"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров Азербайжандын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров менен Азербайжандын премьер-министри Али Асадовдун телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.

Акылбек Жапаров Али Асадовду Азербайжандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери боюнча тыгыз жана жемиштүү иштөөгө даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!