багыт окуу программаларын эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайыкташтырып, толук кайра карап чыгуу.
“Учурда биз эле эмес, өнүккөн өлкөлөр заманбап билим берүү системалары жасалма интеллекттин жалпыга жеткиликтүүлүгү боюнча даяр эместигине туш болуп жатышат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү мектептер жана университеттер үй тапшырмаларына, рефераттарга жана дилбаяндарга болгон мамилени толугу менен кайра карап чыгууда, анткени Chat GPT сыяктуу программалар бир нече секунддун ичинде эң жогорку сапаттагы тексттерди чыгарат” деди Акылбек Жапаров. Өнүккөн өлкөлөрдү акырындап жана этап менен кууп жетүү идеясынан баш тартуу керектигин, азыр жалгыз жол – секирип өтүү экендигин, Президент дал ушул ачылышты өнүктүрүү милдетин коюп жаткандыгын белгиледи.
Реформалоонун экинчи багыты катары окутуунун сапатын жогорулатуу экендигин айтты.
Мугалимдерге профессионалдык жактан өсүүсүн жана квалификациясын жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү зарылдыгы тургандыгын, окутуунун заманбап ыкмаларын киргизүү алардын окуучуларына чыныгы насаатчы болуусуна жардам берет.
Үчүнчү багыт бул — инфраструктураны өнүктүрүү жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү.
Акылбек Жапаров белгилегендей, бардык окуучуларга алардын жайгашкан жерине жана социалдыкэкономикалык абалына карабастан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу маанилүү. Билим берүү жана илим министрлиги “Мектеп” басмасын кайра жандандырып, дүйнөнүн булуңбурчунан келген окуу китептерин биздин мектептерде окутууга жана ишке киргизүүгө ылайыкташышы керек.
Ал эми төртүнчү багыт билим берүүгө ийкемдүү мамилени киргизүү.
“Балдарыбыз дүйнөлүк эмгек рыногунда ийгиликтүү жана татыктуу атаандаштыкка ээ болушу үчүн алар тез өзгөрүп жаткан шарттарга ыңгайлаша билиши керек. Онлайн курстар, модулдук окутуу жана өмүр бою билим берүү сыяктуу билим берүүнүн ийкемдүү формалары биздин жарандарга эмгек рыногундагы өзгөрүүлөргө жана алардын кызыкчылыктарына ылайык көндүмдөрүн жана билимдерин өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет” деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Реформалоонун бешинчи жана эң маанилүү багыты катары, чыгармачылык жана сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандырууну белгилеп, “Заманбап маалымат дүйнөсүндө маалыматтарды талдоо, негизделген чечимдерди кабыл алуу жана командада иштөө өзгөчө маанилүү. Окуучуларыбыздын чыгармачыл жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө түрткү берүү үчүн биз окуу процессине долбоордук окутуунун элементтерин, кейсметодун жана талкуу форматтарын киргизишибиз керек” деди.
Ал биргелешкен күч-аракет менен жогорудагы негизги беш кадамды ишке ашырууга жана өлкөбүздө билимдүү муунду жана күчтүү адистерди даярдоодо олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө болот деген ишенимин билдирди.

