"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров Борбор Азия жана Азербайжандын мамлекеттик академияларынын ректорлорун кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжан Республикасынын мамлекеттик академияларынын ректорлору, Ханнс Зайдель атындагы Фондунун өкүлдөрү менен жолугушту .

Жолугушуунун жүрүшүндө заманбап дүйнөдө мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик кызматты өркүндөтүү багыттары, мамлекеттик кызматкерлерге билим берүү маселелери, мамлекеттик кызматтын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары электрондук өкмөттү түзүү, мамлекеттик башкаруунун жаңы концепцияларын жана борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарында мамлекеттик кызматтын стандарттарын иштеп чыгуу маселеси талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле аткаруу бийлигинин жаңы структурасынын алкагында Кыргыз Республикасынын тажрыйбасын жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты.

Белгилей кетсек, жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын 30 жылдыгын жана Кыргыз Республикасындагы Ханнс Зайдель Фондунун долбоордук ишмердүүлүгүнүн 20-жылдыгын белгилөө алкагында уюштурулду.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!