«Бишкек мэри Айбек Жанышбекович эгерде I квартал ичинде жолдордогу тыгын маселесин чечпесе, иштен алынат”, — деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, өлкө жетекчилиги эгер зарыл болсо, маселени чечүү үчүн каражат бөлүүгө даяр.
Эскерте кетсек, Айбек Жунушалиев Бишкек мэри болуп 2023-жылдын 31-октябрында дайындалган.

